Биз социалдык тармакта

Акбар Абдуллаев, мушкер: “БУЮРСА, ӨЛКӨГӨ UFC’нин ЧЕМПИОНДУК КУРУН АЛЫП КЕЛЕМ” 

DWCS (Dana White's Contender Series) турниринде Эднилсон Сантосту 19 секундда нокаутка түшүрүп, UFC менен расмий келишим түзүүгө жетишкен мекендешибиз Акбар Абдуллаев биздин гезитке маек берди. Маекте 14–0 сериясы менен жеңилбес катары келе жаткан мушкердин ийгиликке карай жолу, үй-бүлөсү, кыйынчылыктар жана UFC чемпиондук курун Кыргызстанга алып келүү максаты тууралуу баарлаштык.

– Акбар, саламатсызбы? Жеңиш кут болсун! DWCS турниринде Эднилсон Сантосту 19 эле секундда нокаутка түшүрүп, UFC менен келишим түздүңүз. Октагондо ушундай тез аралыкта жеңишке жетем деген ишенич бар беле?

– Саламатсызбы, рахмат! Октагонго чыгарда эч качан биринчи раундда эле нокаутка түшүрүп жеңем деп пландабайм. Нокаут өзү келет. Негизи бул көп учурда убакытты, атаандаштын бош учурун кармап калуунун натыйжасы болот. Албетте, машыгасың, даярданасың, бирок мен ушинтип кыска убакытта нокаут менен жеңишке жетем деп күтпөйсүң.

– Дана Уайт соккуңуздун үнүн бейсбол таягынын үнүнө окшоштуруп, сизди “потенциалдуу супер жылдыз” деп атады. Дүйнөлүк абройлуу лиганын президентинин мындай баасы дем бердиби?                         

– Ошол учурда залда тынчтык өкүм сүрүп турганы үчүн соккунун үнү чын эле катуу чыгыптыр. Дана Уайт деле ошол замат байкаган эмес, видеодон кайталап көрүп, анан таң калып ушинтип айтты. Албетте, анын мындай пикири дем берди.

– 14–0 сериясы менен келе жатасыз. “Жеңилбес мушкер” деген атак сизди "жылдыз оорусу" менен оорутуп баштаган жокпу?

– (Күлүп) Жок. Негизи, адамга чөйрөсү абдан маанилүү. Кудайга шүгүр, айланамда мыкты агаларым, досторум бар, туура эмес бир нерсе кылып жатканымды көрүп калышса, акырын айтып эскертип турушат. Анан ар бир жеңишти Кудайдын насиби деп кабыл алам.

– UFC’нин жарым жеңил салмактагы дивизионунда күчтүүлөр көп. Алгачкы каршылашыңыз ким болсо экен деп тилейсиз?

– Ооба, күчтүүлөр көп, бул мага чоң мотивация берет. Анткени өзүмдөн күчтүүлөрдүн арасында гана өсө алам. Алгачкы каршылаш тууралуу айтпай эле турайын азырынча.

– Карьераңыздагы эң кыйын атаандашыңыз ким болду буга чейин?

– Менин эң чоң атаандашым – өзүм. Өзүмдүн жалкоолугум, коркууларым менен күрөшүп, өзүмдү жеңгенге аракет кылып келем. Анткени өзүңдү жеңсең, сага кандай атаандаш чыкпасын аны жеңиш оңой эле болот.                                              

– Спорттук жолуңузда кандай сыноолор, кыйынчылыктар болду?

