Кавер ырдап элге таанылган Саадат Жыргалбекова бүгүн өзүнүн чыгармачылык жолун түптөп, өзүнүн ырлары менен да күйөрман арттырып келет. Кандай максаттары бар? Жеке жашоосунда абал кандай? Ушул жана башка суроолорго жооп ала алдык.
– Саламатсызбы, Саадат? Сизди чыгармачылыкка жетелеген жол кантип башталды?
– Саламатсызбы? Чыгармачылыкка бир күндө эле келип калган жокмун, кичине кезимден эле ырга, музыкага жакынмын. Бирок башында ырчылыкты кесип катары тандайм деп ойлогон эмесмин. Кийинчерээк чыгармачылыкка кызыгуум күчөп, социалдык тармактар аркылуу өзүмдү сынап көрө баштадым. Ошентип акырындык менен элге таанылып, чыгармачылык менин жашоомдун бир бөлүгүнө айланды.
– Көпчүлүк сизди кавер ырдаган ырчы катары тааныйт. Эмне себептен каверге басым жасап калдыңыз?
– Чынын айтсам, башында мени атайын колдоп, “сен ырчы бол” деп жол көрсөтүп турган адам деле болгон жок. Болгону апам менен эжем моралдык жактан колдоду. Туруктуу жумушум да, окуум да жок болчу. Болгону ырдаганга кызыгуум күчтүү эле. Ошол кызыгуум менен өзүм эле аракет кылып, кавер ырдап баштагам. Алгач муну чоң карьера болот деп деле ойлогон эмесмин, жөн гана “көрөйүнчү, колумдан келеби?” деген кызыгуу менен киришкем. Кийин угармандар социалдык тармактарда колдой баштаганда чыгармачылыкка болгон ишенимим дагы күчөдү. Ошентип эч ким күтпөгөн жерден өзүм да байкабай ырчылык дүйнөгө кирип кеттим.
– Кайсы чыгарма сиз үчүн акжолтой болду деп эсептейсиз?
– “Ашыгым” чыгармасы болду окшойт деп ойлойм. Мен үчүн бир эле ырды бөлүп айтуу кыйын, ар бир кавердин өзүнүн орду бар. Айрым ырларым социалдык тармактарда кеңири тарап, жаңы аудиторияга жетүүгө себеп болгон. Ошол учурлар менин чыгармачылыгымды профессионалдык жактан улантуума чоң түрткү берген.
– Кээде чыгармачылыктан алыстап, ырдабай калган учурларыңыз болдубу?
– Болду. Жашоодо чыгармачылыктан да маанилүү болгон учурлар болот. Үй-бүлөлүк жагдайлар, эне катары жоопкерчиликтер, жеке жашоодогу өзгөрүүлөр – мунун баары адамдын көңүлүнө жана чыгармачылыгына таасир берет. Кээде сахнадан алыстоо – чыгармачылыктан баш тартуу эмес, өзүңдү жана жашооңду кайра иретке келтирүү деп ойлойм.
– Сахнадагы ырчы Саадат менен кадимки жашоодогу Саадаттын айырмасы кандай?
– Сахнадагы Саадат – энергиялуу, өзүнө ишенген, эл менен эркин баарлашкан кыз. Ал эми күнүмдүк жашоодо абдан жөнөкөй адам. Тынчтыкты, үй-бүлөсү менен убакыт өткөргөндү, өзү менен өзү калууну жакшы көрөт. Сахнада күчтүү көрүнгөнү менен, жашоодо анын да чарчаган, ойлонгон, кээде колдоого муктаж болгон учурлары көп болот.
– Чыгармачылыкта сизге эң оор болгон нерсе эмне болду? Бут тосуулар, сын же мүмкүнчүлүктүн аздыгы?
– Баары тең өзүнүн кыйынчылыгын алып келет. Бирок мен үчүн эң оор нерсе – өзүмө болгон ишенимди жоготпоо болду. Сын айтылганда адам өзүнө ишенбей калышы мүмкүн. Ал эми мүмкүнчүлүк аз болгондо күтүп отурбай, өзүң мүмкүнчүлүк түзгөндү үйрөнүшүң керек. Мен ар бир кыйынчылыкты тажрыйба катары кабыл алууга аракет кылып келем.
– Бир учурда ырчы да, эне да болуу оңой болбосо керек. Сиз үчүн кайсынысы көбүрөөк күч талап кылды?
– Албетте, эне болуу чоң жоопкерчилик. Чыгармачылыкта өзүң үчүн чечим кабыл аласың, ал эми эне болгондо ар бир чечимиң балаңдын жашоосуна да таасир берет. Ошондуктан экөөнү тең алып кетүү оңой болгон жок. Балдарым мага күч берген учурлар көп болду. Кээде адам өзүндө жок күчтү баласы үчүн таап алат экен.
– Жашоодогу кыйынчылыктар чыгармачылыгыңызга таасир эттиби?
– Таасир этти. Адамдын жүрөгүндө эмне болуп жатса, чыгармачылыгында да ошол сезилет. Менин жашоомдо оор учурлар болду, мисалы, жолдошум менен ажырашуу. Ал сыноолордон кийин көп нерсеге башкача көз караш менен карап калдым.
– Жалгыз бой эне катары бала тарбиялап келесиз. Кыйынбы?
– Оор учурлар болот. Бирок мен өзүмдү “эмнеге менин башыма ушундай тагдыр түштү?” деп аяп жашагым келбейт. Балдарым үчүн күчтүү болушум керек экенин түшүндүм. Кээде баарын жалгыз чечкенге туура келет, бирок ошол эле учурда бул мага өз алдынча болууну, жоопкерчиликти жана сабырдуулукту үйрөттү.
– Балаңыз өзгөчө бала экен...
– Буга чейин көп нерсеге башкача карачумун. Азыр өзгөчө баламдын ар бир жетишкендигине чоң маани берем. Башкалар үчүн жөнөкөй көрүнгөн нерсе, эне үчүн чоң жеңиш болушу мүмкүн экенин түшүндүм. Эне үчүн баласынын ден соолугуна байланыштуу “өзгөчө” маалыматты угуу оңой эмес. Ар кандай суроолор, коркуулар, “мындан ары эмне болот?” деген ойлор келет. Бирок убакыт өткөн сайын диагноздон коркуп жашабай, балама кандай жардам бере алам деген суроого көңүл бура баштадым. Азыр мен үчүн эң маанилүүсү – анын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга аракет кылуу. Бул жолдо эң оор нерсе – коомдун түшүнбөстүгү. Коомдо өзгөчө балдарга карата түшүнүү, сабырдуулук жана колдоо көбүрөөк болсо дейм. Аларга боор ооруу эмес, мүмкүнчүлүк берүү маанилүү.
– Балаңыз сизге башка адамдар бере албаган кандай сабак берди?
– Сабырдуулукту. Анан кичинекей нерселерге да кубана билүүнү үйрөттү. Мурда мен үчүн чоң жетишкендик деп эсептелген нерселер азыр баасын жоготту. Баламдын бир сөздү айтып калышы, бир нерсени түшүнүп, өзү аракет кылганы – мен үчүн чоң кубаныч. Өзгөчө балам “ар бир адамдын өзүнүн ыргагы бар” деген нерсени үйрөттү.
– Бүгүнкү Саадат өзүнүн өткөн жолуна карап “мен баарын туура кылдым” деп айта алабы?
– “Баарын туура кылдым” деп айта албайм. Мен да ката кетирдим, туура эмес чечимдерди кабыл алган учурларым болду. Бирок өткөнүмдүн эч бирин өкүнүч катары гана көрбөйм. Ар бир окуя мени такшалтып, бүгүнкү Саадат кылды. Азыр мен мурдагыдан да сабырдуу, ойлонуп чечим кабыл алган жана өзүмдүн жашоомо башкача караган адаммын. Эң негизгиси – адам өз катасынан сабак алып, алдыга карай умтула билиши керек деп эсептейм.
Нуржамал Жийдебаева