Адам кээде: жакынын жоготкондо, узакка ооруганда, карыздан кутулуу кыйындаганда “Эми эмне болот?” деп белгисиз коркунучка кабылат, тынчсызданат. Коркунучка туруштук бере албай убак-убагы менен жүрөктүн лакылдап согушу, аба жетпей муунгандай абал, денени калтырак басуу жаралышы мүмкүн. Мындай абал ого бетер чочутуп, “өлүп каламбы?” деп коркот. Бул эмне болгон абал? Зыяны канчалык? Андан кантип арылууга болот? Психолог Анара Кадырова менен бирге бул суроолорго жооп издейбиз.
Коркунуч мээде гана жаралат
Паника – байыркы гректердин сөзү. Пан Кудайынын ысымынан аталган. Уламыштар боюнча, Пан мүйүздүү, бут кетменинин ордуна эчкиникиндей туяктуу болгон. Токойдо жашап, өтүп бара жаткандардын, сейилдеп же аң уулап жүргөндөрдүн алдына күтүүсүз чыга калып, аларда катуу коркууну жаратчу экен. Ошондуктан азыр биз сөз кылчу синдромго анын аты ыйгарылган.
Паникалык атака – бул дайыма күтүүсүз, себепсиз жерден пайда болуп, канча бир убакытка созулчу күчөгөн коркунуч, тынчсыздануу. Башкача айтканда, адамдын психикасында коркуу, чочулоо күчөй түшкөндө пайда болгон приступ. Буга жашпы, карыбы, туш келген адам кезигиши мүмкүн. Приступ 1 айда же 1 күндө бир, же бир нече жолу кармашы мүмкүн. Узактыгы орточо эсеп менен 5-30 мүнөткө чейин созулат. Айрымдарда бул бир нече айларга созулуп кетет. Кээ бирлерде унутулуп баратканда кайра кайталанып бир нече жылдап жүрөт.
Адамдын психикасында коркуу, чочулоо күчөй түшкөндө канга стресстин гормондору болгон адреналин менен норадреналин куюлат. Андыктан пульс менен артериалдык басым жогорулайт, дем алуу ылдамдайт, катуу коркуу, тынчсыздануу жаралат, буларды адам өз эрки менен баса албайт. Паникалык атакада коркунуч мээде гана жаралат, реалдуу жашоодо чыныгы коркунуч жок.
Оору эмес, симптом
Паникалык атака оорулардын катарына кирбейт, болгону симптом. Адамдын дени соо, бирок ичиндеги коркунуч, коркуу сезими менен күрөшө албайт. Адам мындай абалда 1-2 жылдап жүрө берсе, психикалык бузулуу жаралышы мүмкүн. Бул симптомго туш болуу үчүн адам узак убакыт бою бир нерседен тынсызданып, коркуп, чочулоо абалында жүрүшү керек. Мындай коркунуч жашоого коркунуч туудурбаганы менен, жашоонун сапатын төмөндөтөт. Паникалык атаканы бир нече жолу баштан өткөргөндөн кийин адам кийинки приступту күтүп коркуп жашап калышы мүмкүн. Пристубум кармайт деп өзүн ыңгайсыз сезген жерден, мурун өзү коркуп калган абалга чалдыгуудан качат. Мисалы, ээн жерден, эшик-терезелери жабык караңгы бөлмөдөн, учактан, лифттен оолактайт. Паникалык атака жалгыз калганда, тойдо отурганда, унаада баратканда, учакта жана башка жерде деле кармай берет. Айрымдар өзүнүн дайынын таба албай ары-бери басат, ар кимдин тынчын алат. Эмнеге минтип жатам, ооруга чалдыктым окшойт деп врачтарга барышы мүмкүн. Коркуп “Тез жардам” чакыргандар да кездешет.
Паникалык атаканын белгилери
• Жүрөктүн дүкүлдөп, пульстун лакылдап бат-баттан согушу
• Баштын чыңалып ооруп чыгышы, баш айлануу, ооздун кургашы, кара тер басуу
• Көкүрөк туштун сайгылап оорутуп, аба жетишпей муунуп бараткандай сезилип, бат-бат дем алып баштоо
• Өлүп каламбы, эмне болуп кетет деп коркуу
• Денени майда калтырак басуу, кол-буттардын чымырашы же сайгылашуусу
• Өзүмдү башкара албай каламбы, кулап каламбы деп кыймыл жасагандан коркуу
• Уйкусуздук
• Айрым учурларда көңүл айлануу, кусуу
Стресс, фобиялар себеп болот
Симптомдун жаралышынын себептери булар:
• Стресстер. Үй-бүлөсүндө кимдир бирөөнүн каза болуп же олуттуу ооруп калышы, ажырашуу, жакшы көргөн адамынын таштап кетиши же чогуу иштешкен адамынын сатып кетиши, банктан алган карызын төлөй албай калуу, кайсы бир себеп боюнча сурак берүү жана башка.
• Адамдын узакка ооруп, айыгышы созулуп, үйдө жалгыз калышы. Мындайда “эми эмне болом, айыкпай каламбы, өлөмбү?” деп стресске түшөт.
• Айрым оорулар. Мисалы, бронхиалдык астма, тиреотоксикоздо оору пристубу кармап, дем алуу кыйындап, муунганда адам “өлөт окшойм” деп корко берет. Аритмия, гипертония, инсульт, инфарктка кабылгандарда да паникалык атакага кабылуу коркунучу чоң. Анткени айрымдары оорусу кармаганда өлүм коркунучу жакындагандай коркуп, чочулай беришет.
• Психоактивдүү заттарды, ичимдикти, кофеинди ашыкча колдонуу.
• Тукум куучулук.
• Фобия. Мисалы, ээн жерде баратып оорусу кармап, жардам берер адам чыкпай катуу кыйналгандар кийин ээн жерден жүрбөй коркуп калышат.
• Нервдин чарчашы.
• Автокырсыкка кабылуу. Мисалы, бир жолу жол кырсыгына кабыла жаздаса же кабылса, кийин унаага отурары менен ошол окуяны эстеп корко берет. Жыйынтыгында паникалык атака жаралат.
Психологиялык сеанстар жүргүзүлөт
Жогоруда аталган белгилер сизде пайда болуп, аны менен күрөшө албай узактан бери келе жатсаңыз, психологго кайрылыңыз. Дарылоо өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Психолог адегенде адамдын өнөкөт оорусу бар же жогун тактайт. Оорусу болсо ошого жараша кардиологго, невропатологго же башка врач адиске дарыланууга жиберет.
• Сиздеги коркууну күчөтүүчү факторлорду аныктап, тактап чыгат. Психологиялык сеанстарды жүргүзөт, нервди тынчтандыруучу каражат, витаминдерди жазып берет. Биологиялык активдүү кошулмаларды, массажды да кошушу мүмкүн. Айта кетчү нерсе, нервди тынчтандыруучу дарыга көнбөө керек. Анткени ага көнүп алса, ошол дары жанында жок кезде кайра паникалык атака башталат.
• Приступ кармаганда жасалуучу, коркууну жеңип кетүүгө боло турган көнүгүүлөрдү, туура дем алууну жана башкаларды үйрөтөт. Мисалы, терең дем алып, демди бир аз кармап, акырын чыгаруу. Айланадагы буюмдарды санап же башка нерсеге алаксуу. Муздак суу ичип, өзүнө келип алуу жана башка.
• Жаман ойлорду ойлобой алаксуу үчүн спорт, йога, медитация менен алектенүүгө кеңеш берет.
• Кофе, чай ичүүнү болушунча азайтууну сунуштайт. Булардын ордуна шире, суу же башканы ичүүнү адатка айлантуу кажет.
Канымжан Усупбекова