Социалдык тармакта “Сенин жеңең” образы менен элге таанылып калган Гүлайым Нарматова жылмаюу тартуулаган видеолору менен белгилүү. Тогуз-Торонун кызы, кесиби боюнча кино жана телекөрсөтүү тармагынын адиси. Учурда блогер, вайнер катары чыгармачылыгын улантып келет.
– Гүлайым, “жеңе” образын келиштире аткарасыз. Образдан тышкары, кадимки жашоодо кандай адамсыз?
– Ичимде көп нерсе бар. Кээде “мунун баарын ким үчүн жасап жатасың, Гүлайым?” деп өзүмө суроо берем. Балким, ушул блог менин жашоомду жеңилдетип жаткандыр.
– “Жеңе” образы качан жана кандайча жаралган?
– Жеңенин образын аткарып жүргөнүмө 2 же 3 айдын жүзү болуп калды. Кайын журтум менен эс алууга барганда боз үйдүн ичинен жаралган идея болду. Кичинекей кезимде бир жеңебиз шайыр-шатман эле, ошону көрүп жыргай берчүмүн. Ошол образдын бир аз үлүшүн алып чыгардым. Образдын элге жакканынын себеби – эл жөнөкөй, жасалмасыз жашоону жакшы көрөт экен. Жөнөкөй, шайыр мүнөз мындай жеңелер ар бир айылда бар деп ойлойм. Баскан-турганын дагы бир аз башкачаарак кылганы аракет кылып жатам.
– Кээде актёр бир образ менен элге таанылып, ошол образдын “туткуну” болуп калат. Сизге да “жеңенин” образы биротоло жармашып калат деген чочулоо болбойбу?
– Ооба, кечээ жакында базарга барсам бир эже “ой, жеңе” деп кыйкырат. Жеңе экенимди унутуп калыптырмын (күлүп). Чочулоо болот. Кээде образдан чыга албай калган күндөр дагы болду, андайда жолдошум урушту. Буюрса, азыр башка да образдын үстүнөн иштеп жатам.
– Кээде коомдо талкуу жараткан, көпчүлүккө жакпаган тамашалар да болуп калат. Сын-пикирге кандай мамиле кыласыз?
– Сонун суроо болду. Башында сын-пикирди көтөрө албай ыйлаган күндөр болду. Азыр капа деле болбой калдым, ит үрө берет, кербен жүрө берет дегендей. Жеңенин арак ичкенин аткарган видеолорума көпчүлүк “ичимдик жөнүндө чыгарып жатасың” деп жазып жүрүштү. “Соосуңбу?” деп дагы сурашат айрымдар жолуккан жерден. Эгер эл мени чын эле ичип алды деп ойлосо, демек, мен ролумду жеткире аткардым. Менин айтайын деген оюм такыр башка, аялзаты чарчайт, аялзаты эс алышы керек, кандай күн болбосун жашоодо жыргап жашаш керек дегенди жеткиргим келет.
– Буга чейин алып баруучу болуп иштегенсиз. Эмнеге ал тармактан кеттиңиз?
– Ооба, 4 жылга жакын телеканалдарда журналист болуп иштегем. Алып баруучу болуу кыялым эле. Кудайга шүгүр, бир аз болсо дагы ал тармакта кызмат кылдым. ТВдан эмес, соцтармактан көбүрөөк таанылдым. Жакшы бир долбоорлор менен телеканалдарга кайтып барышым да мүмкүн.
– Блогерликти негизги жумушка айлантуунун себеби эмне болду?
– Себеби декрет болду (күлүп). Үйдө отуруп буулуктум, чыгармачыл адам тынч отура албайт экен. Товар саттым, фудблогер болуп кеткени аз калгам. Анан не кылсам деп, апаларды туурап баштадым. Көп көрүү топтогондо ушул ишти улантайын деп чечкем.
– Социалдык тармак жакшы киреше алып келе баштадыбы? Биринчи жолу акча тапканыңызды эстесек...
– Ой, аны сөз менен жеткирүү кыйын. Мен жакында эле жарнамага буюртма алып баштадым. Башында бартер шартында иштечүмүн. Көрсө, башка блогерлер акчага иштейт экен. Кийин 100 миң катталуучу топтосом акчага иштейм го деп ойлогом. Блогерликти баштаганыма октябрда бир жыл болот.
– Күйөрмандарыңыз көбөйгөнү байкалып жатабы?
– СМС каттар көп. Жакында бир эже чалып ыйлап, мени ушунчалык сыйлаарын билдирип, “тамак алып берсем болобу?” деп сунуш киргизсе аябай таң калдым, ушунчалык жагамбы деп...
– Кино дүйнөсү кызыктырабы сизди?
– Албетте, кино дүйнөсү – мендеги кыял. Тасмаларда эпизоддук ролдорду жараткам, бирок башкы каарманды ойной элекмин. Ойногум келип жүрөт. Кээде мени такыр эле режиссёрлор киного чакырбайт деп сарсанаа болом.
– Сизди режиссёрлор “жеңе” образынан сырткары кандай каармандардан көрүшүн каалайсыз? Мисалы, олуттуу, драмалык же таптакыр карама-каршы образды аткарууга даярсызбы?
– Күлкүлүү образга караганда терс каарманды, анан драма жанрын жакшы аткара алам. “Адамды ыйлатыш бат эле, бирок күлдүрүш кыйын” дейт го. Анын сыңары көрүүчүнү ыйлатып деле бере алам. Кино долбоор сунушталып, “ыйлайсың” дешсе, макул дейм. Мени качан режиссёрлор байкап, киного чакырмайынча вайн тарта берем.
– Таанымал боло баштагандан кийин досторуңуздун, жакындарыңыздын сизге мамилеси өзгөрдүбү?
– Ооба. Жазбай калган, “сен кимсиң?” деп мени такыр тоготпогон адамдар кайра катталып, жазып калышты. Эх, пенде экенбиз да. Көтөрүлсөң, адам катарына кошулуп каласың дегендей. Апам дагы кээде “Теңине албагандар учурашып жатышат, сиздин кызыңыз турбайбы дешип” деп айтып калат.
– Өзүңүздү кененирээк тааныштыра кетсеңиз. Канчанчы жылкысыз? Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз тууралуу билсек...
– Өзүм 1998-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман шаарчасында төрөлгөм. Макмал орто мектебин 11-класска чейин окуп, андан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка жана көркөм өнөр факультетине тапшыргам. Бирок экинчи курста өзүм каалаган Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин (азыр улуттук болуп калды) кино жана телевидение факультетине өтүп, ийгиликтүү аяктадым. Ата-энем Казарманда турат. Карапайым үй-бүлөнүн кызымын. Атам уста, апам ашпоз. Алты бир туугандын улуусу, сулуусумун. Эки сиңдим, үч иним бар.
– Өзүңүздүн үй-бүлөңүз: жолдошуңуз, балдарыңыз...
– Эки кыздын сүйүктүү апасымын. Ат-Башыга турмушка чыккам. Жолдошум кесиби боюнча аскер кызматкери, мен болсо ар тараптуу чыгармачыл адаммын. Эки башка тармактын адамдары кантип бири-бирибизди жакшы көрүп калдык, түшүнбөйм деле (күлүп).
– Жашоодо сизге эмнелер ырахат тартуулайт?
– Жашоодо кичинекей кыздарымдын күлкүсүнөн ырахат алам. Кыздарым “мама” дегенде ушунчалык толкунданып, жыргайм. Баланын ырахатын балалуу болгондо түшүндүм. Аябай баласаакмын.
– Адамдарда сиз баалаган сапат кайсы?
– Жөнөкөйлүк. Кандай гана бай болбосун, адамгерчиликтүү болсо деп ойлойм. Аркага карап башканы айтып, жүзүңө келип башкача сүйлөгөн эки жүздүү адамдарды жек көрөм. Өздөрүнө жараша мамиле жасайм. Кекчилмин, күлүп жүргөнүм менен (күлүп).
– Жакынкы айларга пландарыңыз кандай?
– Буюрса, мен жөнүндө кино тартылат. “SUPER жеңе” деген, учурда сценарийдин үстүнөн иштеп жатабыз. Өзүмдү өзүм сунуштап, режиссёрго барып, идея ойлонуп жатабыз. Ошол тартылчу күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам.
Мээрим Дербишалыева