Биз социалдык тармакта

ЧАТКАЛДАГЫ ОКУУЧУНУН ӨЛҮМҮ: “Дедовщина” кайра күчөдүбү?

Жаңы окуу жылынын башталышында Чаткал районунда мектеп окуучусу сабалып каза тапты. Курулуш айылынын 9-классынын окуучусу “дедовщинанын” айынан көз жумганы айтылды. Окуя кандай болгон? Учурда иликтөө жүрүп жатабы? Мектептерде “дедовщина” кайра күчөп баштадыбы? 

 

Ооруканага жетпей көз жумган                                          

Чаткалдын Курулуш айылындагы Салимбай Мырзалиев атындагы мектептин 9-классынын окуучусу Дастан Рахманкулов 11-класстын балдарынын ур-токмогунан каза болгон. Окуя 2026-жылдын 18-сентябрында мектептеги ажатканада орун алган. Жалал-Абад облустук милициясы ырастагандай, сабалган окуучу Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей көз жумган. Айрым маалыматтарда бала “Тез жардам” келгиче эле көз жумганы айтылат. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.                     

 

 Зуура Абдувалиева, Дастандын апасы: “Балам жерде кыймылсыз жатыптыр”                     

– Мен ушул Салимбай Мырзалиев атындагы мектепте орус тили мугалими болуп иштейм. 18-сентябрь күнү да мектепте болчумун. 3-сабактан кийин 10 мүнөттүк танапис болду. Завучтун иш бөлмөсүнө кирсем, ал “ажаткана жакта бир нерсе болуп жатабы?” деди. Завучтун артынан “кимге эмне болуптур?” деп чыгайын дедим, бирок колумда папкам бар болчу. Мугалимдер бөлмөсүнө кирип папкамды койдум. Эми сыртка чыгайын дегенимде кирүүгө коңгуроо болду. Ошол маалда “Дастанга бир нерсе болуп жатат” деп мени эшикке чакырышты. Чуркап барсам, жерде кыймылсыз жатыптыр. Окуучулар курчап калган экен. Көрүп баламды тааныбай калдым. Шок абалга түшүп, өзүмдү жогото “балам болбой калды” деп кыйкырып жаттым. “Тез жардам!” деп кыйкырдым. Дендароо болуп, эмне болуп жатканын түшүнүп-түшүнбөй турдум. “Тез жардам” кеч келгендей сезилди. Ошентип баламдан ажырап калдым.                               

 

“Урганда эле бүк түшүп отуруп калыптыр”   

– Укканым боюнча, 11-класстын балдары 9-класстын балдарын чакырышыптыр. Аларды урушуптур ажатканада. Бир бала урганда баламдын талуу жерине тийгенби, балам эңкейип отуруп калыптыр. “Балаңарды карагыла” деп коюп чыгып кетишет тигилер. Даараткана мектепке жакын, сыртта. Ошентип кумурскага да зыяны жок, бирөөгө жаман сүйлөбөгөн  баламдан айрылып калдым. Мага окшоп баласынан ажырап калууну эч кимге каалабайм. Укук коргоо органдарынан баарын адилет тергөөнү, соттон адилет өкүм чыгарып берүүнү талап кылам. Акыйкат чечим чыгып, кылмыш кылгандар жазаларын алышсын.                                

 

Аймээри Рахманкулова, Дастандын бир тууган эжеси: “Суу, печенье алып бербесеңер ажатканага өткүлө дешкен”                                   

– Мен Бишкекте университетте окуйм. 18-сентябрда таксиде окуума бара жаткам. Жолдон курбумду ала кеттик, ал унаага отуруп эле ыйлап баштады. Сурасам, алгач айткан жок. Бир аздан кийин “иниң Дастанга бир нерсе болгон окшойт” деп айтты. Угуп жаман болуп кеттим. Үйдөгүлөргө телефон чалсам эч кимиси албады. Анан Дастандын классташтарына жаза баштадым. Бир кыз “мектепте балдар уруп коюптур, ооруканага алып кетишти” деп билдирди. Ошону менен так маалыматты билбей жаттым. Эжем Чаткалда, үйдө болчу. Түшкү саат 1лерде чалып “үйгө келип кал” деди. Бишкектен үйгө таңга маал жеттим. Барсам, боз үй тигилип калыптыр...

Мага жеткен маалыматтар боюнча, окуя болжолдуу түрдө мындай болгон: 17-сентябрда 11-класстын балдары Дастан иним окуган 9-класстын балдарына “эртең баарыңар алдыбызга келесиңер” дешкен. Дастандын классында 7 эркек бала болгон. Эртеси 1 бала сабакка барбай, тигилердин алдына 6 бала барган. Сабак баштала электе алар 9-класстын балдарын “тизишет”. “3-сабактан кийин суу, пепси, печенье алып келесиңер. Алып келбесеңер ажатканага келесиңер, “разборка” болот” дешет. Балдар алардын айткандарын ала албай калышкан окшойт. Анан ажатканага барышат.

 

“Колуна темир кастет кийип алып урган”

– Ушул жерден айта кетчү нерсе, жалпы канча бала сабаганы белгисиз. Бирок сабагандардын ичинде биз сөз кылчу 3 бала сөзсүз болгон. Биринчи Н. аттуу бала баарын уруп чыгат. Андан кийин ал сыртка чыгып карап турат. Анан башка Н. деген бала урат баарын. Ал колуна темир кастет кийип алган экен, Дастанды урганда бөйрөгүнө тиет. Артынан И. урганда сокку жүрөк тушка, талуу жерге тиет. Дастан турган жеринде жыгылат. Урган балдар чыгып бара жатып беркилерге “Дастанды тургузуп, секиртип койгула” деп кетип калышат. Классташтары дүрбөлөң түшүп, Дастанды көтөрүп тургузганга аракет кылышат, бирок ал турбайт. Сыягы, сокку тийгенде эле дем ала албай кайтыш болгон окшойт. Анан аны ажатканадан алып чыгып, мектептин тепкичине чейин эптеп жеткиришет. Ошол маалда танапис бүтүп, окуучулар класстарга кирип баштаган маал болот. Окуучулар, мугалимдер чогулуп калат. “Тез жардам” чакырышат, алар келип ооруканага алып кетет...

Ошентип инимден айрылып калдык. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, жыйынтыгы чыга элек. Токмоктогон балдардын ата-энелери ошол эле күнү үйгө келишкен, кайра эле кетишти. Биз, үйдөгүлөр мыйзам чегинде балдардын кылмышы далилденсе, жазаларын алышы керек деп талап кылабыз. 

 

“Иним тартиптүү, түшүнүктүү бала болчу”                                            

– Биз 4 бир тууганбыз, Дастан эң кичүүбүз эле. Жөнөкөй, тартиптүү, түшүнүктүү, улууларды сыйлаган, таза, тыкан бала болчу. Бейчеки басчу эмес. Буга чейин бирөө менен урушуп, мушташыптыр дегенин уккан эмеспиз. Үйдүн кичүүсү болгонго үй, чарба иштеринин баарына жардам берчү. “Келечекте милиция кызматкери болуп, кылмыштуулук менен күрөшөм” деп айтып калчу. Тилегине жетпей калды.

 

Чаткал РИИБинин басма сөз кызматы: “4 өспүрүм шектүү катары кармалды”                  

– 18-сентябрда Чаткал районунун Жаңы-Базар айыл аймагында 15 жаштагы Д.Р. аттуу өспүрүм мектепте сабалып, ооруканага жетпей каза болгону боюнча маалымат түшкөн. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Чаткал РИИБинин кызматкерлери тарабынан 2009-жылы туулган И.М., Н.С., Н.К.жана Т.А. аттуу төрт өспүрүм шектүү катары кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.                               

 

Турусбек Ишеналиев, Жалал-Абад облусунун прокурору: “Окуучулар мугалимдерге, инспекторго ишенишпейт”                                        

– 11-класстын окуучулары 9-10-класстын балдарын сабашкан. Ал балдар жоопкерчиликти сезишпейт, бул чоң маселе. Окуя боюнча окуучулар мугалимдерге айтышкан эмес. Демек,   жергиликтүү инспекторго, мугалимдерге ишенишпейт. Башкача айтканда, профилактикалык иштерди жүргүзүүчүлөрдүн эч бирине ишенишпейт. Демек, башка жолдорун карашыбыз керек. Мага жеткен маалыматтарга караганда, окуучуга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Врачтар “убагында жардам көрсөтүлсө, бала тирүү калмак” деп айтышты. Биринчи жардамды көрсөтүү жаатында окуучуларга сабак өтүлүшү керек.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1240, 25-cентябрь-1-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан