(Башы өткөн сандарда)
Ошентип күткөн күн да келди. Ошол күнү Илим экөөбүз болжолдошкон жерден жолуктук. Анын өңү купкуу болчу, машинесине отурганда да тек алдын карап кетип бара жатты. Анын ичинде катуу бороон жүрүп жаткан эле, андай абал менин да башымдан өткөн. Жайына коюшум керек болчу. Бир кезде Илим машинени токтотуп, сыртка чыкты. Аркасынан мен да чыктым.
– Коркуп жатасыңбы?- дедим акырын.
Илим жооп берген жок. Машинедеги ДНКнын жыйынтыгын алып чыкты да, көпкө карады. Кагазды кайра-кайра ачып карай берди, куду ичинен бирөө чыга калчудай, башка бир жыйынтык күткөндөй эле. Андагы бир нече сап анын бүт өмүрүн төңкөрүп салганын билип жүрөгүм ооруп жатты.
– Тамчы, барбай эле, көрбөй эле койсом эмне болот? Ушунча жыл менсиз жашаган адам эми деле менсиз жашай берет. Мага оор...
Жүрөгүм сыздап кетти. “Өзүң чеч” дедим. Чын эле анын ордуна мен эмне кыла алмак элем. Бир пас ойлонуп турду да, кайра жолубузду уладык. Айым апанын үйүнө келдик. Эшикти Айым апа өзү ачты. Алгач мени көрүп жылмайды. Анан артымдагы Илимди көргөндө жүзүндөгү жылмаюу акырын өчүп бара жатты.
Көздөрү Илимдин жүзүнө кадалды. Илим да кыймылдабай туруп калды. Бир нече секунд эч ким сүйлөгөн жок. Айым апанын эриндери титиреди. Илим үйгө кирди. Мен артынан кирбей, эшиктин жанында туруп калдым. Бул жолугушууда менин керегим жок эле. Отурдум бүк түшө, экөө бири-бирине карама-каршы отурушту.
– Атың Илимби?- деди ал эмнегедир.
– Ооба.
Айым апа башын ийкеди.
– Илим, демек... Атың башкача болчу. Эми ал маанилүү эмес, сага Илим деген ат жарашмак экен. Илим, Илим...
Атын кобурана берди. Көздөрүнөн жаш агып жатты. Бирок сабырдуу жана акылдуу аял эле. Илимди кучактап ыйлап, чачын жулган сыяктуу эс нерсе кылбады. Токтоо, мээрим менен тиктеп турду.
– Мени... тааныбайсың да, ээ?
Илим жооп бере албай калды. Айым апа көзүн төмөн салды.
– Тааныбайсың. Сенин күнөөң жок. Менин күнөөм, ат көтөргүс менин күнөөм...
Илимдин жаагы тырышып кетти, мындайда ал катуу айтып салат, оройлонуп кетет. Чын эле айтып салды. Ал ДНКнын жыйынтыгын столго койду да, сөөмөйү менен Айым апага жылдырып койду.
– Мен сизди тааныбайм. Бирок... бул жыйынтык менин сиздин уулуңуз экенимди айтып жатат. Бул бир нече жолу жасалды, бирок жыйынтык окшош чыкты. Демек, сиз мени төрөгөн аял экениңиз чын. Мен бул жерге ошол аялды жөн гана көрүп, көзүнө тике караш үчүн келдим. Башка эч нерсе үчүн келген жокмун. Тек гана бир көрсөм дедим...
Айым апа кагазга караган жок. Ал Илимди гана тиктеп турду.
– Мен ал кагазыңды окугум келбейт. Анткени жүрөгүм сен менин балам экениңди билет. Сен Алиге окшошсуң! Атаңа, Алиге!
– Анда эмнеге мени таштап кеттиңиз?
– Сенин биринчи сурооң ушул болот. Көп жолу көз алдыма элестеткем.
– Мен сизди жек көрүшүм керекпи?
Айым апа ыйлап жиберди. Калтыраган колдору менен жүзүн басты. Уулуна жалдырай тиктеди.
– Жок, балам.
Илим селт этти.
– Мени антип айтпаңыз...
Айым апа ордунан туруп, ага жакындады. Бирок Илим артка бир кадам чегинди. Айым апа токтоп калды.
– Кечир мени...
– Сиз эмне үчүн кечирим сурап жатканыңызды да билбейсиз. Менин эмне болгонумду да билбейсиз. Кантип эне өз баласын таштайт? Кайсы ата өз баласын таштайт? Мен өз апамды, атамды күтүп чоңойдум. Ар бир аялды көргөн сайын “ушул менин апамбы?” деп карадым. Бирөө баласынын колун кармаганын көрсөм “мени да апам ушинтип кармады беле?” деп ойлочумун. Мен ооруп калганда кимдир-бирөө чекемден өөп койсо, апам болсо деп кыялданчумун.
Айым апа жүзүн колу менен жаап, ыйлап жиберди. Илимдин көз жашы да төгүлдү. Экөө тең ыйлап жатты. Мен да чөгөлөй отуруп ыйлап жаттым.
– Мен сизди жек көрөйүн десем да колумдан келбей жатат.
Ушул сөздөн кийин Айым апа ордунан жылып, ага жакындады. Бул жолу Илим артка чегинген жок. Айым апа колун анын бетине акырын тийгизди. Илим көзүн жумду. Менимче, ошол колдордун жылуулугу ага тааныш эле. Кандайдыр бир нерседен улам тааныш эле.
Балким, адам энесинин колун эстебесе да, жүрөгү эстейт болсо керек. Айым апа жүзүн кармалап барып, анын чекесинен өптү.
– Кечир, балам...
– Дагы бир жолу айтыңызчы...
– Эмнени?
– “Балам” деп...
– Балам, балам, балам, балам...
Илим ошол замат башын анын көкүрөгүнө жөлөдү. Көп жылдан бери биринчи жолу. Айым апа аны кучактап жатып, бир гана сөздү кайталай берди:
– Балам, балам, балам...
Мен эшиктин сыртында туруп, көз жашымды токтото албай калдым. Кээ бир жолугушууларда сөздүн кереги жок экен. Көп нерселер болду, ыйлашты, сүйлөштү, акыры өздөрүнө келип, чогуу чай ичкени отурдук. Ошондо Айым апа кайра сөз баштады.
– Илим, сен менден “эмнеге мени таштап кеттиң?” деп сурадың. Мен бул суроодон канча жыл качканымды билесиңби? Сен төрөлгөндө мен он жети жашта элем. Али экөөбүз сени чоңойтобуз деп кыялданганбыз. Бирок сен төрөлгөндөн көп өтпөй Али камалды. Мен жалгыз калдым. Атаң экөөбүз тең балдар үйүндө чоңойгонбуз. Бири-бирибизден башка эч кимибиз жок эле. Жалган жалаа менен атаң камалып кетти.
– Түрмөгө түштүбү?
– Ооба. Менин таянар адамым жок болчу. Эки жылга чейин эптеп ар кимге жалданып иштеп сени бактым. Бир жолу Ысык-Көлгө жалданып ишке кеткем. Ошол убакта катуу ооруп калдым. Кээде тамак таппай калган күндөрүм болду. Сен болсо али эмчектеги бала элең. Ошондо сени бирөөгө убактылуу калтырып, өзүм иштеп, бутума туруп алайын деп ойлодум. Бирок эч ким жардам бере алган жок. Акыры сени балдар үйүнө өткөрүп берем деген чечимге келдим. Сени көтөрүп алып, ошол жакка жөнөдүм. Бирок кабыл алышкан жок.
– Эмнеге?
– Документтер толук эмес экен. Сенин туулгандыгың тууралуу кагазың, менин документтерим, баары баш аламан болчу. “Кайра кел” дешти. Ошол күнү аябай алсыз болчумун. Сен да ыйлап жаттың. Мен сени көтөрүп алып, эмне кыларымды билбей көчөдө жүрдүм. Анан көл жээгине бардым. Эптеп курсагыңды тойгузсам дедим. Анткени ошол жакта адамдар көп болчу. Көл жээгинде эс алуучулар, жергиликтүү эл жүрчү. Мен сени жалгыз калтырсам, бирөө сөзсүз көрүп, жардам берет деп ойлодум.
– Сиз мени атайын эл бар жерге калтырдыңызбы?
– Ооба. Сен мени менен калсаң өлүп калат деп корктум. Анткени эч нерсе кыла албай калгам. Сулк гана жатып калгам. Тескерисинче, мени менен калсаң, ачка калып, ооруп, менин көз алдымда кыйналып каласың деп корктум.
Айым апанын үнү титиреп кетти. Дал ошол күндөргө келгендей эле.
– Сени көлдүн жээгиндеги адамдар отурган жерге алып бардым. Үстүңө өзүмдүн жоолугумду жаап, жаныңа бөтөлкө сүт калтырдым. Анан сени таштап, бир нече метр алыста туруп күттүм.
– Эмнени күттүңүз?
– Бирөө-жарымдын сени көрүшүн...
– Ким көрдү?
– Мен биринчи болуп бир аялдын сага жакындаганын көрдүм. Ал сени көтөрүп алды. Мен ошол учурда чуркап барып, “бул менин балам” деп айткым келди.
– Эмнеге айткан жоксуз?
Айым апа көз жашын токтото албай калды.
– Мен сени таштадым, Илим. Бул чындык. Ошол окуянын күнөөсүн өмүр бою көтөрүп келдим.
– Анан кайра келдиңизби? Ошол аял алып кеттиби?
– Ооба, ал сени көкүрөгүнө катуу кысып ыйлап жатты. Анан алып кетти күйөөсү экөө. Эрдимди кесе тиштеп карап турдум. Башка аргам жок эле. Ошондон кийин менин жашоом экиге бөлүндү. Сенсиз жашаганга аргасыз болгон күндөр жана сени издеген күндөр. Мен сенден өткөндү унут деп сурабайм. Болгону... ошол көл жээгинде сени жалгыз калтырганым менен, жүрөгүмдөн эч качан сени таштабаганымды билсең болду.
(Уландысы кийинки санда)