Балбан Бахтияр Мирлан уулу жакында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 2 алтын медаль утуп улуттун намысына жарады. Суперфиналда “Көчмөндөрдүн улуу балбаны” наамын багынтканы менен, аны кантип колуна албай калганы, спорттогу жолу, кыйынчылыктары, үй-бүлөсү жана башкалар тууралуу ачык айтып берди.
– Бахтияр мырза, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 2 алтын медаль уттуңуз, жеңиш кут болсун!
– Рахмат! Сиздерде да ийгиликтер боло берсин!
– Сиздин баамыңызда, күрөш беттештери кандай өттү?
– Көчмөндөр оюндарында дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүнөн спортчулар катышса, анын ичинен 37 өлкөнүн балбандары күрөштөн күч сынашты. Баары тажрыйбалуу, өз өлкөлөрүнүн эң күчтүүлөрү. Тажрыйбасы, наамы аз дегендер деле дүйнөнүн 1 жолку же Азиянын бир нече жолку чемпиондору экен. Кыргыз күрөшү боюнча мелдеште мен 100 килограмм салмактан өйдө жарым финалда Бангладеш, Болгария, Филиппин, Монголиянын балбандарын утуп чыктым. Финалда казак балбаны менен килемге чыгып, жеңип, кыргыз күрөшү боюнча абсолюттук чемпион наамына ээ болдум. Ушулардын ичинен монгол балбаны Бат-Оршкин Батсуури менен беттешүү кыйын болду. Абдан күчтүү экен. Ал 3-орунга илинди. Ушуну менен кыргыз күрөшү боюнча 4 жолку Дүйнө чемпиону болдум. Элдин сүрү, энергиясы, деми, сүрөөсү, колдоосу өтө күчтүү болду. Абдан чоң дух берди. Мындайда жоопкерчилик чоң болуп, жеңиш керек деп намысты эле ойлоп калат экенсиң. Шерденип, кайраттана түштүм. Финалда утканымда элге кошулуп өзүм да сүйүнүп, кыйкырып жибердим. Атамды карасам, кубанганынан ыйлап жатыптыр. Аны көрүп мен да ыйлап жибердим. Экинчиден, элдин үмүтүн актадым деп жеңилдей түштүм. Ушул жерден айта кетчү нерсе, жеңиштеримдин артында машыктыруучум Нурбек Кожобеков агайдын зор эмгеги бар. Агайга ыраазычылык билдирем. Анан суперфиналга, эң жогорку наам – “Көчмөндөрдүн улуу балбаны” наамы үчүн килемге чыктым.
– Сөзүңүзгө аралжы, аталган наамдын ээсин аныктоодо талаш-тартыш жаралганы айтылды. Окуя кандай болду?
– Туура. Бул окуя мындай болду: Күрөштүн ар улуттук 14 түрү боюнча мелдеш өтүп, 14 абсолюттук чемпион аныкталды. Бири ашыртмалы аба гюреши боюнча, бири гореш, бири сумо, мен кыргыз күрөшү боюнча чемпион дегендей. Ошентип аталган наам үчүн мени менен 15 балбан абсолюттук салмак категориясында күч сынаштык. 14 атаандаштын баарынын далысын жер жыттатып, жеңип чыктым. Демек, автоматтык түрдө “Көчмөндөрдүн улуу балбаны” наамынын ээси болуп калышым керек болчу. Машыктыруучулар, өзүм деле ушундай ойдо турганбыз. Бирок кайдан-жайдан Орусиянын балбаны Айдын Монгушту алып келип, “экөөңөр күрөшөсүңөр, кимиңер утсаңар, наам жана байгеге коюлган 1 миллион сом ошонуку” дешти. Мен ага чейин жарым финалга, финалга чыгып, анан тигинтип 14 балбан менен күрөшкөндүктөн чарчап калгам, айла жок, күрөштүм. Айдын Монгуш ага чейин 1 да жолу килемге чыкпай, бирөө менен да күрөшпөй, мени утуп, эң башкы наамга жана сыйлыкка ээ болуп калып жатпайбы? Ошого мен, машыктыруучулар баарыбыз “акыйкат болбой калды” деп ызылдап чыктык. Калыстыкты талап кылдык. “Наам алгысы келсе ар ким менен күрөшүп, жарым финалга, финалга, анан суперфиналга беттешке чыкпайт беле?” дедик. Бул атайын жогору жактан түшкөн буюртма окшойт, бизди эч ким уккан жок. Күчкө салып коюшту. Монгуш бул наамды 8 жыл мурун уткан экен, ошол наамын коргоду деп коюшту. Ошого ичим абдан ачышты. Канча мээнет, аккан маңдай тер... Байге, наамды ага жөн эле кармата беришти. Мага 1-орун деп алтын медаль ыйгарып тим болушту.
