Биз социалдык тармакта

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

 

Тинатиндин колдору калтырай баштады. Ал конвертти акырын ачты. Конверттин ичиндеги катты да акырын ачты. Барактын четтери саргайып, жазуунун сыясы бир аз өчүп калган экен. Ал үн чыгарбай окуй баштады. Анда минтип жазылган эле:

– Эхх, ошол кыз... Кээде адамдын жашоосунда бир гана көз ирмем бүтүндөй бир дүйнөгө айланып калат. Бир көз караш, бир жылмаюу, бир сүйлөшүү – канча убакыт өтсө да жүрөктө өчпөй сакталат. Ушундай адамдар болот: сен аны көпкө көрбөсөң да, аты аталганда жүрөгүңдө өзгөчө бир сезим пайда болот. Эхх, ошол кыз... Ал менин жашоомдогу жөн гана бир адам эмес эле. Ал – эсте калган бир сезим, бир мезгил, бир жылуулук болчу. Анын күлкүсүндө кандайдыр бир тынчтык, сөздөрүндө кандайдыр бир жакындык бар эле. Балким, кең дүйнө үчүн ал кадимки эле адам болгон чыгар, бирок мен үчүн анын орду өзгөчө болчу. Кээде адам бирөөнү эмне үчүн жакшы көрүп калганын өзү да түшүндүрө албайт. Сүйүү дайыма чоң сөздөрдөн же укмуштуу окуялардан жаралбайт. Кээде ал жөнөкөй көз ирмемдерден башталат: бир көз караштан, бир камкордуктан, бир жылмаюудан. Убакыт өтөт. Адамдар өзгөрөт. Жолдор бөлүнөт. Бирок кээ бир адамдар жүрөктө өзүнүн изин түбөлүккө калтырып кетет. Алар менен болгон эскерүүлөр эски сүрөт сыяктуу сакталат, карап отурсаң, ошол күндөргө кайра кайтып келгендей болосуң. Балким, ал кыз менин тагдырымда түбөлүк калууга келген эмес чыгар. Балким, ал менин жашоомдун бир гана бөлүгү болгон чыгар. Бирок ошол бөлүк дагы мага көп нерсени үйрөттү: сезүүнү, күтүүнү, сагынууну жана жүрөктүн үнүн угууну. Адам кээде бирөөнү унуттум деп ойлойт. Бирок күтүлбөгөн учурда бир ыр угулат, бир жер эске түшөт же бир жыт тааныш сезилет, ошондо жүрөктүн түпкүрүндө ошол адамдын элеси дагы эле жашап жатканын түшүнөт. Эхх, ошол кыз... Балким, ал азыр кайдадыр өз жашоосу менен жашап жүрөт. Балким, ал менин аны канчалык баалаганымды эч качан билбейт. Бирок айрым адамдарга айта албай калган сөздөрүбүз да жүрөктө жашай берет. Анткени кээ бир адамдар биздин жашообузга калуу үчүн эмес, из калтыруу үчүн келет. Ал кыз ошондой из калтырган адамдардын бири эле...

Каттын төмөн жагында майда тамгалар менен бир сүйлөм кошулуптур.

“Эгер бир күнү бул катты сен өзүң окуп калсаң, билгин, ошол күнү мени деңиз эмес, сенин көздөрүң чөктүргөн...”

Тинатиндин жүрөгү бир ирмемге токтоп калгандай болду. Колундагы барак акырын калтырады. Көз алдына ошол күн тартылды. Түркия... Көк деңиз... Катуу шамал... Толкунга каршы жалгыз күрөшүп жаткан өзү... Анан... Эч нерседен коркпой сууга боюн таштаган Бекзат. Анын муздак жүзү. Колун бекем кармап:

– Мени кара! Коркпо! Сен аман каласың!- деген үнү. Ошол күнү ал биринчи жолу анын көздөрүнө тике караган. Ал көздөрдө текеберлик жок эле. Коркунуч да жок эле. Болгону бир адамды сактап калууга болгон чечкиндүүлүк бар болчу. Тинатин акырын көз жашын сүрттү. Демек, ошол күн Бекзаттын эсинде да сакталып калган экен. Балким, ал дагы ошол күндөн тартып өзгөрө баштагандыр. Тинатин катты акырын көкүрөгүнө кысты. Ушул учурда сырттан Мелектин үнү угулду:

– Тинати-иин! Сен кайдасың? Хикмет ага текшерип келе жатат! Эгер көрүп калса, экөөбүздү тең аябайт!

Тинатин селт эте түштү. Катты кайра конвертине салып, альбомду мурдагы ордуна этияттык менен койду. Бирок анын жүрөгүндө бир суроо жаңырып турду. Бул кат чындап эле кимге арналган? Же Бекзат өзү дагы жооп таба албаган сезимдерин ошол барактарга жашырып келген беле?

Тинатин көпкө чейин унчукпай отурду. Илим анын жүзүнөн биринчи жолу мурда байкабаган нерсени – бала кезден калган оор көлөкөнү көрдү.

– Илим ага...- деди ал акырын. – Мен сизге өзүм жөнүндө эч качан толук айтып берген эмесмин. Илим унчукпай тыңшады. Тинатин терезени карады. Сыртта шамал бактардын жалбырагын акырын терметип жатты.

– Мен скрипканы сүйүп үйрөнгөн эмесмин. Бир азга токтоду.

– Мен аны коркуп үйрөнгөм. Илимдин кабагы бүркөлө түштү.

