Биз социалдык тармакта

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ КИТЕП ТАРТЫШТЫГЫ МЕНЕН БАШТАЛДЫ

Өлкөдөгү орто мектептерде китеп тартыштыгы жаралууда. Айрым предметтер боюнча мектеп камсыздай албай, ата-энелер сатыктан китеп издеп жатышканы соцтармактагы талкуулардан көрүнүүдө. Кызыгы, мектепте жетишсиз болуп жаткан китептердин базарларда жана дүкөндөрдө ээн-эркин сатылып жатышы.

Бул кемчиликти Агартуу министрлиги да моюндады. Министрлик 15-сентябрда “Окуу китеби” басма үйү мекемеси тарабынан мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери эркин сатууга чыгарылбашы керектигин эскертти.                     - Учурда базарларда, дүкөндөрдө жана интернет булактарында мамлекеттик мектептерге арналган окуу китептерин сатуу фактылары катталууда. Буга байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМге расмий кайрылуулар жөнөтүлдү. Министрлик жеке жана юридикалык жактарды окуу китептерин мыйзамсыз сатпоого, таратпоого жана сатууга ортомчулук кылбоого чакырат,- деп жазылат маалыматта.

16-сентябрда укук коргоо органдары өлкө базарларында мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү баштады.                     

– ИИМ, УКМК жана Агартуу министрлигине жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын акысыз камсыздоого арналган окуу китептеринин эркин сатыкка чыгып кетүү фактысы боюнча кылдат текшерүү жүргүзүү, аталган окуу китептеринин базарга түшүп кетишинин булактарын жана жагдайларын аныктоо, басылып чыгарылган, берилген жана бөлүштүрүлгөн нусканын иш жүзүндөгү көлөмүнүн белгиленген буюртмаларга жана документтерге шайкештигин текшерүү тапшырмасы берилди,- деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

Эскерте кетсек, Агартуу министрлиги 2025-жылы 4 миллион 735 миң 870 даана окуу-методикалык комплекс басылып чыгып, мектептерге таратылганын билдирген. Ал эми 2026-жылы бүгүнкү күнгө чейин 3 миллион 172 миң 728 даана окуу-методикалык комплекс басылып, таратылганын кошумчалады. Учурда дагы 1 миллион 442 миң 815 даана басылууда. Жыйынтыгында, эки жылдын ичинде чыгарылган окуу-методикалык комплекстердин жалпы саны 9 миллион 351 миң 413 даанага жетет. Бирок мектептерде абал баягы бойдон, дагы деле китеп жетишсиз. Мектепке жетпеген китептин базарга чыгып кетиши көп суроолорду жаратты.

Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстанда 147 миңге жакын бала 1-класска кабыл алынды. Жалпы өлкө боюнча 2374 мектепте учурда 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Өлкөдө 97 миңге жакын мугалим эмгектенүүдө.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1239, 18-24-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан