Биз социалдык тармакта

ДАРЫЛАРДЫ ЭМНЕДЕН ЖАСАШАТ?

Адамдар байыртадан эле ооруларды айыктырууда өсүмдүктөрдү, жыландын уусун, айрым мөмөлөрдү, жаныбарлардын органын жана башкаларды колдонуп келишкен. Илим өскөн сайын дарылар синтезделип алынып баштаган. Учурда дүйнөдө жүз миңдеген дары түрү бар. Алардын ичинен айрымдарынын эмнеден жасала тургандарына кайрылабыз. 

Апийим

 Өсүмдүктөрдүн апийимдер тукумундагы бир жылдык сүттүү өсүмдүк. 100дөн ашык түрү белгилүү. Илгери КМШ өлкөлөрүндө ЗОдан ашык түрү кездешкен.

Апийимдин оорутууну басуучу касиетин дүйнө элинин көбү билип, колдонуп келген. Кийин медицина өнүккөндөн тартып оорутууну сездирбөөчү эң башкы дары – морфин (эскиче морфий) алына баштаган. Бул дарынын аталышы уйку жана түш көрүүнүн Кудайы Морфейдин атынан аталган.

Жөтөлдө колдонулуучу, ооруну сездирбөөчү каражат – кодеин жана башка дарылар да алына тургандыгын айта кетели. 

Чалкан

Бул көп жылдык өсүмдүк. Жалбырагы дарылык кесиетке ээ. Аны айрымдар үй шартында жайында гүлдөгөн убакта жыйналып көлөкөдө, үй чатырында кургатылат. Фармацевтика үчүн атайын жайларда кургатылат. Курамында С, К витамини, В тобундагы витаминдер,  каротин (табигый пигмент), минералдардан калий, кальций, кремний жана башка пайдалуу заттар бар. Жалбырагынан өт кубалоочу, өт баштыгын иштетүүчү аллохол, жараларды айыктыруучу уртифилин дарысы жана башкалар алынат. Суюк экстракты жатындан кан кетүүнү токтотот.

Жыландын уусу

Дүйнөдө уулуу жыландардын түрү көп. Алардын ичинен көбүнчө 10 чакты түрүнүн уусу медицинада көп колдонулат. Негизи эле жыландардын чагып алуусуна дүйнөдө бир жылда болжол менен 500 миң адам кабылып, алардын 30-40 миңдейи өлөт.  Уулар кошулуп жасалган дарылар талма, стенокардия (жүрөк оорусу), гемофилия, кызыл жүгүрүк жана башка ооруларды айыктырууда жана канды токтотууда колдонулат. Жыландын уусунан кайра эле жылан чагып алгандарды өлүмдөн сактоочу сары суулар алынат. 

Бодо малдын уйку бези

Кант диабети менен Жер шарында болжол менен 537 миллион адам ооруйт. Мунун 1-тиби менен ооругандар өмүр бою инсулин дарысы менен жашоого аргасыз. Инсулин дарысын 1921-жылы канадалык изилдөөчү Фредерик Бантинг туула элек музоонун уйку безинин тканынан алып жасаган. Ошондон тарта дары кеңири колдонулууга өтүп, 1922-жылы изилдөөчү дал ушул дарысы үчүн “Нобель” сыйлыгын алган.

Учурда диабетти дарылоодо бодо малдын жана чочконун уйку бези бөлүп чыгарган инсулин гормону колдонулат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1239, 18-24-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан