33 жаштагы айымдын өлүмү, артында калган кичине наристелер, эненин көз жашы, бир туугандардын күйүтү... Бул нерселерди жазбай койгонго кудуретибиз жетпеди. Гүкүн эже кызынын тагдырын башынан айтып отурду.
“БИРИНЧИ ЖАҢЫЛУУ”
– Айтматовдун каарманы Толгонайдын айткандарын көп эстейм. “Мендей болуп эч бир эне ыйлабасын, эч бир адам уулунун ордуна поезддин жолун кучактап өксүбөсүн” дейт го. Мен дагы “кызын жоготкону аз келгенсип, неберелерин жыттай албай армандаган эне болбосун” деп айткым келет.
Кээде кызымдын тагдырына өзүмдү да күнөөлөп кетем. Жазгүлүм балдардын улуусу болгондуктан, күйүмдүү, боорукер эле. Окуп жүргөндө казак жигити менен көңүлү табышып калды. “Кызым, сага али эрте. Анын үстүнө казак экен” десем, ал балалыгы менен тигиге айтып коюптур. Аз убакытта эле “ала качып кетти” болуп, экөө жашап калышты. Бирок алдыбызга ата-энеси, ага-тууганы, эч ким басып келген жок. Ошондо эле сезсемчи?!
Кызымдын жүдөп, ар кимдикинде жашап, сабактарына жетишпей жатканын көрүп, үйгө чакырганга аргасыз болдум. Күйөө балам намыс кылбай, биздин үйдүн тургунуна айланды. Кээде 10-15 күн жоголуп кеткен жоругунан улам аркасында бир иш бар экенин билип жүрчүмүн. Бир күнү күйөө баламдын башка үй-бүлөсү бар экенин, 5 баланын атасы экенин уктум. Кызым эмне кылсын, көз жашын төгүп, намыстан өрттөнүп жүрдү. Жараатына тийбегенге аракет кылганым менен, бир жыйынтыкка келиш керек эле. Акыры ачык сөзгө чыктык. “Эки үй-бүлөдө жүргөн адам азбы? Жок дегенде башка батирге чыгарып коюп, жашай бер” дедик. Ал ошол боюнча кайрылган жок. Ал учурда кызымдын бир айлык боюнда бар экен.
“ӨЗҮМ ТАГДЫРЫНА БЫЧМАЧЫ БОЛДУМ”
– Арадан жылдар өттү. Жазгүл окуусун ийгиликтүү аяктап, жакшы жумуштарда иштеди. Долбоорлор менен иштеп, чет мамлекеттерге да тынбай чакырылып жатты. Француз, немис, англис тилдерин билчү. Байкасам, байкуш кызымдын жашоосунда жумуш жана уулунан башка эч нерсе жок. Энемин да, кызымдын ушул боюнча жалгыз калышын каалабадым. Жигитке деле көңүлү келбей, өзү менен өзү болуп жаш күнү өтүп баратканына кайдигер карай албадым. Өзүм себепкер болуп жатып экинчи күйөөсү менен тааныштырдым. Жүрөгү сездиби, “апа, көңүлүм чаппай жатат, жөн эле койсокпу...” дегени эсимде. А мен кургур болбой алдап-соолап көндүрүп жаттым. Бактысына эмес, шоруна байлап жатканымды билсем кана?! Тагдырданбы, маңдайына жазганданбы, Жазгүлдүн бул күйөөсү да жакшы чыккан жок. Кээде “кызымдын жакшы маянасына эле кызыгып алганбы...” деп ойлоп жүрдүм.
Күйөө балам подполковник, көчүп жүргөнгө ылайыкташкан неменин үй-жайга карамы жок чыкты. Үйлөрү жок болгондуктан, кайрадан биздин үйдө жашашты. Орто жерден Сүйүнбектин Анипа аттуу аял менен көңүлдөш болуп алганы билинди. Ал бай аял экен, аны күнүгө ар кандай машина менен келип таштап кетчү. Бир үйдө жашап жаткан соң укпайын десең да угулат тура. Бир күнү кызым боздоп: “Бул эмне кылганың? Жок дегенде ата-энемден ыйбаа кылсаң боло. Токтотчу бул кылыгыңды!”- деп ыйлап жатат. Тигинин “ал мага акча берип жатат, а сен...” деп жаман сөздөр менен ашатып сөгүп жатканын уктум. Өз бармагымды өзүм тиштеп, ичим ачышып кетти. Отура албай сыртка чыга качтым. Сүйүнбек жулунуп сыртка чыгып бараткан экен. “Токто, балам. Ташты, топуракты кесир кылсаң да, башыңа тиет. А сен эки адамды кесир кылып жатасың (бул кезде кыздуу болуп калышкан). Тизгиниңди тарт”,- дедим. Тиги оңурайып карап алып чыгып кетти. Үйгө кирсем, кызым ыйлап жатыптыр. “Эки жолу ажырашкандар азбы? Балам, кетирчи муну. Жүрөгүңдү мынча ооруткан адам жыргатмак беле?” дедим. Кызым “улам бир баланы кучактап эле төрүңдө отура бермек белем, апа? Мен эми артка кайтпайм” деп мени кучактап өксүп ыйлады. Ошентип, Сүйүнбектин таягына да, кыял-жоругуна да чыдап, эки бала төрөп, 4 жыл жашады.
“МОДА СӨЗДӨР”
– Азыр “аферист”, “альфонс” деген сөздөр мода болгон турбайбы. Менин күйөө баламдын жоругун айтып берсем, элдер ушул эки сөздү айтышты. Бир мисал, Сүйүнбектин атасы рак оорусуна чалдыгып калды. Ошондо карабаган атасын кийин эле шаарга алып келип каркыттап калса болобу? Көрсө, атасынын аскерлер үчүн бериле турган үйүнө кезек жетип калган экен. “Үй алгыча өлбөй коё турса экен, энеңди урайын” дейт. Бул сөздү укканда ааламым тарыганын айтпа. Менин балдарымды поручитель кылып банктардан насыя ала бериптир. Кийин Кочкорго кызымды болбой алып кетти. Көрсө, бул жердеги карыздарынан качып кеткен экен. Айтор, айта берсе сөз көп...
ТАЛАШКА ТҮШКӨН НЕБЕРЕ
– 2010-жылдын декабрь айларында кызым “Кочкордон чыктым” деп телефон чалды. Жанында эки баласы бар. Кант шаарынан бери чыкканда жол кырсыгына кабылышыптыр. Бул кабарды укканда эле далбастап таксиге отуруп жөнөп калдым. Ооруканага барсам, абышкам неберем Айназикти кучактап, боздоп ыйлап туруптур. Өх, андан көрө ошол жерден жаным тырс үзүлүп кетсе жакшы болмок мага. Ошентип, кызым 33 жашында дүйнө салды.
Кичине баласы катуу болуп, реанимацияга түшүп калды. Мээси чайкалып калган экен. Бир күнү небереме тамак алып ооруканага барсам, дарыгерлер мени киргизбей коюшту. Күйөө балам мени кирбесин дептир. Аппаратта кыйналып жаткан неберемди колума да ала албай ыйлап чыгып кеттим. Эми кызымдын ордуна тутунуп жүргөн неберем Айназикти жөн эле койсо болмок. Ал көзүмдөн жашым агып жатса, быйтыйган колдору менен жашымды сүртүп, “апа, ыйлабачы. Мен чоңойгондо сага Жазгүл болуп берем” дечү. Неберемди бизге коштоштуруп да койбой алып качып кетти.
Кызым барында балдарга назар салып койбогон адам бири 4 жаштагы, экинчиси 2 жаштагы баланы кантип багат? Ойношторуна кетип жатканда жанагы кичине кыз бутуна жабышып ыйласа да болбой чыгып кетчү. Эми ага эмнеге керек болуп калды? “Акча жасагыч” неме өлүмдөн да пайда таап, балдарды бетке кармап “жалгыз багып жатам” деп мамлекеттен жардам алам деген ою барбы, билбейм. Билем, мыйзам боюнча, балдар атасы менен калышы керек. Бирок адамдык мыйзамга салганда ал балдарга менин акым көп деп ойлойм. Акыркы үмүтүм силердин гезит болуп, силерге келдим. Бул эненин үмүтү, эненин акыркы жан далбасы...
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg