Биз социалдык тармакта

Сезим Коргонбаева, ырчы: “КАРЫШКЫРДЫН ҮНҮН ТУУРАП ДҮЙНӨГӨ ТААНЫЛДЫМ”

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында карышкырча улуп, бөбөктүн ыйлаганын туурап элди таң калтырган Сезим Коргонбаеваны тааныштырабыз, окурман. Жаш талант жаныбарлардын үнүн гана туурабастан, жакшы да ырдайт, комуз чертет. Сезимдин бул өзгөчө өнөрү ага кимден өткөн? Каарманыбыз учурда эмне менен алек? 

– Салам, Сезим, өзүңдү тааныштыра кетсең, кайсы жактан болосуң, канча жаштасың?

– Саламатсыз. Алгач маекке чакырганыңыздар үчүн рахмат айтып кетмекчимин. Атым Сезим, 17 жаштамын. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылында төрөлүп, чоңойгом. Айылдын кызымын, андыктан кичинемден эле жаныбарларга жакын болуп өстүм. Мурда негедир жүрүм-турумум эркектерге окшош эле (күлүп). Назданып кыздай болуп үйдө отура алчу эмесмин. Атам, агаларыма кошулуп, алар эмне иш кылышса ошону кылып, чөп жыйнап, мал карап өстүм десем болот. Анан да жылкы жаныбарын аябай жакшы көрөм, ал жөнүндө көп нерсе билем. Атты да жакшы чабам. Ушундай эл билбеген өнөрлөрүм, кызыгууларым да бар.

– Сенин өнөр жолуң эмнеден башталды?

– Айылда актёрлук искусствону, ырчылыкты, жалпысынан өнөр жолун үйрөтө турган балдар мектеби бар. Анда абдан таланттуу агай-эжейлер сабак беришет. Ошол мектепке барчумун, анда карышкырдын ролу бар болчу. Эң негизги максатым – мыкты актриса болуу эле. Сахнага чыгуу кыялым болгондуктан кызыгып жүрдүм. Бир жолу мага карышкырдын ролу берилгенде кантип өзгөчө кылам деп ойлонуп, даярданып баштадым. Кийин тоодо жүрүп чыныгы карышкырдын улуганын уктум. Анан дал ошондой кылып туурап баштадым. Окшошуп кетти. Кийин колумдан келерине ишенип, башка жаныбарлардын да табигый үнүн угуп туурай баштадым.

– Мектепте кандай окудуң, кайсы предметти жакшы көрчү элең? Учурда студентсиңби?

– Мектепте уйкучу элем (күлүп). Ошондуктан сабактарды көп калтырчумун. Бирок башынан эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Мисалы, түнү менен уктабай сүрөт тартат элем. Көп учурда, жогоруда айтып кеткендей, искусство мектебине кызыктым. Ал жактагы тапшырмалар мага кызыктуу сезилчү, сүрөт тартканды, комуз черткенди ошол жактан үйрөндүм. Кичинемден комуз черткенге аябай кызыккам, бирок комузум жок эле. Кийин комуз сатып беришти. Актёрлук чеберчиликте 7 жыл окудум, ал эми комузду 5 жылдан бери чертем. Быйыл мектепти аяктап, Роза Аманова эжекебиздин шакирти болдум.

– Табиятка кичинеңден жакын өсүптүрсүң да?

– Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, мен ортончусумун. Улуу агам окууну бүткөндөн кийин чабан болуп тоодо жашап калды. Тогуз жылдан бери чабандыкты кесип кылып келе жатат. Мен агамдын жанында болуп, ага жардамдашып тоодо жүрдүм. Жаратылыштын коюнунда жүрүү, табияттын тилин түшүнүү мага аябай көп жардам берди десем болот. Сахнага чыкканда менде такыр тартынуу болбойт. Анткени тоодо, кенен жерде ырдап, роль аткарып жүрүп көнүп калган окшойм. Чочуркоо жок, тоодо бүт бардыгы меники дегендей эркиндик сезими менен жүрсөм, сахнада да ошондой экенмин.

– Жакшы. Роза Аманова менен кантип байланышып калдың, сунуш кимден түштү?

– Баары билгендей, мен “Ты супер! Кыргызстан” теледолбооруна катышкам. Ал долбоорго Роза эжебиз конок катары чакырылган. Мен анда Роза Аманованын ырын ырдагам. Ал мага ала келген белегин берип “менин шакиртим бол” деген. Анын бул сунушуна жетине албай абдан сүйүнгөм.

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу бактысы кантип туш болду?

– Башында айткандай, “Ты супер! Кыргызстан” теледолбооруна катышкам. Сынактагы видеомду көрүп өлкө президенти Садыр Жапаров Көчмөндөр оюндарынын ачылышында ошону көрсөтүүнү тапшырыптыр. Сынактагы видеом чоң экранда көрсөтүлөт. Кызыгы, мен бул тууралуу эч нерсе билген эмесмин. Бир жума мурун эмнегедир ачылышка баргым келип, бирок мени эч ким чакырбады деп ызаланып ыйлагам (күлүп). Видеом чыгарын да билген эмесмин, болгону кыялым эле. Кыялым орундалганы үчүн ажобузга чоң ыраазычылык билдирем. Үйдөгүлөр да аябай кубанышып, ыйлап, өзгөчө сезимдер болду. Көчмөндөр оюндарынын ачылышында барбаганым менен, жабылышына катыштым. Мирбек Атабеков, Малика Дина жана башка атактуулар менен таанышып, бир сахнада болдум. Анан да эквадордук музыкант Лео Рохас менен жолуктум. Ал мени дароо таанып, видеомду көргөнүн айтып, “талантыңды өстүрүп, бийиктиктерди багынта бер” деди. Дүйнөлүк музыкант менен бирге бир музыканы ойноо бактысы да буюруптур. Мен комузда, ал өзүнүн музыкалык аспабында ойноду. Мунун баары мага түш сыяктуу болуп жатты.

– Эртең менен ойгонсоң эле интернет желесинде популярдуу болуп жатыпсың?..

– Ооба, чоң дем болду. Мен мурун чоң сахнаны кыялдангам, ошолор ишке ашып жатат окшойт деп болжолдойм. Сынакка жакын калганда колумду кокустатып алып, “комузду эми кантип ойнойм?” деп кыжалат болгом. Бирок долбоордогу агайларым мага ишенип туруп алышты. “Сезим, сен бул ишти жасай аласың” дешкенинен он күн калганда колумдагы гипсти алдырып, катуу даярдана баштадым. Жыйынтыгында ошол эмгегим мени кыргыз элине гана эмес, дүйнө жүзүнө белгилүү кылды десем болот.

– Аткарууң өзгөчө экен, идея кимдики?

– Жайлоодогу турмушту, карышкырдын улуганын мурун эле айылдагы искусство мектебинде аткарып жүргөм. Арыз деген агайымдын идеясы. Бирок аны “Маш ботой” күүсүнө кошчу элек, ал эми бул аткарууда “Көйрөң күүгө” салып дагы бир нерселерди кошуп иштеп чыкканбыз. Жаңылап иштеп чыкканга жардам берген адам – ырчы Өмүрбек Андарбеков болду. Колум ооруп жатса да чымырканып отуруп өнөрүмдү көрсөттүм. 

– Алдыга кандай максаттарды коюп жатасың?

– Келечекте элимди дүйнө жүзүнө даңазалаган дүйнөлүк жылдыз болгум келет. Учурда Азербайжандан интервью алууга чакырышты, Казакстандан да чакыруулар болуп жатат.

– Маегиңе рахмат! Ак жол каалайбыз!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1239, 18-24-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан