Кээ бир спортчулар карьерасын катар-катар жеңилүүлөрдөн кийин аяктайт. Ал эми балбан Азизхан Мусабек уулу спорттон алтын медаль тагынган абалда кетти. Тагыраагы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чемпион болгондон кийин спорттук карьерасына чекит койгонун жарыялады. Мындай чечимге эмне себеп болгонун каарманыбыз маекте ачык айтып берди.
– Азизхан мырза, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында да, жабылышында да негизги каарман болдуңуз. Адегенде улуттук курамды баштап чыксаңыз, аягында эстафетаны башка өлкөгө өткөрүп бердиңиз. Ушул окуялар тууралуу айтып берсеңиз...
– Ооба, бул жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны болдум. Параддан өтүүдө желекти көтөрүп чыктым. Андан кийин Кудай буюруп кыргыз күрөшүндө алтын медаль уттум. Анан Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине бир күн калганда мага “көөкөрдү тапшырасың, даярданып кел” дешти. Бул чоң ишеним жана сыймык болду.
– Өлкөнүн жоопкерчилиги моюнда турганда толкундануу болот да?
– Көөкөрдү (ред.: Көчмөндөр оюндарынын эстафетасы) тапшырууда анча толкундануу болгон жок, бирок желекти көтөрүп чыкканда катуу толкундандым. Беттештер баштала электе эле мага желекти көтөрүп чыгуу бактысы туш келгенде чоң жеңишке жетишкендей сезим болду. 3000 спортчунун ичинен тандалдым, бул чоң жоопкерчилик, албетте. Жоопкерчиликтен улам уйку жакшы болбой жатты, анткени өзүм капитан болсом, күрөшүм кандай болот деп кыжалат болуп жаттым. Күрөш бүткөндөн кийин аябай жеңилдегенимди сездим. Алтын медаль уткандан кийин чарчоонун баары унутулду.
– Абдан жакшы деңгээлде өттү. Судьялык курам да эч кимге тарткан жок, баары адилет чечилди.
– Бул оюндарда алтын медаль уткан соң чоң спорттон кеттим деп жарыяладыңыз. Буга эмне себеп болду?
– Чечимди мурун эле чыгаргам. Бирден бир себеби – спорттон адам байыбайт экен. Ийгиликтерге жетиштим, Азиянын, Дүйнөнүн чемпиону болдум. Эл аралык күрөштөрдө ийгиликке жетиштим. Бир гана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан алтын ута элек болчумун. Мурунку Көчмөндөр оюндарынын алдында эң жакын адамым – апам дүйнөдөн өтүп кетти. Апам “сенин таятаң Чүкө балбан болгон, сен Көчмөндөр оюндарында алтын тагынышың керек” деп көп айтчу. Апамдын ушул сөзү үчүн “эмкиде чемпион болушум керек” дегем. Изник шаарында болгон Көчмөндөр оюндарында экинчи орунду алып калдым. Астанада өткөн оюндарда үчүнчү орунга татыгам. Анан моралдык жактан чарчап кеттим, “кой, спортту жыйыштырып, үй-бүлөмдү жакшы карайын” деп ойлонуп жүргөм. Эмнеге тажадым? Анткени спортчуларга жакшы витаминдер керек, камсыздоо шарт, демөөрчү керек. Турмушта ал жакка тартсаң бул жакка, бул жакка тартсаң ал жакка жетпеген учурлар болуп турат. Ошондой убакта Айбек деген жердеш агабыз бар, ал “Азизхан, эмки Көчмөндөр оюндарына демөөрчү табабыз, сен чемпион болуп, анан кетишиң керек спорттон” деген. Ал мага демөөрчү болгон Айбек деген башка бир агабызды тааныштырды. Ошентип жакшы даярдандым. Ишеничти актап, апама берген убадама туруп, Көчмөндөр оюндарынан алтын медаль алып, анан спорттук карьерама чекит койдум. Эми үй-бүлөмө жакшы көңүл бурайын дедим. Анткени күнү-түнү машыгып жүрүп балдарымдын кантип чоңоюп кетишкенин сезбей калыптырмын. Байкасам, үй-бүлөгө бир аз эле көңүл бурам, кайра эле машыгууга кетем.
– 32 эле жаштасыз, эрте эмеспи кеткенге?
– Күчкө, акылга толгон жакшы курак. Менин спорттук карьерам мындан он жыл мурун башталган. Бул жылдар мен үчүн катуу өжөрлөнүп эмгек кылган дагы, жеңиштерге жетишкен дагы жылдар болду. Эң эсте калган күндөр, жаштыгым кетти. Эл бизнес кылып же окуп жүрсө, биз элибиздин желегин желбиретсек болду деген максат менен жүрдүк. Оор болду. Эл биздин жеңген учурубузду, кооз сүрөттөрүбүздү гана көрөт да, анын аркасындагы аябай көп мээнет, курмандык, чыңалуулар, көз жаштар көрүнбөйт. Утулдук, уттук, акыркы беш жылда жалаң чемпион болдум. Бирок жогоруда айтылган себептер менен чечим кабыл алдым.
– Апаңыз сиздин чемпион болоруңузга ишенчү экен да?
– Биз жөнөкөй үй-бүлөдөнбүз. Апам, үч эжем мага чоң колдоо көрсөтүштү. Үч эжем тең жогорку окуу жайды менин айымдан бүтүшкөн жок. Себеби – иштешти, “сен күрөш, элдин намысын ойлон” дешти. Азыр деле колдоп турушат.
– Атаңызчы?
– Тилекке каршы, атам жашообузда болгон жок. Апам экөө мен 1 жашымда эле ажырашып кетишкен экен. Кийин каза болуп калганда азасына бардым, бирок көзү тирүүсүндө бир да жолу жолуккан эмес элек. “Чемпионду ким тарбиялады?” деген суроого “Мени апам жалгыз тарбиялап ушул деңгээлге жеткирди” деп айтам. Көчмөндөр оюндарында жеңишке жетишкенде ыйладым, эмнеге дегенде апам көз алдыма элестеди. Ал бул жеңишти менден да катуу каалаган эле. Апамдын мени менен сыймыктанганын сезүү – мен үчүн эң чоң бакыт эле.
– Эмнеге кыргыз күрөшүн тандагансыз?
– Олимпиадалык спорттун келечеги бар, бирок кыргыз күрөшүн тандаганым – бул улутка кошкон салымым деп ойлойм. Көп жерде машыгып жүрдүм, эркин күрөш, дзюдо менен машыктым. Биздин балбандарды көрүп, кумир тутуп чоңойдук. Ошондой болсок деген кыялдар болду, менимче, ошол үчүн күрөштүн бул түрүн тандап алсам керек. Бирок мындан ары деле кеч эмес, дзюдо менен машыгып турам.
– Амалкөйлүк, кара күч же фортунабы? Спортчуда кайсынысы көбүрөөк ишке жарайт деп ойлойсуз?
– Капысынан утуп калышың мүмкүн эмес, сөзсүз мээнет керек. Акыл биринчи орунда, мүнөз андан да калышпайт. Анткени “мен эмнеге бул нерсени жасап жатам, максатым эмне?” дегенди так билишиң керек. Акыл болбосо миң күчтүү болсоң деле утулуп калышың мүмкүн. Анан техника, тажрыйба да чоң мааниге ээ. Анан жеңишке жетем деген ишеним болуш керек.
– Спортчунун жубайы болуш да кыйын болуш керек. Өзүңүз айткандай, машыгуулар, мелдештер... Жубайыңыз кандай айым?
– Жубайым дагы спортчу. Алыш бел боо күрөшү боюнча кыз-келиндер арасында эл аралык спорт чебери. Меникинен көп медалдары бар (күлүп). Дзюдо боюнча чебер, грэпплинг боюнча чебер. Андыктан мендеги эмоциялардын баарын түшүнөт. Үйдөгү аки-чүкүгө көп аралаштырбай, “сен машык, жеңүүчү бол” деп турат. Кээде болуп калат “эмнеге жакшы күрөшпөй койдуң?” деп ызаланып калат. Кудайга шүгүр, мага жакшы жубай туш болгонуна ыраазымын. Оштон болот, спорт чөйрөсүндө жүрүп таанышып, баш кошконбуз. Мени спортто апам, үч эжем, жубайым аябай колдошту.
– Мурда айрым спортчулардын бара-бара кылмыш дүйнөсүнө аралашып кетери айтылып жүрчү. Сизге да ошол тараптан сунуштар болгонбу?
– Сөздүн ачыгы, сиз айткандай көп спортчулар ошол жакка кирип кетишет. Башында айткандай, спортчу максатты бекем карманып, эмнеге бул тармакка келгенин жакшы түшүнүшү керек. Азгыруу бардык жактан болот, ага туруштук берүү зарыл.
– Бар болуңуз! Сизге мындан аркы жашооңузга да ийгиликтерди каалайбыз!
Нуржамал Жийдебаева