– Профессионал мушкерликке жаңы аралаша баштаганда болгон десем болот. Мен консервативдүү үй-бүлөдө өстүм. Аял киши иштебей, бала тарбиясы менен үйдө болушу кажет. Эркек киши иштеп, үй-бүлөнү толук камсыздашы зарыл деген принципте тарбияландык да. Спорттук жолду жаңыдан баштап жатасың, беттештерден көп деле акча түшпөйт же толук кандуу иштей албайсың, машыгышың керек. Ошондой учурда өзүмчө кыжалат болчумун. Келинчегиме абдан ыраазымын, ошол учурда мага ишенип, колдоо көрсөткөнү үчүн. Өзү иштеп, батирибиздин ижарасын, балабыздын бала бакчасын, деги эле күнүмдүк турмушубуздагы көпчүлүк чыгымдарды өзүнө алып жүрдү. Бир да жолу “иште, акча тап, бизди бакпайсыңбы?” деп басым жасаган жок. Бирок баары бир үй-бүлөмдү өзүм камсыздай албай, келинчегимдин иштеп, жүгүбүздү көтөрүп жатканын көрүү мага аябай эле оор болгон.

– UFC’деги алгачкы гонорарыңызга эмне сатып аласыз?                                           

– Мен өзүмө сөз бергем, UFC’деги биринчи гонорарымдын бир тыйынын дагы өзүмө сарптабайм деп. Буюрса, биринчи гонорарды ата-эне, жакындарыма, келинчегимдин ата-энеси, жакындарына анан жетим-жесирлерге берем.                      

– Үй-бүлөңүздүн спортко, сиздин тандооңузга мамилеси кандай?

– Спорттук карьераны жаңы баштап жатканда ата-энем бир аз каршы болушкан. Турнир, машыгуу деп жүрүп жогорку окуу жайда окубадым же иштебедим. Ата-эне баласынын жакшылыгын, ийгилигин каалайт экен да, ошол кездерде “иште, оку” деп айтып жатышты. Бизде жанагы “элдин балдарын карачы” деген кеп бар го? Ата-энем ошондон улам эле мага кеп-кеңеш беришчү окшойт деп калам. Анткени мен курактуулар унаа, үй алып, жакшы жерлерде иштеп жатышкан кезде менде эч нерсе жок эле. Бирок апам азыр деле беттештеримди көрбөйт, мен беттешке чыгарда же чыкканда дайым мага дуба кылып отурат. Атам беттештеримди көрөт.

– Эки балам бар деп калдыңыз, алардын сиздин жолуңузду жолдошун каалайсызбы?

– Чынын айтсам, каалабайт элем. Албетте, эгер өздөрү ушул жолду тандайбыз дешсе, анда айла жок. Бирок мен алар билим алып, башка тармактан ордуларын табышса деп тилейм. Анан спортту тандай турган болушса, күрөшкө берем го дейм. Анткени күрөштө салыштырмалуу жаракат алуу азыраак, ММА’га караганда. ММА’да жаракат алуу тобокелдиги жогору.

– Өзүңүз эгерде ММА болбогондо, эмне менен алектенет элеңиз?

– Жеке ишкерлик менен алектенсем керек эле. Азыр деле, буюрса, спорттук карьерамды жыйынтыктагандан кийин ишкерлик менен алектенем деп турам. Элибиздин керегине жараган бир нерсени алып чыгып, ошону өнүктүрсөм дейм.

– Келечек жөнүндө сөз кылып калдыңыз, негизги максатыңыз эмне?

– Азыркы негизги максатым – UFC чемпиондук курун өлкөбүзгө алып келүү. Анан калганын пландайбыз, буюрса. Чемпиондук курду качан алып келерим Жараткандын колунда. Так убактысын айтуу кыйын, балким, эки жыл. Балким, беш жыл, балким, жети, балким, он жыл.

– Ар бир кадамыңызга көз салып, колдоп жаткан күйөрмандарыңызга айтчу сөзүңүз?

– Биринчиден, мени колдоп жаткан күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем. Негизи колдоо – бул сөзсүз эле каражат менен эмес да, ар бир айтылган жакшы сөз дагы спортчуга чоң кубат берет. Азыр сонун болуп калбадыбы, соцтармактардагы баракчалар аркылуу ар ким өзүнүн каалоо-тилектерин түз айта алат. Бардык күйөрмандарга ыраазымын!

 

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1240, 25-cентябрь-1-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан