Биз социалдык тармакта

КАРА-КУЛЖАНЫН КАРА-КОЧКОР АЙЫЛЫ

Жайгашкан жери – Ош облусу, Кара-Кулжа району 

Кожолуктун (түтүн) саны –  1000

Элдин саны – 4626

Адашкан Имбекова, айыл тургуну: “Аталышы ойдуң жерге же кочкорго байланыштуу”                                    

– Айылдын аталышы боюнча 2 вариант бар. Биринде “кочкор” деген монголдордун “хотгор” деген сөзүнөн алынган, бизче “ойдуң” дегенди билдирет. Бул аталыш айылдын ойдуң жерде жайгашканынан улам чыкса керек. Монголдор кыргыз жерин 13-кылымдын башында басып киришкен эмеспи, мүмкүн, ошол учурда айтылып калган чыгар. Экинчи вариант боюнча, “кара” деген сөз “чоң, күчтүү” деген маанини билдирет. Илгери бул жердегилер сатса пул болот, уруктукка деп чоң, күчтүү кочкорлорду көп багышкан. Ушундан улам айылыбыз Кара-Кочкор аталып кеткен деген маалымат бар.

 

“Каада-салттар колдонулат”                    

– Айылыбызда кыргыздын каада-салты бекем сакталат. Мисалы, мурун кыз 4-5 жашка чыкканда чач өрмөй жөрөлгөсү жасалчу. Аялдар чакырылып, эң улуусу кыздын чачын майлап өрчү. Баргандар өрүлүп жаткан чачка тасмаларды байлап,  шуру мончокторду кыстарышат. Анан кызга кеп такыя кийгизишет. Бул салт унутулуп калбасын деп өзүм небере кызымдын чачын ошентип өрүп көрсөттүм.

Бизде колдонулуп келе жаткан салттардын бири – келин тун баласын төрөп келгенде өткөрүлчү “7 нан” жөрөлгөсү. Чайга аялдар чакырылып, дасторконго тамакка кошо 7 нан коюлат. Эл көп болсо, 7 нандан 2 жерге коюлат. Нандар дасторкондо калбашы керек. Жешип, калса алып кетишет.

Дагы бир салт – улгайып көз жумгандардын ашында атала жасоо. Аны көзү өткөндөрдүн жакындарынын биринин аялы оозун таңып, сүйлөбөй бышырат. Мисалы, абысыны. Эл кеткенде гана оозундагы таңууну алып, сүйлөйт.

Той-аштарда жасалчу “супара жазды” жөрөлгөсүн азыр чанда бирөө колдонот. Абысындар, коңшулардын аялдары чогулат. Супара жазып, ун элеп камыр ачытып, май токоч бышырып, чай ичишет. Болчу той-ашка жасалуучу тамактар талкууланат жана башка.

Өзүм “Мээрим” шайыр апалар тобун  жетектейм. Маданий иш-чараларга катышып, кыргыздын каада-салттары унутулбасын, жаштар билсин деп аларды сценалаштырып көрсөтүп беребиз.     

 

Таалай Сопуев, айыл башчы: “Үлүш жерибизди суу каптап кетүү коркунучу бар”                                              

– Айылда 3 бала бакча, ФАП, реабилитациялык борбор, маданият үйү,  мектеп бар. Жаштардын демилгеси менен жабык типтеги футбол аянты курулуп жатат. Элибиз дыйканчылык, малчылык менен жан багат.

Таза суудан көйгөй жок. Бирок 1976-жылдары курулган суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткендиктен аларды алмаштырганы жатабыз. Анан суу ар бир үйгө киргизилет. Айылдын жанындагы сайдан Кара-Кулжа дарыясы агып өтөт. Жазында суу кирген маалда айыл элинин үлүш жериндеги эгинин каптап, жууп кетүү коркунучу чоң. Ошого узундугу 150-200 метрлик кыска дамбаларды орнотобуз деп турабыз. 

Зикир Шалтаков, Кара-Кочкор реабилитациялык борборунун жетекчиси: “Элибиз арзан дарыланат”                         

– Биздин борбордун имараты эски бала бакчаныкы. 2000-жылы врач Турсунбай Айдаровдун демилгеси менен уюштурулган. Айыл өкмөткө караштуу айылдардагы кары-картаң, майыптар, согуш ардагерлери  башка жактарга барып убараланбай, ушул борбордо жатып 50 пайыздык жеңилдетүү менен дарылансын деген максатта ачылган. 2015-жылы 57 орун болсо, учурда 72 орун бар. Кеңейтип 150 орундуу кылсак деп турабыз. Физиокабинет, ылай менен дарылоо, фитотерапия жана башкалар бар.                 

 

Бакай Манас уулу, фермер: “Уйларыбыз күнүнө 24 литрге чейин сүт берет”                                

– Үй-бүлөбүз менен 2007-жылдан 2020-жылга чейин гисар койлорду багып келдик. Анан Ала-Тоо породасындагы койлорго өттүк. Булардан 100 тубар койдон 130га чейин козу алса болот. 6 айлык козулар 30 килограммга чейин эт берет. Учурда тубар койлордун саны 200, козулардыкы 450. Базарда козулары 22 000, койлору 35 000 сомго чейин сатылат. 2018-жылы швиц тукумундагы 4 баш уй алып келгенбиз. Алардын башы көбөйүп 20га жетти. 1 күндө 22-24 литр сүт беришет.   

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1240, 25-cентябрь-1-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан