Биз социалдык тармакта

Кайры Жороева, 54 жашта: “КАРЫЗГА БЕЛЧЕДЕН БАТТЫМ”

Каарманыбыз Кайры Жороеванын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондой эле 2 уулунун биринин майыптыгы бар экенин билдирди. Операция, дары-дармек үчүн насыя алып, карызга батканын айтып кейиди. “Элден жардам суроого муктажбыз дейт” ал. 

 

“Он жылдай чогуу жашадык”                

– Аты-жөнүм – Кайры Жороева. Учурда 54 жаштамын, Баткен шаарынын Чет-Булак конушунда 2 балам менен жашайм. Өзүм Баткен шаарында төрөлүп-өстүм. Мектепти бүткөндөн кийин тигүүчүлүк курста окугам. Убагында Кадамжай районунун Зар-Таш айылына турмушка чыккам. 10 жылдай чогуу жашап, үй-бүлөлүк маселелерден улам ажырашып кеткенбиз. Ошондо уулдарым 1 жана 3 жаштарда эле. Ажырашкандан кийин 2 балам менен алгач батирлеп жашап жүрдүм.

 

“Жашоом ооруканага байланды...”                        

– Эки агам бар, кичүүсү балдарым менен ар жакта батирлеп кыйналганымды көрүп времянка салып берди. Азыр ошол үйдө жашайбыз. Агаларымдын деле өз жашоолору, өз маселелери бар дегендей. Ошого дайыма эле жардам бере алышпайт. Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. 2019-жылы түйшүк, стресстерден улам кант диабети оорусуна чалдыктым. Ошондон тарта жашоом оорукана, дарыларга байланды. 2025-жылы ооруп, текшерилсем, "оң бөйрөгүңдө таш, киста бар экен" деп операция жасашты. Жүрөк жана ашказан жарасы, артрит, жогорку кан басым ооруларым да бар. Айтор, ишке жараксызмын. Азыркы учурда 2-топтогу майыпмын.

 

“Улуу баламдын бир бөйрөгү жок”         

– Улуу балам кичинесинде ооруп, шишип, бөйрөк тушу томпоюп чыккан. Бөйрөгүнө операция жасашты. Бирок кайра эле ириң топтоло бергендиктен дагы операция кылышты. Ага да болбой, кийин дагы ооруду. Ошко алып барсак, врачтар кайра ачып, бөйрөктөн таш алып чыгышты. 6 айга жетпей кайра ооруду эле, хирургдар “бөйрөгү кичирейип, чүрүшүп, иштебей калыптыр” деп алып салышты. 2 жылдан кийин табарсыгынан таш алышты. Анан сокур ичегисин да алдыртты. Ошентип операция артынан операция боло берип абдан кыйналды. Майыптыкка чыкты. Айыктыруу үчүн дарыларды алганга деп банктардан насыя акча ала берип карызга белчеден баттым. Бул балам эми 18ге толот. Азыркы тапта колледжде окуйт, келечекте юрист болом деп жүрөт.

Ал эми кичине балам 17ге чыгат. Мектепте окуйт. Мага 12 300, балама 800 сом пенсия чыгат. Бул акча нан жана дарыларга эле кетет. Үйүбүз да салынган боюнча оңдоо-түзөөдөн өткөн эмес. Ошого кайрымдуу элден жардам сурайм. Балдарым иштеп акча тапкыча көтөрмөлөп коюңуздар. Кыйынчылыктан чыгарып койсоңуздар, Кудай сиздерди унутпастыр.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк: 0770 34 88 55

О!Банк: 0770 39 44 66.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1239, 18-24-сентябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан