КОЙ
(21.03–20.04)
Бул апта сиз үчүн компромисстердин убактысы болот. Айрыкча түгөйүңүз менен мамиледе гармония болушу үчүн компромисске барууга туура келет. Бир нерсе жасоодо көпчүлүктүн жардамына таянбастан, өз күчүңүздү колдонсоңуз ийгиликке жетесиз. Апта ортосунда башкалардын сүйлөгөн сөзүнө сабырдуу болуп, терс пикир айткандан карманыңыз. Бойдокторду кызыктуу жана кооз романтикалык күн күтүп турат. Жалпысынан бул апта сизди өкүндүрбөйт.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Көбүрөөк үй тиричилигине көңүл бөлүүгө туура келет. Балдар, мектеп, бала бакча, үй жумуштары болуп отуруп күндөр алмашып, апта кантип өткөнүн байкабай каласыз. Бойдоктор күнүгө көрүшүп жүргөн адамдарга көз салышы керек, мисалы, кесиптештерге же спорт залдагыларга, же башка. Жумушта майда-чүйдөгө көңүл бөлүңүз, кичинекей нерседен чоң көйгөй жаралуусу мүмкүн. Энергияны тонуста кармоо үчүн күнүгө таң эрте физикалык көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Эгиздер үчүн чыгармачылыктын жана романтиканын убактысы. Маанайыңызды көтөргөн окуялар көп болот. Иш-чара, корпоратив, конференция, презентация сыяктуу көпчүлүк катышкан жайларда активдүү болсоңуз, өзүңүздүн чыгармачыл потенциалыңызды көрсөтө аласыз. Каржы тармагында күтүүсүз жерден чыгашалар орун алат, кимдир бирөөгө белек-бечкек сатып алышыңыз күтүлөт. Бул күндөрү жүрөгүңүз сүйүүгө ачык, андыктан сизге ар тармактуу сүйүү тартылат.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Карьераңыздан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн абройлуу адамдар менен таанышууңуз мүмкүн. Жүрөгү бош бөйөндөргө түгөй издөөдө бардык эле сунушка макул болбоо сунушталат. Шашып жатып туура эмес адамды тандап албаңыз. Суукка урунуу коркунучу бар, андыктан аба ырайына ишенбей, жаныңызга дайыма жылуу кийим ала жүрүңүз. Урушуп кеткен адамдардын ортосуна көпүрө болуп, арачынын ролун аткарышыңыз ыктымал. Кудалыкка чакыруу кагазын алышыңыз мүмкүн.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү сиз үчүн ийгиликсиз болушу ыктымал. Колуңуздан бир нерселер түшүп, макулдашылган нерселер ишке ашпай, кечигип, унутуп деген сыяктуу... Бул күндөрдөн өтүп кетсеңиз, баары ордуна келет. Жумушта лидерлик сапатыңызды көрсөтө аласыз, көп иштерди чечкенге туура келет. Жетекчилик кызматтагылар өзүн да, кол алдындагыларды да аябай иштетишет. Жумуш деп эле жүрө бербей, көңүл ачууга, жеке жашоого да көңүл бөлүңүз, буга дем алыш күн ылайыктуу.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Байланыш, керектүү маалыматтарды алуу, чыгармачылык активдүүлүк жана демилге үчүн ыңгайлуу мезгил. Анан да саякатка чыгам дегендердин сапары байсалдуу болмокчу. Бул аптада энергияңыз мол болот, бир топ ишти бүтүрүүгө жетишесиз. Апта ортосу өзгөчө ажарыңыз ачылат, көпчүлүккө татынакай, келишимдүү болуп чыга келесиз. Көп комплимент да угушуңуз күтүлөт. Каржы тармагында чыгашалар болот, бирок керектүү нерселерге гана жумшалат, кам санабаңыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Каржы тармагын иретке келтирүү убактысы. Чыгашаларды тапкан айлыгыңыз жаппай, жетпей жатса, анда жумуш которууну ойлонуп көрүңүз. Жеке жашоодо баары туруктуу. Түгөйүңүзгө жагымдуу сюрприз жасап кубантсаңыз болот. Бул аптадагы психикалык абалыңыз маанайыңыздан, материалдык коопсуздуктан, өзүңүзгө болгон ишенимден көз каранды. Айрымдардын көз оорусу тынчын алып, окулистке баруусу мүмкүн. Дем алышта достордун бири менен жолугасыз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Чаяндар бул аптада жеке жашоосуна, айрыкча махабат тармагына көбүрөөк көңүл буруусу зарыл. Түгөйлүүлөр жан биргеси менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө, аны менен чечилип сүйлөшүүгө аракет кылуулары зарыл. Ал эми бойдоктор мурдун чүйрүбөй, жандап жүргөн адамга көңүл салып, анын жакшы жактарын көргөнгө аракет кылса жакшы. Жаныңыздагылардын бири кичинекей ката кетирсе да сиздин катуу сынга кабылуусу мүмкүн. Финансы тармагы туруктуу абалда.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жаачылар бул аптаны жумушка, досторуна, жакындарына арнайт. Жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, айтор, ызы-чуулуу компанияда жүрөт. Андыктан энергиясы азайып, кийинки аптага чарчаңкы абалда баш багышы күтүлөт. Аптанын ортосунда көптөн берки кыялыңыз ишке ашып кубанасыз. Бойдоктор сүйүктүүсүн алыс кетпей дос деп жүргөн адамынан табуусу мүмкүн. Каржы тармагында күтүүсүз киреше кириши күтүлөт. Апта аягы бирөөлөрдү достоштуруу миссиясын аткарышыңыз ыктымал.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жумушта максатка жетүүдө жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алышыңыз мүмкүн. Бирок ал максатты ишке ашырам деп насыя же карыз алгандан алыс болуңуз. Апта ортосу жумушуңузда эмгегиңиздин жемишин көрөсүз, үйүңүздөгүлөр сиз менен сыймыктанышат. Айта албай жүргөн сырларды бир туугандар менен бөлүшкөнүңүз туура, алар жакшы кеңеш айтышат. Кайтарымы жок чыгымга учурабайын десеңиз, конокко чакыруулардан баш тартканыңыз оң, алар таарынат деп ойлонбоңуз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Окуу, билим тармагында жүргөндөр үчүн айрыкча жагымдуу апта. Окуп, көп нерсеге көзүңүз ачылат, билим кампаңыз кеңейет. Келечек жөнүндө сүйлөшүп отуруп жөн жерден түгөйүңүз менен пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Эмоцияга алдырбай, сеники туура деп коюңуз. Каржы тармагында пландан сырткары окууга байланыштуу чыгашалар орун алышы күтүлөт. Апта соңу кимдир бирөөгө кеңешчи, устат катары жол көрсөтүшүңүз ыктымал. Дем алыш тынч, үйдө өтөт.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Карызды жабуу, насыя төгүү сыяктуу көйгөйлөр менен алек болууңуз мүмкүн. Жеке жашоодо түгөйүңүздөн эч нерсе жашырбай, калп айтпаңыз. Болбосо билинип калып, чоң чыр чыгышы мүмкүн. Бойдоктор жактырып жүргөн адамына сезимин ачыктабаса, башкага алдырып жиберүүсү мүмкүн, чечкиндүү болуңуз. Жумушта кесиптештердин жардамына кайрылыңыз, эмне жумуш болсо да оңой бүтөт. Дем алышты жалгыздыкта эмес, жакын адамдардын курчоосунда өткөргөн жакшы.