– Мыкты формада экенсиз, Көчмөндөр оюндарына канча убакыт даярдандыңыз эле?
– 7 айдан ашык. Анткени иш-чара өзүбүздүн өлкөдө өтө тургандыктан жоопкерчилик чоң болчу. Намысты алдырбайлы дедик. Даярдыкты катуу көрдүм, жеңиш оңой келген жок. Башында оорудум, ошого жакшы машыга албай жаттым. Анан сасык тумоолоп калдым, ангинам кармады. Кыскасы, машыгып жатып, оорулар менен да күрөшкөндөй эле болдум.
– Балбан катары кандай ийгиликтериңиз бар? Окурмандар үчүн айта кетсеңиз...
– Дүйнө чемпиондугун алгачкы жолу Чувашия өлкөсүнөн, экинчи жолу Кыргызстандан, үчүнчүсүндө Татарстандан уткам. Төртүнчүсүн минтип Көчмөндөр оюндарында камсыз кылдым. Белбоо күрөшү боюнча чемпиондукту Казакстандан уткам, Татарстандан 2-орунга илингем. Көчмөндөр оюндарында Астанада 1-орунду ээлегем. Анда Кыргызстандын курама командасынын капитаны болуп, ачылышында тууну көтөрүп чыккам. Алыш күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун коло медалынын ээсимин. 2024-жылы Таласта өткөн чоң мааракеде күрөштө баш байге – автоунааны утум алгам.
Кыргыз күрөшү башка элдердин улуттук күрөш оюндарына окшошуп кетет. Ошондуктан бат үйрөнүп кетүүгө болот. Казакстан, Түркмөнстан, Монголия, Орусиянын балбандары абдан күчтүү болушат жана өздөрүнө таандык ыкмаларды, амалдарды көп колдонушат. Мисалы, бурамай, илмей, жамбашка салмай... Алар менен беттештер оор өтөт. Кармаган жерин кайыштырып, заматта көтөрө чаап салсам деп даяр тургандар. Ошого жараша сага да көп даярдык, эрк керек болот.
– Иштешели деп чет өлкөдөн сунуштар түшө элекпи?
– Түшө элек. Бирок убагында Ирактан биздин балбандарга сунуштар болгонун уккам.
– Эми өзүңүз тууралуу сурайын. Кайсы жердин кулуну болосуз, кандай үй-бүлөдө өскөнсүз?
– Мен 1994-жылы 2-февралда Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылында төрөлүп, өстүм. Ата-тегим нарындык. Кесибим – инженер. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүргөм. Карапайым үй-бүлөнүн баласымын. Атам курулуш тармагында иштейт. Апам тигүүчү. Балдардан үйдө эң улуусу мен, карындашым, эгиз инилерим бар. Мен иштеп акча таап, ата-энемди баккандын ордуна спортту тандап кеттим. Күрөштөн акча таппайсың. Спорттун фанаты экенимди, аны таштап кете албасымды үйдөгүлөр эбак түшүнгөн. Бирок апам кээде “мунуңду качан жыйынтыктайсың? Иштесең боло” деп айтып калат. Чынын айтканда, мамлекет тарабынан материалдык колдоо жок. Мени ата-энем, тууган, достор, элим колдоп келе жатат. Биринчи жолу Дүйнө чемпиону болгонумда чүйлүк агалар ат мингизишкен. Эгер кыргызстандык эмес, чет өлкөлүк балбан болсом, мени эбак эле үй-жай, унаа менен камсыз кылып коюшмак.
– Кыргыз күрөшүнө кызыккан жаштарга сизден кеңеш болсун...
– Биз, балбандар, байыркы көчмөн маданиятын тартып келе жаткан күрөштү дүйнөгө жайылтуубуз, таанытуубуз керек. Андыктан күрөштөн өзүн көрсөтүп, өлкөнүн туусун көтөрсөм деген кыялы барлар сөзсүз үзгүлтүкүз машыгуулары керек. Спорт – оор, кыйынчылык көп. Бирок максаттан тайбаш керек. Башкысы – каалоо жана эрк.
Канымжан Усупбекова