(Башы өткөн сандарда)
Атамдын үнү угулат: “Кайра!” Тинатин көзүн жумду.
– Ошондо мен кайрадан он төрт жаштагы кыз болуп калам... Илим көпкө чейин жооп бере алган жок. Андан кийин гана жай айтты:
– Балким, сенин атаң сени таланттуу кылгысы келгендир... Тинатин башын көтөрдү.
– Балким. Бирок адам баласын таланттуу кылыш үчүн анын балалыгын курмандыкка чалууга болбойт.
Илимдин көздөрү тунарып кетти. Ал кыздын алдында биринчи жолу өзүнүн байлыгы жөнүндө эмес, адамдын балалыгын эч бир байлык кайра сатып ала албасын ойлоду. Ал эми Тинатин ошол эле учурда бир нерсени билчү эмес. Бул сырын айтып бүткөндөн кийин анын өткөнү жөнүндө күтүүсүздөн он төрт жылдан бери айтылбай келген бир кабар ошол сарайдын эшигин каккыламак. Илим Тинатиндин сөзүн көпкө чейин унчукпай угуп отурду. Андан соң ордунан туруп, терезеге барып бир саам сыртты карады.
– Бул үйдө сен эми конок эмессиң, Тинатин. Ал артына бурулду.
– Кааласаң, ушул жерде жашай бер. Окууңду улант. Скрипкаңды черт. Эч ким сага тоскоол болбойт. Тинатин эмне дээрин билбей калды.
– Бирок...
– Бирок эмес.
Илим биринчи жолу ага аталык мээримге окшогон жылуу көз караш менен карады.
– Сен көп нерсени жоготупсуң. Эми жок дегенде өзүңдү жоготпо.
Ошол сөздү айтып, эшикти көздөй басты.
– Илим ага...
– Ии?
– Рахмат.
Илим жылмайып гана:
– Бир күнү өзүңө да рахмат айтасың,- деп чыгып кетти.
Бир аздан кийин эшик ачылып, Зейнеп кирди. Анын жүзүндө адаттагыдай түшүнүксүз жылмаюу бар эле.
– Тинатин, бүгүн кечинде үйгө жакшы тааныштар келет.
Тинатин колундагы китепти жапты.
– Кимдер?
– Надырбек мырза, жубайы Зина жана кызы Айгүл. Зейнеп атайын бир аз тыным жасап:
– Айгүлдү Бекзат менен тааныштырам,- деди.
Тинатиндин жүрөгү эмнегедир бир соккудан жаңылгандай болду. Ал сыр бербегенге аракет кылды.
– Жакшы экен...
Зейнеп анын жүзүн тиктеп:
– Сен да кечинде кызматта болосуң. Конокторго каралашасың.
– Макул.
Зейнеп чыгып кетти. Эшик жабылганда Тинатин терезеге барып туруп калды. Өзүнө өзү түшүнбөгөн сезим көкүрөгүн кысымга алды. Эмне үчүн мага оор тийди? Бекзат экөөнүн таанышканына канча болду? Эч нерсе эмес. Болгону... Бир нече көз ирмем. Бир нече сүйлөшүү. Бир деңиз. Бир өмүргө жетпеген бир нече көз ирмем. Бирок жүрөк эсеп билбейт эле. Ошол күнү Тинатин хан сарайдан сыртка чыгып, Стамбулдун көчөлөрүнө жөнөдү. Шаар кадимкидей эле кымгуут. Адамдар шашып бара жатышты. Көчө кофе жыттанат. Дүкөндөрдүн айнектеринде жарыктар жылтылдайт. Тинатин бир дүкөнгө кирип, бир нече буюм карап жатып, артка бурулуп кетти.
– Кечиресиз!
Ал бирөөнү сүзүп алды. Колундагы баштык жерге түшүп кетти.
– Кечирип коюңуз... Тинатин эңкейип баштыкты алайын дегенде алдыда турган адам кыймылдабай туруп калганын байкады. Ал акырын башын көтөрдү. Алгач көздөрүн көрдү. Чарчаңкы. Бир нерсени көптөн бери күтүп чарчаган адамдын көздөрүндөй. Андан кийин жүзү. Албырган жүз. Тинатиндин колундагы баштык кайра жерге түшүп кетти.
– Сен...
Эркек эч нерсе деген жок. Бир гана аны тиктеп турду. Марат, аэропортто жетпей калган адам. Тинатиндин артынан көлөкөдөй ээрчип жүргөн адам. Ал Тинатинди эч качан унуткан эмес. Ал эми Тинатин аны көргөндө бир гана нерсени түшүндү, кээ бир адамдар сенин жашооңдон кетпейт. Сен аларды артта калтырдым деп ойлойсуң. Мараттын эриндери акырын кыймылдады.
– Таптым.
Тинатиндин жүрөгү зырп этти.
– Марат...
Ал артка бир кадам таштады. Марат болсо жылмайган жок.
– Сен мени аэропортто күттүрүп кеткенсиң.
– Мен...
– Эми мен сени күттүрбөйм.
Ушул сөздү айтып, бурулуп чыгып кетти. Тинатин болсо кыймылсыз туруп калды. Бул жөн гана жолугушуу беле? Же кимдир бирөө аны атайын таап келгенби?
Ошол эле учурда хан сарайда кечкиге даярдык башталган. Үйдүн кызматкерлери чуркап жүрүштү. Хикмет ага ар бир жерди текшерип:
– Гүлдөр түз турсун! Дасторкондогу бокалдар бир сызыкта болсун! Мелек! Сен эмне кылып жүрөсүң?!
Мелек колундагы табакты көтөрүп:
– Мен эч нерсе кылган жокмун!
– Ошол үчүн коркуп жатам!- деп жооп берди. Хикмет ага чекесин кармады.
– Кудай өзүң сакта бул үйдү...
Мелек акырын күлүп:
– Ага, бүгүн кудалар келеби?
– Ооба.
– Анда мен да кооз кийинем.
– Сен кызматчысың.
– Кызматчы деле адам да!
– Сенин эң чоң көйгөйүң – сүйлөгөнүң.
– А сиздики – мени укканыңыз!
Хикмет ага аны тик карап туруп:
– Жогол!
Мелек күлүп качып кетти. Кечки саат сегиздер чамасында үйдүн алдына кымбат унаа келип токтоду. Биринчи болуп улгайыңкы, салабаттуу эркек түштү. Надырбек. Анын артынан жубайы Зина чыкты. Ал эми акырында жаш кыз түштү. Ак көйнөк, жөнөкөй, бирок өтө жарашыктуу. Чачы тыкан жыйналган. Жүзүндө жылмаюу. Ал сарайды бир карап алды.
– Кызыңар ушул беле?- деди Хикмет ага алыстан.
Надырбек жылмайды.
– Ооба.
Кыз башын ийип:
– Саламатсыздарбы,- деди. Анан хан сарайдын эшигинде турган Тинатин аны көрдү. Тинатиндин жүзү бир заматта кубарып, колундагы табак титиреп кетти. Мелек анын жанына келип:
– Тинатин, эмне болду?- деп сурады.
Тинатин жооп бере алган жок. Анткени келген кызды ал жакшы таанычу. Өтө жакшы. Бул анын Стамбулдагы курбусу эле. Анын түн катып үйдөн чыгып кеткен окуяларын билген. Анын атасын билчү. Анын балалыгын билчү. Айгүл... Тинатиндин он төрт жашында артында калган жалгыз курбусу. Айгүл да аны көрдү. Эки кыздын көздөрү чагылышты. Бир нече секунд... Экөө тең сүйлөй алган жок. Андан соң Айгүлдүн жүзүндөгү жылмаюу акырын өчтү. Ал шыбырады:
– Тинатин?..
Тинатиндин колунан табак түшүп кете жаздады. Мелек болсо эч нерсени түшүнбөй:
– Силер таанышсыңарбы?- деп сурады.
Бирок бул суроого жооп бере электе тепкичтен Бекзат түштү. Баары ага бурулду. Надырбек жылмайды.
– Бекзат, балам. Сени бир адам менен тааныштырганы алып келдик.
Айгүл башын көтөрдү. Бекзат ага карады. Андан соң... Тинатинге карады. Тинатин болсо көзүн жерге салды. Анткени ошол учурда ал бир нерсени түшүндү, бүгүн бул үйдө жөн гана кудалашуу башталбайт. Анын өткөнү менен азыркы жашоосу биринчи жолу бир дасторкондо отурганы турат. Кечтин алгачкы мүнөттөрү тынч өткөн. Дасторкондо кымбат идиштер тизилип, кызматкерлер үн чыгарбай ары-бери басып жүрүштү. Исаевдердин үйүндө мындай кечелерде күлкү да өлчөмү менен болчу. Надырбек сөз баштады.
– Илим мырзанын жок экенине өкүнүп жатам. Бирок бул эки жаштын келечеги тууралуу сүйлөшүп...
Бекзат үн каткан жок. Ал Айгүлдү карап отурду. Айгүл сылык, токтоо кыз эле. Бирок Бекзаттын жүзүндө жылуулуктун көлөкөсү да пайда болгон жок. Зейнеп болсо уулунун ар бир кыймылын байкап турду.
– Бекзат...- деди ал акырын.
– Айгүл экөөңөрдү бала кезде тааныштырганыбыз бекеринен эмес.
Бекзат кабагын бир аз түйдү.
– Мен муну азыр биринчи жолу угуп жатам.
Зейнеп жылмайганга аракет кылды.
– Анда бүгүнтөн баштап билдиң.
Дасторкон четинде жымжырттык орноду. Тинатин алысыраакта туруп, чай куюп жатты. Колу калчылдап кеткенин өзү да байкабай калды. Бекзат ошол замат аны карап калды. Көздөрү чагылышты. Тинатин дароо көзүн алып качты. Надырбек акырында:
– Биздин оюбузча, балдар бири-бирине ылайык. Эгер силер каршы болбосоңор...- деп сүйлөп жатканда Зейнеп анын сөзүн улады:
– Бул маселени биз чечип койгонбуз.
Ошол сөздөн кийин Бекзаттын колундагы кашык тарс эте тарелкага тийди. Ал башын көтөрдү.
– Эмнени чечтиңер?
Зейнеп:
– Силердин баш кошууңарды.
Бекзат бир нече секунд кыймылсыз отурду. Андан кийин ордунан турду. Кресло артка сүрүлүп, залда катуу үн чыкты. Баары жалт карады.
– Мен эч кимге үйлөнбөйм.
Зейнептин жүзү өзгөрдү.
– Бекзат!
– Менин ордума чечим чыгарганды токтоткула.
– Бул үй-бүлөнүн кызыкчылыгы!
– Менин жашоом үй-бүлөлүк келишим эмес. Ал Айгүлгө карады.
– Кечир.
Бирок Бекзат дагы бир нерсени айткан жок...
(Уландысы кийинки санда)