Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарынын Б.Осмонов көчөсү №138 үйүнүн жашоочусу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, “Жармухамед” медициналык борборунун жетекчиси, Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу Ахмедов Шавкатбек Джармухамедовичтин өзүнүн эмгек жамааты менен сизге жасаган К А Й Р Ы Л У У С У.
Урматтуу ажобуз Садыр Нуркожоевич. Биз сиздин жүргүзгөн саясатыңызды Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөнүңүздөн баштап, “Кумтөр” маселесинде жаныңызды аябай, элим-жерим деп күйүп-жанып түрмөлөрдө отуруп өткөргөн күндөрүңүздөн бери жакшы билебиз. Мына, Кудайыбыздын ниети, көңүлү түз экен, сизди такка алып келгенден бери биздин элдин жашоо-шарттары оңолуп, көңүлүбүз толуп турган кезинде, бир гана генерал Ташиевдин бизге кылган мамилеси, биздин 25 дарыгерибиздин эмгегин баалабастан жеке клиникабызды өкмөткө өткөрүп берүүбүзгө мажбур кылганы кайрылуу жасоого себеп болду.
2010-жылы үй-бүлөм, бир туугандарым менен өзүбүздүн бешене тер мээнетибиз аркылуу коммерция кылып жүрүп, чоң каражат сарптап ушул клиниканы курганбыз. Сиз билсеңиз керек, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Н.Т.Танаевдин 2002-жылдын 31-июлунда чыгарган №508 токтомун. “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо системасын реформалоо жана реструктуризациялоо жөнүндө” токтомунун негизинде облустук, райондук ооруканалардын аймагында жайгашкан, бош турган эски имараттары аукцион аркылуу сатыкка койгон жана ижарага берүү жолдору менен ишке ашырган. Ошол маалда мага профсоюз уюму тарабынан колдоо табылып, оорукананын четинде жайгашкан 1939-жылы чийки кирпич менен курулган (заброшенный), эшик-терезелери, полу жок, мурда устакана (мастерская), лаборатория жана архив болуп иштетилген 307 чарчы метр жер аянтчасын ээлеген, эски, кулап калайын деген имарат көрсөтүлгөн. Саламаттык сактоо министрлиги менен болгон келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду агенттигинин мурдагы Жалал-Абад шаарындагы өкүлү аркылуу, бардык керектүү процедураларды аткарып, сатуу жана сатып алуу жолдору менен, нотариалдык (контора) кеңсе аркылуу Мамлекеттик каттоо ишканасынан (Госрегистр) Кызыл китепке ээ болгом.
Урматтуу президент, сиздин айткан сөзүңүз бар: “КЫЗЫЛ КИТЕП – бул кол тийбестик” деген. “Эгер ушунчалык ошол объект өкмөткө керек болсо, ал жерге компенсация түрүндө акча төлөп беришиңер керек” деген сөзүңүздү баарыбыз укканбыз. Бизде 2010-жылдан бери 20-25 медициналык кызматкер такай эмгектенип келе жатышкан. 2025-жылдын 31-мартында ошол учурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал К.К. Ташиев облустук ооруканага жасаган сапарында “оорукананын аймагында жайгашкан жеке менчик клиникаларды тезинен бузуп алып чыгып кетишсин. Болбосо өзүбүз сүрдүрүп салабыз” деген талабын койгондон кийин, менин облустук УКМК кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүдө “клиниканы бузбай эле коёлу, эл пайдалансын. Бузгандан кимге пайда? Ушул турушунда өкмөткө өз ыктыярым менен өткөрүп берейин, бузбастан бүтүн сактап калалы” деген сунушумду макул көрүшүп, ушундай келишимди туура деп таптык. Оозеки келишимге ылайык, имараттын жартысын – 160 чарчы метрди ижарага беришмек болгон. Жартысына пульмонология бөлүмүн 25 пациенти менен киргизип койгонбуз дароо эле. Андай кылбасак бузулуп кетмек. Бир жагынан туура кылган экенбиз, эски терапия бөлүмүн бузганы турушкан экен, ошол замат пульмонологиядагы бейтаптарды дароо биздин клиникага жайгаштырып коюшту. Өкмөткө кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүү да көп көйгөйлөрдү жаратып, убакытты жана каражаттарды талап кылат экен. Ошентип, 2025-жылдын 8-декабрында Мамлекеттик каттоо (Госрегистр) ишканасына барып, Мамлекеттик мүлк фонду агенттигинин өкүлү Абдыкеримова Г. менен болгон келишимге “өз ыктыярым менен өткөрүп берем” деп кол коюп бердим, андан башка жолу жок болчу. Коронавирус пандемиясы мезгилинде да мен клиникамды облустук ооруканага 1,5 жылга бошотуп бергем, “акысыз иштетиңиздер” деп, аны директор жакшы билет. Азыркы учурда ошол 25 кызматкерибизге жана профилдүү бейтаптарыбызга орун-жайлары жетишпегендигине байланыштуу кайра өзүбүзгө өткөрүп алууга жардам берүүңүздөрдү жамаатыбыз менен суранабыз. Анысы аз келгенсип, бизге ижарага бермек турсун, облустук оорукана администрациясы бизди шаардык сотко берип коюптур “имаратыбызды бошотпой жатышат” деп. Ушинтип биз көчөдө кала турган маал келип калды окшойт. Биздин ошол 25 медицина кызматкерибиз өз үй-бүлөлөрүн багып, өкмөткө өз убагында салык төлөмдөрүн төлөп, Соцфондго акча өткөрүп турушат. Биз президентибиздин саясатын жана жасап жаткан жумуштарын жамаатыбыз менен колдойбуз жана үндөйбүз. Сизден жамаатыбыз менен ушул клиниканы элдин ден соолугуна кызмат кылуу үчүн кайра кайтарып алуубузга же болбосо компенсация төлөтүп алууга жардам берүүңүздү суранабыз. Урматтуу президент, сизден башка ишенер кишибиз жок, кызматкерлерибиз пикетке да чыгууга даяр болуп турушат, мен аларды токтотуп жатам. Ишеничибиз бир гана сиздин колдооңузда. Соттор эмне деп айтышат, бир Кудай билет. Али сотко бере элекпиз. Сиздин сайтыңызга да кайрылган элек, жооп ала албадык. Бул жолу ишеничибиз чоң. Сизди келе жаткан шайлоолордо 100 пайыз колдойбуз деп ишендирип кетебиз. Сизге ден соолук, узун өмүр тилеп “Жармухамед” клиникасынын өмүр сакчылары:
1. Арыз ээси Ахмедов Шавкатбек Джармухамедович. “Жармухамед” клиникасынын директору. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы. Манас шаарынын ардактуу атуулу.
2. Абдукадырова Максудахан Абдувахабовна, улук медайым.
3. Алмаматова Жаркынай Алмаматовна, лаборант.
4. Ахмедов Эрланбек Шавкатбекович, врач-эндоскопист, хирург.
5. Карагулова Батмакан Орозалиевна, кичи медайым.
6. Байтиева Рахат Орозбековна, медайым.
7. Бедияров Улугбек Аскаралиевич, врач-теривенеролог.
8. Закиров Фаррух Содикжанович, врач-кардиолог. ЭХО.
9. Исабаев Талибжан Вахабович, невропатолог. Директордун орун басары. Бөлүм башчы.
10. Мадазимова Наргиза Мадаминжановна, медайым.
11. Маманова Гүлнара Абдиллаевна, врач. УЗИ. Администратор.
12. Мусаева Айнура Абдыкалыевна, кичи медайым.
13. Апсаматова Мухлисахан Жумабековна, укалоочу-массажист.
14. Ражаббаева Махфуза Гафуржановна, медайым.
15. Раимжанова Умида Мухамадазизовна, врач-лаборант.
16. Сарыкулова Одинахон Мукумжановна, кичи медайым.
17. Семетеева Айпери Семетеевна, врач-невропатолог.
18. Мадазимова Рисолатхан Тойчиходжаева, ашпоз.
19. Хакимова Мухтасар Салиловна, регистратор. Кадр бөлүмү.
20. Хусаинова Назира Мадаминжановна, чарба медайымы.
21. Ахмедова Замира Жармаматовна, бухгалтер.
22. Кадырова Замира Кадыровна, врач. Балдар неврологу.
23. Ботоева Алымкан Жантороевна, врач. Онко-гинеколог.
24. Малабаев Бексултан, врач-уролог.
25. Омурбек кызы Айназик, медайым. Эндоскопия бөлүмү.
“Жармухамед” клиникасынын директору Ахмедов Ш.Дж.
Телефон: 0772 21-49-23. 0556 53-83-03.