Орусиялык популярдуу актёрлордун бири, пародист, үн коштоочу, шоумен Сергей Бурунов бүгүнкү макалабыздын башкы каарманы. Атактуулукту актёр катары эмес, “Большая разница” аттуу телеберүүдө шоу-бизнес өкүлдөрүнөн баштап, саясатчыларга чейин туурап, пародист катары багынткан. Буруновдун артында совет доорундагы оор балалык мезгил турат. “Мен тозоктон чыкпай каламбы деп ойлочумун. Чоң энем болсо “чыда...” дейт эле...”
Туулган жери: СССР, Москва
Туулган жылы: 1977-жыл, 6-март
Жылдыз белгиси: балык
Бою: 174 сантиметр
Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Полицейский с Рублёвки”, “Мылодрама”, “Содержанки”, “Слово пацана. Кровь на асфальте”
“Эмки жолугушууда соо калбайсың”
“Өзү күлкүлүү, көзү кайгылуу актёр” деп сыпатташат орус актёрун жакындан билгендер. Тасма талаасында экстраверт, берилген ролдорун катыра аткарат, импровизациясы менен жанындагылардын баарын күлкүгө бөлөп. Бирок жеке жашоосун сандыктын түбүнө каткан интроверттик жайы бар. Жашоосу тууралуу ачылып айта бербейт, бирок балалыгындагы айрым оор эпизоддорго токтолгон жайы бар.
“Слово пацана” сериалында менин башымдан өткөн көп реалдуулук бар. Мен совет доорундагы 80-жылдарды башымдан өткөрдүм. Көчөдө жөн басуу коркунучтуу болчу. Бир жолу классташ балдар болуп мектептен келе жатканда бир бандадагы 9 бала бизди тосуп алып, өлөрчө сабашты. Бетке тийген тепкини азыркыга чейин унутпайм. “Эмки жолугушууда соо калбайсың” деп коё беришкен. Азыр тирүү жүргөнүмдөн аларга кайра жолукпаганымды байкадыңар да. Биздин райондогу кырдаалдан улам чоң энем “балам, мектепте жакшы окуба, “3” алсаң жетет. Башкалардан өзгөчөлөнбө. Сабашса, чыда...” деп коркконго үйрөтчү. Ата-энемдин мага карата катаал мамилесинин азыркы жашоомо терс таасири бар. Бул совет мезгилинин тарбиясы деп билем”.
Асман карап...
Ата-энеси жөнөкөй жумушчулар эле, атасы – электротехник, апасы – медайым болуп иштечү. Сергей менен агасы Олег чоң энесинин карамагында калышчу. Үйү Домодедово аэропортунун жанында эле, андыктан балдар асман карап чоңоюшкан. Ободо ары-бери калкып учкан учактарга суктанып... Ошентип авиацияга болгон кызыгуу жаралып, өспүрүм куракта аэроклубга жазылган, учкуч-сүйүүчү курсунан окуп. 16 жашында курсту аяктап, Як-52 машыгуу учагын башкарууну үйрөнүп чыккан. Мектепти аяктагандан кийин Волгоград шаарындагы Качинск аскердик авиациялык училищеге тапшырып, учкуч болуу кыялына дагы бир кадам таштаган эле. Бирок дал ушул жайдан максаты башка багытка бурулуп кетти.
КВН
Окуудан эмнеге кетип калды дебейсизби. Баарына күнөөлүү КВН экен. Студент кезинде КВНге аралашып, окуу жайлар аралык сынактарга катыша баштайт. Юмор дүйнөсү ушунчалык өзүнө тарткандыктан, окууга убактысы калбай, 2-курстун аягында авиациялык училище Буруновду окуудан “айдап” жиберген.
Волгограддан кайра Москвага келип, ата-энесине “театралдык окуу жайга тапшырам” дейт. Жигиттин бул каалоосун ата-эне жактырбайт “бекерчи болгондон көрө иште” деп курулушка киргизип коюшкан. Ошентсе да Сергей мырза окууга тапшыруу аракетин токтоткон эмес, улам актёрлукка тапшырып, улам “кулап” кала берген. Баласынын өжөрлүгүн байкаган ата-энеси айласыз жардам берип, Щукин театралдык училищенин акы төлөнгөн бөлүмүнөн билим алган. Дал ушул жерден пародисттик таланты ойгонгон экен. Аны көпчүлүк “Большая разница” шоусундагы пародист катары таанышкан.
Леонардо Ди Каприонун орус үнү
Ооба, көптөгөн Голливуд жылдыздарын орусча сүйлөткөн актёр – Сергей Бурунов. Өзгөчө Леонардо Ди Каприонун үнүн 19 жыл орусча коштогон (2023-жылга чейинки тасмаларда). Щукин окуу жайын бүткөндөн кийин билими боюнча жумуш таппай, бир радиого диджей болуп орношкон экен. Үнү, дикциясы ошол жактан такшалыптыр.
Кийин сатира театрында иштеген. “Театрда 4 жыл иштедим. Тозокту ошол жактан көрдүм окшойт. Башкы каармандардын ролун ойноого кебетем жарачу эмес. Андыктан майда-чүйдө ролдорго: жаныбарлар, тал-теректер, анимациялык каармандарды көргөзчүмүн. Бир жолу балдарга арналган сценканы ойноп жатканда башымдагы парик түшүп калып, балдар “эй, таз баш” деп кыйкырганы эсимде. Айтор, сатира театры мага психикалык жаракаттарды алып келди”,- деп эскерет Бурунов.
Арык кези белгисиз...
Чынында эле Сергей Буруновдун арык, чачы бар кезин көпчүлүк элестете албайт. Анткени ал атактуулукту багынткан мезгилде чачы түшүп тазга айланып, курсак байлап калган эле. Кино тармагына 1998-99-жылдары келген. Эпизоддук, экинчи пландагы ролдор менен. Сапаты менен болбосо да, саны менен тасма-сериалдарга тартыла берди. Аракетти токтотпош керек эле.
2010-жыл
Актёрдун жашоосундагы эң оор мезгил. Бул жылы апасы каза болуп, Сергей мырза жашоону кантип улантышты билбей калганын эскерет. Депрессияны жеңе албай, ичкиликке берилип кеткен. “Өзүмдү таба албай жатып 6-7 жыл өтүп кетти. Убакыт дарылайт деген калп экен, убакыт тескерисинче, талкалайт дегенге ишенгем” дейт актёр. Психолог, психотерапевттердин жардамына кайрылууга аргасыз болгон. 2013-жылы “Большая разница” долбоору жабылып калып, жумушу жок, акчасы жок, карызга баткан күндөр курчап алган. Анан көптөн күткөн күн келди. Тагыраагы, актёрдун жылдызын жандырган долбоор жаралды.
“Полицейский с Рублёвки”
2016-жылы экранга комедия жанрындагы, полиция кызматкерлеринин күнүмдүгүн чагылдырган “Полицейский с Рублёвки” сериалы чыкты. Анда Бурунов подполковник, башкы каармандын жетекчиси Владимир Сергеевич Яковлевдин ролунда эле. Тасма жаратуучулар Буруновдун “образга бат киргенине, импровизациясына” жогорку баа беришкен. Сценарийде жок жерден кол алдындагыларды ашатып сөгүп, кайра аларды алдап, айтор, тасма талаасында атмосфера жараткан адам Сергей Бурунов болгон. Долбоор көпчүлүккө жаккандыктан 4 сезондуу сериал жана толук метраждуу 2 тасма тартылган.
Эми ал артта эмес
Жалаң экинчи планда жүргөн Бурунов эми алдыда. Азыр ал суроо-талапка ээ актёр, театрда да алдынкы орунда, пародист, шоумен жана алып баруучу (“Форт Боярд”). Ал тартылган сериалдар сезондорго уланат, мисалы, “Ивановы-Ивановы” (5 сезон), “Мылодрама” (2-сезон), “Туристическая полиция” (2 сезон) жана башкалар.
Кыскача...
Кумары – мотоцикл.
Хоббиси – диджеинг. Элестетүү кыйын, бирок диджейлик пультта турганды жактырат. Диджей Грув менен жакын дос.
Фанат – электрондук музыканын күйөрманы.
Канча табат – такталбаган маалыматтарга караганда, Сергей Буруновдун бир иш күнү 1,5 миллион рублга бааланат.
Кайсы футболдук клубга күйөрман – ЦСКА.
Шоу-бизнестеги достору – Гарик Харламов, Павел Воля.
Асыл Орозбекова