Биз социалдык тармакта

Азалия, ырчы: “ТЕХАСТА ЖАШОО ЖАКТЫ”

Ырчы, “Кыз-Бурак” тобунун экс-солисти Азалия Дүйшен учурда үй-бүлөсү менен АКШнын Техас штатында жашайт. Маектешим азыркы тапта декреттик өргүүдө экенин айтат. Үй-бүлө, чыгармачылык, Америкадагы жашоо жана англис тилин үйрөнүү тажрыйбасы тууралуу айтып берди. 

 

– Азалия, АКШда жашап жатканыңызга канча жыл болуп калды?           

– Америкада үч жарым жылдан бери жашап жатабыз. Техас штатындагы Остин шаарына жакын жайгашкан Жорджтаун шаарында турабыз. Жолдошум менен жаңы таанышкан учурда ал АКШда иштечү. Экөөбүз баш кошкондо эле Америкада жашайбыз деген чечим кабыл алганбыз.                

– Ал жакка жаңы барганыңызда эмнелерге өзгөчө көңүл бурууга туура келди?          

– Жаңы келгенде жанымда кичинекей кызым бар болчу. Өзүм да кош бойлуу элем, ошондуктан медициналык көзөмөлгө турууга аракет кыла баштадык. Биринчи кезекте дарыгерлер менен байланыш түзүп, алардын иштөө тартибине жана жергиликтүү шарттарга көнүүгө туура келди.                       

– Көнүп кетүү кыйынчылык жараттыбы?        

– Кыйынчылыктардын бири – тил маселеси болду. Экинчиден, медициналык системдин өзгөчөлүгүнө көнүү да оңой болгон жок. Мисалы, Кыргызстанда кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө жана медициналык кароо башкача шартта жүргүзүлөт. Ал эми АКШда таптакыр башкача. Албетте, эки өлкөнүн тең медицина тармагынын артыкчылыктары да, кемчиликтери да бар. Бирок айырмачылыктарга көнүү бир топ убакытты талап кылды.              

– Сиз жашаган Техас штаты жана Остин шаары тууралуу айтып берсеңиз. Кандай өзгөчөлүктөрү бар?                   

 – Техас – Америкадагы чоң штаттардын бири. Остин – Техастын борбору. Остин – жаштардын көптүгү, инновациялык технологиялар жана IT тармагынын өнүгүүсү менен айырмаланган шаар. Ошондой эле маданий жактан абдан өнүккөн шаар.                    

– Эмне үчүн инновациялык технологиялардын шаары деп атадыңыз?           

– Анткени IT тармагында же технология жаатында кандайдыр бир жаңы нерсе пайда болсо, алгач Остинде тестирлөөдөн өтүп, андан кийин башка штаттарга тараган учурлар көп. Мисалы, көчөдөн айдоочусу жок таксилердин жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Ушундай технологиялар алгач Остинде ишке киргизилип, андан кийин башка жактарга тарайт. Ошондой эле Tesla’нын жаңы технологиялары, анын ичинде Cybertruck сыяктуу жаңы үлгүдөгү унаалар жана айдоочусуз транспорттук технологиялар да бул жерде тестирлөөдөн өткөрүлөт. Бул шаарды өзгөчө кызыктуу кылган нерселер ушулар.              

– Климаты кандай?                  

– Техас башка штаттарга салыштырмалуу ысык. Мага жаратылышы жагат. Токойлор, парктар, гүлдөр көп. Кыргызстанды эске салат.                        

– Үй-бүлөңүздө кандай жаңылыктар? Күнүңүз кантип өтөт негизинен?            

– Кызыбыз Алия 4 жашта мектепке бара баштады. Уулубуз Атай үч жашка чыкты, азырынча үйдө. А мен балдар менен алек болуп, ошол эле учурда өзүмдү өнүктүрүүгө да аракет кылам. Ар кандай онлайн курстарды окуйм, өзүмө да убакыт бөлүп жатам. Жолдошум IT тармагында көп жылдан бери иштеп келет. Кыскасы, күнүмдүк жашоом балдар, үй-бүлө жана жумуш менен өтөт.             

– Жолдошуңуз менен кантип таанышкансыз?    

– Жолдошум менен 2020-жылдын декабрь айында социалдык тармактардын биринен таанышканбыз. Ал биринчи жазган. Бейтааныш адамдар жазып калчу, айрым билдирүүлөрдү байкабай деле калчумун. Бирок ошол күнү курбу кызымдын үйүндө отуруп, зеригип турган кезим эле. Анын билдирүүсүнө дароо жооп бергем. Сүрөттөрүнөн Америкада жашаарын көрүп, “мага эмнеге жазып жатат?” деп таң калгам. Башында жөн гана дос катары сүйлөшкөнбүз. Бирок ал башында эле “Мен сени менен жөн гана дос болгум келген жок, сага олуттуу ниет менен жазып жатам” деп ачык айткан. Ошентип, сүйлөшүп отуруп бат эле тил табышып кеттик.                  

Баш кошкон мезгилде романтикалуу учурлар көп болду. Кыска убакыт сүйлөшүп, баш кошконбуз. Үйлөнгөндөн кийин Стамбулда, Анталияда эки айдай жашап, кайра Кыргызстанга келип, Америкага кетүү үчүн визаларды күттүк. Ал мезгилде толугу менен бири-бирибизге көндүк.                      

– Үй-бүлөлүк кандай эреже же салттарыңыздар бар?             

– Бири-бирибизге көңүл буруу. Кадимки күндөрү да жолдошум гүл белек кылат. Ар бир дем алышта балдарыбызды эс алдырып, сыртка чыгып, чогуу тамактанып же сейилдеп келүүгө аракет кылабыз. Бул биз үчүн үй-бүлөлүк салтка айланып калды. Туулган күндөргө өзгөчө көңүл бурабыз. Балдарыбыздын туулган күндөрүн да белгилеп, алардын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле Кыргызстандагы салттар менен катар Америкада жашагандыктан, бул өлкөнүн майрамдарын да белгилеп келебиз. Мисалы, Жаңы жыл жана башка америкалык майрамдарда үй-бүлөбүз менен чогуу убакыт өткөрөбүз.                 

– Чыгармачылыгыңыз эмне болду, токтоттуңузбу?                     

– Чыгармачыл адамдын сахнага чыккандан кийин андан алыстап кетиши кыйын. Анткени бул адамдын жан дүйнөсү менен байланыштуу. Бирок аялдар үчүн бул тармактын өз кыйынчылыктары бар. Себеби аял турмуш курат, бала төрөйт, декреттик өргүүгө чыгат. Булардын баарынын чыгармачылыкка таасири тиет.

Америкадагы кыргыздардын ар кандай иш-чараларына, майрамдарына катышып, ырдап турам. Келечекте чыгармачылыгымды кайра улантууну каалайм.                 

– Чет өлкөгө, айрыкча АКШга жаңы барган мекендештерге кандай кеңеш берет элеңиз?                        

– Менин оюмча, биринчи кезекте кайсы шаарга же кайсы штатка бара турганыңды так аныктап, ошол жер тууралуу алдын ала маалымат топтоо керек. Тил үйрөнүү зарыл. Жаңы сөздөрдү жана сөз айкаштарын үйрөнүүгө көңүл буруу керек. Күнүнө 20-30 мүнөттөн убакыт бөлүп, жаңы сөздөрдү жаттап, колдонуп турсаң, жакшы жыйынтыкка жетүүгө болот. Ошондой эле өзүңө жаккан кино, сериал, мультфильмдерди англис тилинде үзгүлтүксүз көрүү пайдалуу. Эң негизгиси – сүйлөгөндөн уялбоо. Билбегениңе карабай сүйлөй бериш керек.  

– Блогер катары да аракеттесиз, эмнелерге басым жасайсыз бул иште?          

– Азыр социалдык тармактарда визуалга, эстетикага көп көңүл бурулат. Бирок мен идеалдуу жашоону гана көрсөтүүнү каалабайм. Үйдө балдар, чачылган оюнчуктар, күнүмдүк тиричилик, мунун баары ар бир үй-бүлөдө болот. Ошол жашоону кандай болсо ошондой көрсөтүү адамдарга жакын деп ойлойм. Мисалы, саякаттаганда да баарын жасалгалабай, кандай болгонун бурмалабай көрсөтсөң, көргөн адам “биз да ушундай кылсак болот экен” деп мотивация алат. Бул тармакта идеяларымды кагазга жазып жүрөм. Бир убакыт болгондо ошол идеяларды ишке ашырууга аракет кылып көрөм. Тренддерди сөзсүз кайталай бербейм, өзүмдүн стилимди сактаганга аракет кылам. Кээде күтүүсүз тартылган жөнөкөй видеолор жакшы көрүлүп калат. Мисалы, футбол боюнча тарткан бир видеом көп көрүлүп, жакшы пикирлерди жараткан. Бул да чыгармачылыктын кызыгы.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1239, 18-24-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан