“Сен улуусуң да...” бул сөз жана анын артында улуу балдардан талап кылынган иш-аракеттер көпчүлүк учурда аларда катылган психологиялык жаракаттарга алып келиши мүмкүн. Бул процесс баланын чоңоюусуна, анын жүрүм-турумуна, келечегине да түрдүү таасирин тийгизет. Улуу балдарда психологиялык жаракатка алып келе турган аспектилерди билип, алдын алууну үйрөнүп алуу зарыл. Макала ата-энелер үчүн кеңеш болсун.
1-тажрыйба
Үй-бүлөдө тун наристенин төрөлүшү ата-эне үчүн 1-тажрыйба болуп эсептелет. Алар өзүлөрү да жакшы түшүнбөшү мүмкүн, эмне туура, эмне туура эместигин. Андыктан үйдө перфекционизм ыкмасы өкүм сүрөт. Баланын тамактануусу саат, мүнөтүнөн бери каралат. Кошумча тамактар градусунан, граммынан бери тыкыр көзөмөлдөнөт. Кийген кийимдеринин баары үтүктөлүп, бөлмө температурасы каралат. Бала чоңойгон сайын байкабай эле анын жүрүм-турумуна чектөөлөр коюла баштайт. Тамак кийимине түшүп кетсе ал туура эместигин айтышат, кийимин кирдетсе аны дароо алмаштырууга өтүшөт. Балага катуу талаптар коюлуп, эрежелер пайда болот “кармаба, барба, чуркаба” деген сыяктуу. Натыйжада улуу бала жогорку талаптардын атмосферасында чоңоёт да, кийин перфекционист адам болуп калат.
Үмүт артуу жана жоопкерчилик
Улуу балдар ата-энелер тараптан да, коомчулук тараптан да жоопкерчилик, үмүт артуу басымынын алдында чоңоюшат. Аларга үйдөгү башка балдарга караганда көбүрөөк тапшырма берилет, көп жумшалат. Бөбөктөрүнөн жашы улуу болгону менен, өзү деле кичинекейлердин катарына кирген балдар үчүн мындай мамиле стресс жаратат, бала ичинен чүнчүп чоңоёт. Бир нерсе десе, чоңдордон “сен улуусуң да...” деген сөздү угушат.
Бат чоңоёт
Улуу балдардын балалыгы эрте бүтөт. Үй-бүлөдө экинчи, үчүнчү наристелердин төрөлүшү менен улуу бала тез чоңоюуга аргасыз. Мурдагыдай ага көңүл буруу азаят, кээде такыр эле жок болуп калышы мүмкүн. Мээримдин ордуна талаптар көбөйөт, “тигини алып кел, муну кылып кой, берип кой сен чоңсун да...” деген.
Кызганыч
Өзүнөн кийинки бөбөктүн төрөлүшү улуу балада кызганыч сезимин жаратышы мүмкүн. Бул сезимди ал көп ыйлоо, ата-эненин сөзүн укпай коюу, каяша айтуу жана башка жүрүм-туруму менен көргөзөт. Бала өзүн кереги жоктой, ата-энеси аны жакшы көрбөй калгандай, көңүл бөлбөй жаткандай сезип, стресс болот.
Адилетсиздик
Улуу балдарды коштогон дагы бир сезим – чоңдордун өзүнө карата адилетсиздиги. Элдин баары кичинекейди эркелетет, ага белек-бечкек алып келишет, керекпи анын оюнчуктарын да тартып алып берип коюшат. Талашса, “сен чоңсуң да, бөбөгүңө беришиң керек” деген эмоционалдык басым көрсөтүшөт. Өзүнө болушкан киши жок бала стресс абалын, таарынычын жутканга аргасыз.
Конфликт жана атаандаштык
Майда балдар бар үй-бүлөдө сөзсүз түрдө конфликттер, атаандаштык көп болот. Оюнчук талашмай, ата-энесин талашмай, биринин кармаганы сөзсүз экинчисине да керек болот деген сыяктуу. Мындай учурларда көпчүлүк убакта улуу бала жеңилет. Анткени чоңдор кичинекейге болушат, “сен чоңсуң да, берип кой” дешет. Улуу бала бөбөгүнө эмес, ага да болушпаган ата-энеге таарынат, “эмнеге мага деле беришпейт, мен деле ошол оюнчук менен ойногум келген” деген ой жаралат. Өзүн эч ким жакшы көрбөгөндөй сезим жаралат.
Жардамчы, тарбиячы
“Бөбөгүңдү бак, кара” деген сөздү улуу балдардын баары эле угат. Бул учурда агасы же эжеси кичинекей бөбөктөрүн карашы керек деген ой жаралат ата-энеде. Чындыгында ата-эне муну менен улуу балдарын ага же эже эмес, өзүнө жардамчы, бала баккыч, тарбиячы кылып чоң адамдын жоопкерчилигин кичинекей балага артып коюшат. Мындай балдар чынында эле тез чоңоюшат, акыл-эси, кыймыл-аракети, жүрүм-туруму жагынан. Анткени таттуу балалыктан эрте эле суурулуп чыгып, чоңдордун түйшүктүү жашоосуна аралашып кетишет.
Жардам сурай албайт
Тун балдар дайыма бөбөктөрүн карап, аларга тамак берип, уктатып, кийимин жууп деген сыяктуу иштерди жасап жүрүп, кийин чоңойгондо да ошол “мен баарын карашым керек” деген ой калыптанып калат. Бир туугандарынын маселесин, жүгүн моюнуна артат, экинчи ата-эненин ролунда болот. Өз жашоосу жакшы эмес болуп жатса да башкаларга жардам берүүгө ашыгат. Өзү жардам сурай албайт, анткени кичинесинен “сен чоңсуң да, кылышың керек” деген басымда чоңоёт. Өзүнүн маселесин өзү артат, башкаларга ачыла албайт.
Эмне кылуу керек?
1. Бирдей мамиле. Үй-бүлөдө канча бала болсо, баарына бирдей мамиле кылуу керек. Бирөөнү “сен чоңсуң да” деп урушсаңыз, ошол эле кезекте экинчи баланы да “сен кичинесиң” да деп какыс-кукус кылыңыз. Бирдей эркелетиңиз, көңүл бөлүңүз, сүйлөшүңүз, жакшы көрөрүңүздү бат-баттан айтып туруңуз.
2. Улуу балдарга ата-эне өзү атаандаш болуп албашы керек, баланын жашын карап, анын курагындагы өзүңүздү элестетип көрүңүз. Андыктан чоң жоопкерчилик илип, ага көп талап коё берүүнүн кереги жок.
3. Ачык болуу. Бала менен кандай тема болбосун сүйлөшүүгө ачык болуу керек. Баланын дүйнө таанымы калыптана элек, чоңдор билген элементардык нерселер аларга ачылыш болушу ыктымал. Андыктан бир нерсе сураса кагып салбай, түшүндүрүп бергенге аракет кылыңыз. Түшүндүргөндүн ордуна какшыктап, шылдыңдап же урушуп салсаңыз, балада сизге болгон ишеним жоголот, эмоционалдык жактан жабылып калат “мени түшүнбөйт, шылдыңдайт, урушат” деп.
4. Мактоо. Улуу балдарга баары бир талап көбүрөөк болот. Андыктан ата-эне анын кичинекей ийгилиги болсо да мактаганды унутпашы керек. Бала өзүн керектүү, баалуу сезип калат. Анын кызыкчылыгын карап, өсүүсүнө керектүү нерселерди алып бериңиз.
Асыл Орозбекова