Белгилүү куудул, тамада, пародист... Кемпир-чалдын үнүн өзүндөй туураган Ильяз Агыбай уулу эсиңиздеби? Чыгармачылык чыйырын “Биз” тобунан баштаган Ильяз мырзанын сахнадан көрүнбөй кеткенине бир топ болуп калган. Издеп таап, маекке тартканыбызда “мени инсультка чейин жеткирген оор окуяларды баштан өткөрдүм. Эми гана өзүмө келип, чыгармачылыкка кайтып жатам” деди. Калганын маектен окуңуз, окурман.
– Кош келипсиз, Ильяз мырза! Күйөрмандарыңызды сагындырып бир топ жылдан бери сахнадан көрүнбөй кеттиңиз. Себеби эмнеде болду?
– Жашым 50гө таяп калганда жашоомду түп тамырынан бери өзгөртүп жиберген оор сыноолорго кабылдым. Адамдардын түшүнө да кирбеген окуялар баштан өттү. Мени депрессия, оору бекем чеңгээлинен чыгарбай турду. Ошондон улам сахнадан алыстап, ага кайтууга мүмкүнчүлүк да болбой, жүрөгүм да даабай калды. Табышмактатпай ачык айта турган болсом, сөздү алыстан башташым керек болот.
Биринчи жубайымдан 2 кызым бар, турмушта. Экөөнөн 8 неберем бар. Экинчи жолу 1 балалуу келинге үйлөнүп, андан 5 балалуу болуп, очор-бачар жашап жатканымда ордолуу шаарым бузулду. 2 уул, 1 кызымды ажалга алдырып жибердик. Кызым 1 жашында катуу ооруп, реанимацияга түшүп калды. Айыгып кетер деп оорукананы жылдап күзөтүп калдык. Бирок аман алып кала албадык. Бир уулум төрөлгөндөн көп өтпөй, кыркы чыкканда чымчык болуп учуп кетти. Анан “апапагым” деп койчумун, ошол балам 17 жашында кырсыктап каза болуп калды. Аман болсо азыр үйлөнүп-жайланып калмак эле. Мындай трагедиялар жөн өтпөйт экен, мени инсультка, ажырашууга чейин жеткирди. Анткени бири-бирибизди күнөөлөө көбөйүп кеткен эле.
Инсультка кабылганымда “Тез жардам” кызматы мени өлүмдөн алып калды. Бирок бир капталым иштебей калды. Ошол кезде “Биз” тобунун 30 жылдык мааракелик концертин өткөрүүгө даярдык көрүп жатканбыз. Мен алып баруучу болмок элем, ошентип барбай калдым. Эптеп тирүүлүктүн күнүн көрүп, инсульттан айыгып, Кудайга шүгүр, туруп кеттим. Кыйынчылыкта ким чыныгы тууган, ким дос экени билинди. Трагедиялар жашоого болгон көз карашымды түп тамырынан бери өзгөрттү. Өзүм салган үйдү артымда калган берки 1 уул, 1 кызыма таштап чыгып кеттим. Каза болгон балдарымдын баскан-турган жерлерин күндө көрүп жашоо кыйын болду. Калган балдарым аман, бактылуу болсун дейм. Болгону алардын ата тарбиясын албай жатышканы өкүндүрөт мени.
Учурда терең билими жок айрым коуч, психологдор туура эмес багыт берип аялдардын башын айлантып, алтургай үй-бүлөсүнөн ажыратып жатышат. Биздин үй-бүлөгө да алардын терс таасири тийди. Сахнага 5 жыл чыкпай калып, жакында чыгармачылыкка кайттым.
– Алдыга жакшы максаттарды коюп, жаңы дем менен кайттыңыз да чыгармачылыкка?
– Сахнага кайтпаска да болбой калды. Бирөөлөр мени “өлүп калыптыр” дешсе, айрымдары “аферист болуп, ар кимди алдап камалып кетиптир” дешти. Атүгүл “жиндиканада жатат имиш” деген сөздөрдү чыгарышты. Ушундай кеп-сөздөр мени тойгузуп жиберди. Анын үстүнө күйөрмандарды, сахнаны да сагындым. Досторум да “куудулдук, пародисттик талант сага Кудайдан берилген вазийпа” деп айтып жатышты. Өзгөчө кара-кулжалык обончу, аткаруучу, азыркы жылдыздардын бири Жеңишбек Султанов инимдин түрткүсү күчтүү болду. Инсульттан айыгып бутума тургучакты мага телефон чалып сүйлөшүп, дем берип турду. Акыры экөөбүз жолуккандан кийин маданият дүйнөсүнө тартып алып кирип кетти. Тойлорго алып бара баштады. Мени күйөрмандарым унутпаптыр, тойлордо жапырт саламдашып, “сахнага кайттыңызбы?” деп сурап жатышат. Жеңишбек экөөбүз ишке ашырчу долбоорлор бар, аны өзү түздү.
Чыгармачыл башка адамдар менен да иштешмекчимин. Мурунку жана жаңы жаралган чыгармаларымды элге алып чыгуу үчүн аракет кылуудамын. Жаңы жаздырган ырларымды социалдык тармактарга жүктөдүм. Бири – сөзү Алмаш Чойбековага таандык “Күтөмүн сени” деген ыр. Обону мени менен Абдрахман деген жигиттики. Убагында Алмаш эженин өзүнө ямахада ойноп ырдап берсем көзүнө жаш алып, рахматын айткан эле.
Ошентип жакындан бери эл менен байланышым жанданды. Соцтармактардагы баракчаларыма элдин көбү жакшы комментарийлерди жазып жатышат. Аларды окуп жашоомдо чоң үмүт пайда болду. “Супер-Инфо” гезити, сиздер да мени эстеп, издеп таап байланышып жатасыздар, рахмат! Кыргыз маданиятына кылган эмгегиңиздер, мага берген демиңиздер үчүн рахмат!
– Жылдызыңыз жанып, популярдуу болуп турган учуруңузду эске салсак, эмнелерди айткыңыз келет?
– Чыгармачылыкка “Биз” тобу менен аттандым. Анан өсөйүн деп өз алдымча кеттим. 1992-жылы республикалык жаштардын “Жаштык ыры” фестивалында лауреат аталдым. 1994-1996-жылдары Орто Азиялык сынактарда алдынкы орундарга ээ болдум. 2000-жылдары элге куудул-пародист катары таанылып чыга келдим. 2003-жылы “Жылдын мыкты куудулу” наамына татыдым. “Куудулдар-2005” республикалык сынагында утуп, 100 миң сомдук байгени чөнтөккө салдым. 2006-жылдан баштап “Мыскыл жана тамашанын” алып баруучу куудулу болуп жүрдүм. Кыргызстандагы эң биринчи скетч-шоуну (ред.: күлкүлүү окуялар) да мен тартып баштагам. 2014-2015-жылдары “Мадагаскар-3” анимациялык фильмин бир студия менен бирге кыргыз тилине которуп чыккам. “Ошко саякат”, “Чалдардын окуялары” жана башка күлкүлүү сатираларым эл арасында кеңири белгилүү.
Убагында Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Чубак Сатаев, Манас Бердибеков, Жаныбек Алыкулов жана башка сахнанын дөө-шаалары менен иштешип калдым. Көптөгөн концерттерди алып бардым, миндеген күйөрмандарыма күлкү тартууладым.
Манас, Жаныбек агаларыбыз мага “сен канча ырдаба, баары бир ырчы болбойсуң. Сен куудулдук, пародисттик жол менен кетесиң” дешчү. Көрсө, алар кыймыл-аракетимди, сүйлөгөнүмдү карап эле так “диагноз” коюшкан экен. Жаныбек агага абдан жакын элем, ал каза болгондо жетим калгандай болгом.
– Сахнадан алыстаганда өзүңүздү сырттан карап көрдүңүз да. Атактуулуктун жакшы, жаман жагы эмне болуптур сиз үчүн?
– Жакшы жагы – талантымды элге тартуулап атым чыкты, өстүм, көптөгөн досторду таптым. Жаман жагы – сыноолор, көрө албастык көп болду. Мисалы, концертте сахнага 10 адам чыкса, ошонун 6-7си элдин мага кол чаап, сахнага кайра чыгышымды суранып жатканын көрө албай ичтери тарыды. Көшөгө артына өтсөң эле душманың даяр. Эл ичинде көп жүрүп психолог болуп калат экенсиң. Мени кимиси жаман көрүп, эмне ойлоп жаткандарын көздөрүнөн, көз караштарынан эле билип койчумун. Учурда ырчы, куудулдардын ичинен чыгармачылыкка баш-оту менен кирип, ансыз жашай албай тургандары 10 пайызды гана түзөт. Калгандары коммерциялык максатта, атымды чыгарып, колдонуп алайын деп жүргөндөр.
– Сиздеги ушундай жыргалы да, азабы да көп татаал жолдун башаты кайдан?
– Атам жамактатып ырдаган, куйкум сөзгө, куудулдукка жакын киши болчу. Ал бирөөнүн тескери жоругун байкап калса, дароо ырга салып жиберчү. Чоң кызматта иштегендер дагы “былыгыбызды айтып салабы” деп атамдан чочулап турушчу. Сатиралык ырларын райондо “Агыбай айтмакчы...” деп бүгүн дагы аңыз кылып айтып жүрүшөт. Кичинемден мага комуз черткенди үйрөттү. Атам таяк таянып басчу. Комузду чертип жатканда жаңылып кетсем, таягы менен уруп жиберчү. Аны ээрчип жүрүп куудулдугун, куйкум сөзүн үйрөндүм. Маданият кызматкери болушума атам себепчи болгон.
Канымжан Усупбекова