– Атам өтө катаал адам болчу. Көк бет эле. Айтканынан кайтчу эмес. Анын бир айткан сөзү – бүт үйдүн мыйзамы болчу. Мен кичинекей кезимден эле музыка, тил, бий үйрөнүүгө мажбур болдум.

– Канча жашыңда скрипка кармадың?- деп сурады Илим.

– Алгачкы жолу алты жашымда.

Тинатин жылмайганга аракет кылды, бирок жылмаюусу көзүнө жеткен жок.

– Башында скрипканын үнүнөн коркчумун. Колдорум ооручу. Манжаларым тилинип кетчү. Ыйлачумун. Атам болсо:

– Ыйлаба. Дагы бир жолу кайтала,- дечү. Кайра чертчүмүн. Бир нота туура эмес чыкса:

– Кайра!

Экинчи жолу.

– Кайра!

Үчүнчү жолу.

– Кайра!

– Кээде ушинтип он эки саат отурчубуз,- деди Тинатин.

– Кээде он төрт саатка чейин созулчу. Илим таң калды.

– Он төрт саат?

– Ооба. Тинатин башын ийкеди.

– Бир күнүмдүн жарымы эмес, дээрлик бүт баары скрипканын жанында өтчү. Эң оор жери – чарчаганым эмес болчу. Атам менден чарчаганымды кабыл албайт эле. Тамак сурасам:

– Алгач үйрөн.

Уктайын десем:

– Дагы бир жолу.

Эшикке чыккым келсе:

– Бүгүнкү тапшырма бүтө элек.

Тинатин колдорун карады:

– Кээде ачка отуруп калчумун.

Илимдин жүзү өзгөрдү.

– Ачка?

– Ооба.

– Атамдын түшүнүгү боюнча, эркелетүү адамды алсыз кылат экен. Ал мени күчтүү кылгысы келген. Бирок...

Тинатин үнүн басаңдатты.

– Ал күчтүү кылып жатып, балалыгымды алып койгонун түшүнгөн эмес. Бөлмөдө жымжырттык орноду.

– Скрипка эле эмес, тил үйрөнүү да ошондой болчу. Бир нече тилди билүүгө мажбурлады. Сөздөрдү жаттатчу. Кайталатчу. Туура эмес айтсам, кайра баштатчу. Бий да ошондой. Эртең менен дене тарбия. Андан кийин бий. Андан кийин скрипка. Андан кийин тил. Кечинде кайра скрипка. Менин досторум мектептен кийин көчөгө чыгып ойношчу. Мен болсо терезеден аларды карап отурчумун.

Тинатиндин көзүнө жаш толду.

– Кээде аларды көрүп туруп өзүмө суроо берчүмүн. “Менин балалыгым качан башталат?” деп. Бирок жооп эч качан болгон эмес.

– Атаң азыр кайда?- деди Илим акырын. Тинатин узакка унчукпай турду.

– Билбейм.

Ушул сөз бөлмөдөгү бардык сөздөрдөн оор угулду.

– Мен он төрт жашымда үйдөн чыгып кеттим. Илим аны таң калып карады.

– Он төрттө?

– Ооба. Ошол жашымда өзүмдүн жашоомду өзүм тандагым келди. Мен чыдай албай калдым. Бир түнү баары уктап жатканда үйдөн чыгып кеттим. Тинатин ошол түндү эстегендей көзүн жумду.

– Артымды караган жокмун. Анткени карасам кайра кирип кетеримди билчүмүн. Колумда бир гана кичинекей сумкам бар болчу. Ичинде кийимдерим. Бир нече китеп, скрипкам. Анан чоң университетке тапшырдым. Кудайга шүгүр, окууга өттүм. Кийин Түркияда билимимди улантууга мүмкүнчүлүк чыкты. Ошентип менин жашоом башка нукка бурулду.

Тинатин терең дем алды.

– Бирок адам үйдөн чыгып кеткени менен, үйдүн ичинде калган балалыгын кошо ала чыгып кете албайт экен. Мен тааныбаган бир эженин колунда өстүм. Ал мени карады. Мага тамак берди. Окутту. Жакшылык кылды. Мен ага өмүр бою карызмын. Бирок ал менин апам эмес эле.

Тинатиндин үнү титиреп кетти.

– Менин бир гана курбум калган. Ал дагы ошол үйдө калды. Мен кеттим. Ал калды. Ошондон бери аны көрө элекмин.

Илим унчукпай отурду. Анын алдында сарайдын байлыгы, компаниялар, бийлик, адамдардын сый-урматы тууралуу сүйлөгөн кыз эмес, он төрт жашында үйүнөн качып кеткен кичинекей кыз отургандай сезилди. Тинатин акырын күлгөнгө аракет кылды.

– Кызык... Адамдар мени көргөндө скрипка черткен кыз дешет. Көп тил билет дешет. Бийлейт дешет. Таланттуу дешет. Бирок эч ким: “Сен ошол нерселердин баарын үйрөнүп жатканда канча жолу ыйладың?” деп сураган эмес.

Ал көз жашын сүрттү.

– Мен скрипканы жакшы көрөм. Чын эле жакшы көрөм. Бирок анын ар бир үнүндө менин балалыгымдын изи бар. Ошондуктан кээде черткенде өзүмдү сахнада эмес, баягы кичинекей бөлмөдөн көрүп кетем...

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1239, 18-24-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан