VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземиндеги бий учурда социалдык тармактарда трендге айланды. Ал бийди BTS, Билли Айлиш жана Жастин Бибер сыяктуу дүйнөлүк артисттер менен иштешкен америкалык хореограф Кеоне Мадрид (Keone Madrid) койгон. Энергиясы ашып-ташкан жана фантазиясы бийик хореограф тууралуу айтып беребиз.
Башында баскетболго кызыкчу
Дүйнөгө таанымал хореограф, режиссёр Кеоне Мадрид 1988-жылы 13-июнда АКШнын Калифорния штатынын Сан-Диего шаарында төрөлгөн. Анын бийлерин карап туруп Майкл Жексондун, атактуу америкалык актёр, режиссёр, хореограф Жин Келлинин бий элементтерин көргөндөй болосуң. Кеоне – атлет, келбеттүү, энергиялуу, жагымдуу, фантазиясы чексиз бийчи. Ал бийлерине 1980-жылы АКШнын Чыгыш жээктеринде пайда болгон хардкор-хип-хоптон тартып, британиялык ырчы Адель колдонгон соул, поп, ритм-энд-блюз жанрындагы музыкаларга чейин колдонот.
Кеоне өспүрүм кезинде баскетбол менен алектенчү. Ошол эле кезде ал бийди сүйчү. Достору менен Майкл Жексондун жана башка дүйнөлүк ырчылардын клиптериндеги бийлерди үйрөнүп, бийлешчү.
15 жашында бий менен машыгууга өтөт
15 жашында досунун сунушу менен белгилүү хип-хопчу Кей Жей Гонсалестин хип-хоп бий студиясына бара баштайт. Анда динамикалуу көчө бий стилдеринде бийлеп машыгышчу. Көчө бий стили болсо өзүнө брейк-данс, локинг, поппинг жана башка стилдерди камтыйт. Машыгып жүрүп Кеоне келечекте бий тобун түзүүнү, аны аудиторияга алып чыгуу жагын да кыялданчу. Ошол кездерде хип-хоп маданияты дүйнөгө кеңири жайылып, ар жактарда жаңы студиялар ачылып, жаңы легендарлуу топтор чыгып жаткан эле. Мисалы, 2003-жылы Сан-Диегодо ак бет кап жана кол каптар менен бийлеген атактуу "Жаббавокиз" (Jabbawockeez) бий тобу түзүлүп, таанылып баштаган.
Ал кездерди Кеоне “мен апта сайын студияга машыгууга барчумун. Бирок бул мага жетиштүү эмес болчу. Үйгө келип өз алдымча да машыкчумун” деп эскерет.
Дүйнөлүк атактуулук кантип келди?
Бийге тубаса жөндөмү бар экенин байкаган Кеоне өзү жашаган шаардагы бий жаатындагы хип-хоп уюмундагы (Culture Shock San Diego) жаштарга барып кошулат. Акырындап анын директорлугуна чейин көтөрүлөт. Өзү ойлоп тапкан бийлерге башка бийлердин элементтерин кошуп, көрктүү, маңыздуу кыла баштайт. Анын окуучуларынын бири Кеоне бий үйрөтүп жаткан учурларды видеого тартып интернетке жүктөй баштайт. Таланттуу хореографка дүйнөнүн ар жагынан мактоолор жаап, күйөрмандары арбып, иштешүүгө чакыргандар чыга баштайт. Ошентип, алгач Норвегияга барып, эл аралык деңгээлдеги мастер-класс өтөт.
Андан кийин ал дүйнөлүк атактуу ырчылар менен иштеше баштайт. Ошондөй күндөрдүн биринде ал болочок колуктусу, бий боюнча өнөктөшү Мариэль менен таанышып калат. Ал кезде Мариэль бий студиясында сабак берчү. Кеоне Choreo Cookies тобуна кошулат, учурда анын жетекчилеринин бири. АКШ, Азиянын дүйнөлүк ырчыларынын клип, концерттерине бийлерди ойлоп таап, хореографтык кылып, ого бетер аты чыгат. Кеоне менен Мари агенттиктер менен келишим түзүп иштешет. Масштабдуу иш-чараларга буюртма алышат. Кыскасы, экөө дүйнөгө белгилүү хореографиялык жана режиссёрлук дуэт түзүшкөн.
Көчмөндөр оюндарындагы эмгеги
Быйыл Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде улуттук колорит менен заманбап динамиканы айкалыштырган бийди да Кеоне ойлоп таап, ишке ашырды. Бий дүйнөлүк трендге айланып, социалдык тармактарда колдонуучулар бийлеп, тартып, бөлүшүп жатышат. Ачылыш аземдеги бийге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан келген 2 миңге чукул бийчи катышкан.