Биз социалдык тармакта

ТАМШАНТКАН ТОЙДУН ХИТ САЛАТТАРЫ

Күркүрөгөн күз келип, мал семирип, жер-жемиш бышып, тойлор кызып турган маал. Кыргыздар айрыкча конокко катуу кам көрүп, тасмалга дүйүм тамак коюп, сыйдын жакшысын көргөзүп, ашыгы менен ыраазы кылып кетирүүнү самашат. Бул учурда кожойкелерге күч келип, “кандай салат, таттуу, закуске, тамак жасасам?” деп ойлонушат. Кожойкелерге жардамга келип, учурда хит болуп жаткан, даамдуу, көркөм салаттардын рецепттерин сунуштайбыз. 

 

“Тойбос” ысык салаты

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Консерваланган пачатка – 150 грамм

Консерваланган козу карын – 80 грамм

Уй эти – 300 грамм

Киви – 1 даана

Болгар калемпири, сары, кызыл – 1 даанадан

Брокколи – 120 грамм

Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти тарамына каршы жука тууроо керек. Кивини аарчып, майда туурайбыз да, этке кошуп аралаштырып, 10-15 мүнөт коёбуз. Эт жумшак, бат бышышы үчүн киви ширеси жардам берип, маринаддайт.

2. Болгар калемпирин ичке узун туурайбыз. Брокколини тутамдарынан ажыратып, экиге бөлөбүз. Пачаткалардын чоңдорун кыйгачтата экиге бөлөбүз, майдалары бүкүлү кошулат. Ал эми козу карынды экиге бөлөбүз.

3. Көмөч казанга майды куюп, ысыган кезде этти кивиден тазалап салып, кууруйбуз. 3-4 мүнөт куурулган соң капкагын жаап, отту ортолотуп 5 мүнөт демдеп бышырабыз. Андан соң этке туз татытып, болгар калемпирин салып, 2-3 мүнөт кууруу кажет. Артынан брокколи жана консерваланган азыктар салынат. Капкагын жаап 3-4 мүнөт демдеп чыгарабыз.

4. Тарелкаларга салып, күнжүт себелеп, ысык кезинде дасторконго коёбуз.

 

“Тамшан” салаты

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Тооктун ышталган төш эти – 300 грамм

Катуу сыр түрү – 150 грамм

Бадыраң – 200 грамм

Консерваланган корнишон – 150 грамм

Бөдөнө жумурткасы – 10-12 даана

Черри помидору – 4 даана

Кызыл салат жалбырагы – 2 боо

Майонез – 2-3 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Ышталган тоок этин жука үч бурч формасында кесебиз. Консерваланган майда корнишондун суусун төгүп, чоңун кыйгачтата экиге бөлөбүз да, калгандарын бүкүлү кошобуз.

2. Бөдөнөнүн жумурткасын сууда бышырабыз. 2-3 мүнөт кайнаса бышат. Аарчып, төрт тарелкага төртөөнү алып калып, калганын узатасынан тең экиге бөлөбүз.

3. Бадыраңды узатасынан экиге бөлүп, жука узун тууроо керек. Таза кызыл салат жалбырагын кол менен 3-4кө бөлүп, баарын майонез менен аралаштырабыз. Узун тарелкаларга салып, черри помидорун жана алып койгон бөдөнө жумурткасын экиге бөлүп, чекелерине кооздук үчүн колдонобуз. Даамы тамшанткан салатыбыз даяр!

Тил кошулган салат

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Тил – 350 грамм

Черри помидору – 70 грамм

Маринаддалган опята козу карыны – 120 грамм

Шпинат – 1 боо

Кызыл салат жалбырагы – 1 боо

Айсберг капустасы – 20 грамм

Зайтун же өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Лимон ширеси – 2 аш кашык

Бал же кумшекер – жарты чай кашык

Туз – татымына жараша

Бальзам соусу – кооздоо үчүн

Даярдоо ыкмасы:

1. Тил кайсы малдыкы болсо да жарай берет. Сууга туз татытып, тилди бышырып алабыз. Тил жука тилимдерге тууралат.

2. Өсүмдүк майына лимон ширесин, балды кошуп бир массага келгенче аралаштырабыз. Шпинат, салат жалбырагы жана айсберг капустасын кол менен 3-4кө бөлүп, даярдап алган соусту кошуп аралаштырабыз. Тарелкага бул ашкөктөрдү бөлүп салабыз.

3. Черри помидорун экиге бөлүп, козу карындын суусун төгүп, тууралган этке буларды кошуп аралаштырабыз.

4. Салат жалбырактарынын үстүнө эттерди жайгаштырып, бальзам соусунан кооздоп сыгабыз. Конокторду тамшанткан салат даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1240, 25-cентябрь-1-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан