Туратка турмушка чыгып, шаардагы жумушумду таштап айылга келин болуп келгениме 6 жыл болду. Айылга келген чечимимди колдогондор да, “кайненең бар экен, кууратат” деп оюмду өзгөрткүсү келгендер да болду. Баарын уктум да, жүрөгүмдүн үнүн ээрчип айылга келе бердим. Тураттай баланы төрөгөн эне жаман болушу мүмкүн эмес деп. Келин баары бир кыздай болбойт дешет го, мен деле кыз болгон жокмун, мен кайненемдин көкүрөк күчүгүнө айландым десем болот. Өзүмдүн апамдан көрбөгөн мээримди, камкордукту кайненемден көрдүм. Жаңы келгенден азыркыга чейин кабак-кашымдан эмне өзгөрүү болгонун билип турат. Бир жолу конокто кызмат кылып жүрүп бир эженин өз келиндерин жамандап жатканын угуп калдым. Ошондо менин апам “үйдүн ичиндеги сырды эмне бул жакка алып келдиң? Өз келиниңди өзүң жамандасаң, аны ким мактамак эле? Жаман десең жаман болот, жакшы десең сени кошуп көкөлөтүп алат. Мындайыңды экинчи укпайын?!” деп оозун басты. Чынымды кармап бери жакта кудуңдап мен турам “ырас эле кылды” деп.
Үйдө бийлик апамда, бийлик менен кошо баарыбыздын жоопкерчилигибиз да анын моюнунда. Турат экөөбүз айлыгыбызды апама алып келип беребиз, ал өз пенсиясын кошуп акчаны кыйын сактайт. Биз болсо колго акча тийсе көрүнгөн бок-сак сатып алып айдын аягына жетпей калабыз. Ушуга керек десең “ме” деп эле берет. Өзүнө эч нерсе албайт, алып берели десек “меники толтура, кереги жок. Андан көрө азык-түлүк алалы” деп турат.
Апам жок болсо балдарыбызды ким каралашмак, билбейм. Мен иштебей үйдө отуруп калсам керек эле. Биз эртең менен туруп алып жумушка кетип калабыз. Апам балдарды тургузуп, курсагын тойгузуп, кичүүсүн коляскага салып, улууларын кийинтип алып бала бакчага алып барат. Кайра кичүүсү менен үйгө келет, аны кечке ойнотот. Кечинде кайра бала бакчага барып келет. Дээрлик бала багуу жагынан бир да жолу кыйналган жокмун.
Ооруп калсам “бөлмөңө кирип жат” деп киргизип жиберет. Өзү шорпо жасап, күйөөмдөн берип жиберет. Эмне дары керектигин сурап, дарыканага барып келет.
Үйдү качан жыйнайм, эмне тамак жасайм, кирди качан жууйм дегендерге кийлигишпейт. Бул да болсо мага болгон ишеним деп билем, андыктан уят болбой үйдү таза кармаганга аракет кылам.
Конокторго барганда да кызмат кылып жүрүп ачка калган жоксуңбу, үшүп калган жоксуңбу деп көзөмөлдөп турат. Үйгө конок чакырганда баарын жайгарып, кандай сый көрсөтүлүшү керектигин да кайненемден үйрөндүм.
Апам үйдө жокто бир нерсе жетишпегендей, улам саатты карай берем. Турат да “апам жокпу, кечикти го, барып алып келе калайын” десе, балдарыбыз “энем келсе сени айтам, уруштуң” деп мага кол кезеп, энекесин күтүп турушат.
Бүгүн колума калем алып, апама ыраазычылыгымды жазгым келди. Апа, мени чындап өз кызыңыздай кабыл алганыңызга, колдооңузга, ишенимиңизге, мээримиңизге, жардамыңызга ыраазымын. Сиз менин кыялымдагы кайнене болдуңуз!
Гүлай