Бир күнү акылманга бир жигит келет. Ал:
– Акылман, айтыңызчы, канткенде бактылуу болом. Канча аракет кылдым, көп ийгиликке жетиштим, бирок бактылуу боло албай жатам. Бакытты кайдан табам?
Акылман ойлонуп отуруп, анан жигитке:
– Тоонун эң бийик жерине чык да, ошол жердеги эң кооз, жыпар жыты баарынан мыкты гүлдү таап, мага алып кел. Анан бакытты кайдан табарыңды айтам,- дейт.
Жигит макул болуп, тоого жөнөйт. Тоого чыгып баратып жолунан улам бир гүлгө кезигет, мына эң мыктысын таптым десе эле жанынан андан мыктысы, көркөмдүүсү чыга берет. Ошентип эң мыкты гүл издеп отуруп тоонун эң бийик жерине чыгат. Караса айланасын ажайып кооздукка бөлөгөн түркүн түстүү гүлдөр өсүп турат. Бирин үзөйүн десе, экинчиси, үчүнчүсү да мыкты көрүнө берет. Чарчап, буту араң шилтенген жигит кечинде кайра акылманга келет.
– Акылман, мен гүлдүн эң мыктысын тапкан жокмун. Баары сонун көрүндү,- дейт маанайы жок. Анда акылман:
– Сен бакытты тааптырсың. Бакыт – бул жете турган, кол менен кармап кала турган максат же буюм эмес. Бакыт – бул бизди курчап турган бардык нерсе. Аны майда-барат нерседен, көз ирмемден, кооздуктан, сулуулуктан, жакшы эмоциядан, азыркы мүнөттөн да тапса болот. Бакытты көрө алган, жарата алган адам бактылуу болот. Адам өзүн эмне бактылуу кыларын өзү гана чечет,- деген экен. Сизди дагы бактылуу кыла турган нерселер айланаңызда көп болсун, окурман.