Миньондор – бул дээрлик баарыбыз билген мультфильм каармандары. Учурда аларды соцтармактарда мем катары, быйтыкча же башка функцияларда дагы колдонобуз. Жапыз бойлуу, цилиндр формасындагы, бананды жанындай жакшы көргөн сары миньондор алгач башкы каармандын жардамчылары катары гана роль ойношмок. Бирок дал ушул миньондор көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү болуп, экинчи пландагы ролдон башкы каарманга айланып кетишти. Бир же эки көздүү мультфильм каармандары тууралуу кызыктуу фактыларды билип алыңыз.
Ким ойлоп тапкан?
Эң алгач миньондор 2010-жылы чыккан “Каардуу мен” (“Гадкий я”) аттуу мультфильмде көрсөтүлгөн. Бул сары каармандарды аталган мультфильмди жараткан аниматорлор жана режиссёрлор Пьер Коффен жана Крис Рено ойлоп тапкан. Жаңыдан түзүлгөн Illumination Entertainment студиясынын эң алгачкы анимациялык долбоору – “Каардуу мен” мультфильми эле. Андыктан дүйнөгө өзүн таанытуу жана көрөрмандын эсинде калуу үчүн жаңы анимациялык каармандарды ойлоп табуу керек болгон. Ошентип миньондор жаралган.
Тарыхтагы жолу
Миньондордун тарыхый жолу анимацияда төмөнкүдөй сүрөттөлөт: Убакыттын, эволюциянын аркасы менен миньондор көптөгөн жандыктардын кол алдында иштеп келишкен. Кожоюндары катары алгач тираннозаврлар, андан кийин үңкүрдө жашаган адамдар, фараондор, граф Дракулага да кызмат кылып, кийин биз билген Грюнун жардамчылары болушкан. Миньондордун негизги максаты – дүйнөдөгү эң каардуу, мыкаачы жандыкка кызмат кылуу болуп эсептелет.
Келбети
Аниматорлор алгач миньондорду орк сымал чоң жандык кылып жасап көрүшкөн. Бирок чоң каармандар мультфильмге жарашпай калып, цилиндр формасындагы, биринин бою узунураак, бири кыска болгон чакан каармандар жаралган. Жалпысынан миньондордун бир же эки көзү бар, баарынын ар бир колунда 3төн манжа, чачтары дээрлик жок таз же бирин-серин чачка ээ. Ошол бирин-серин чачты да жасалгалап коюшкан, тагыраагы, миньондордун 5 чач жасалгасы бар. Жалпы окшоштуктары – баары банан, алма жегенди жана көз айнек тагынганды жакшы көрүшөт.
Кайсы тилде сүйлөшөт?
Режиссёрлор Коффен менен Рено миньондор үчүн аралаш тил ойлоп табышкан. Коффен өзү француз, ал эми Рено Францияга көчүп барган эмигрант болгондуктан, миньондордун тилинде француз сөздөрү басымдуулук кылат. Андан сырткары англис, испан, итальян, индонезиялыктардын, хинди жана башка тилдердин аралашмасынан миньондор тили пайда болгон. Миньондор эң көп колдонгон, популярдуу сөз – «banana» (банан).
Оригинал мультфильмдеги миньондорду ким сүйлөткөн? Режиссёр Коффен мульткаармандардын үнү болжолдуу кандай болушу керектигин продюсерлерге, үн режиссёрлорго түшүндүрүп берүү үчүн өзү сүйлөп көрөт. Тартуучу топ “башканы издеп не кылабыз, миньондорду өзүң сүйлөтөсүң” деп режиссёрду бул ролго бекитип коюшкан. Элестетиңиз, 890дон ашык миньондун үнүн коштогон Коффен. Кийинки бөлүмдөрүндө кээ бир миньондордун үндөрүн коштоого башкалар да тартылган.
Миньон деген?..
Француз тилинен миньон сөзү – “кичинекейим, сүйүктүүм” деген маанини берет. XVI кылымда Францияда колунда бар, белгилүү айымдар же мырзалар жардамчыларын, ойношун, кеңешчи же жан сакчыларын “миньон” деп атап коюшкан экен.
Андан сырткары миньон аталган лампочка түрү бар. Китептерде же кайсы бир документте эң ылдый жагына жазылган кичинекей шрифтти да миньон деп атап коюшат. Бул сөз ашканада да колдонулат, филе-миньон деген тамактын аталышы бар. Музыкада миньон-пластинка, бийдин миньон стили да кездешет. Айтор, миньон сөзүнүн түшүнүгү кенен экен.
Мультфильмде болсо миньондор бир клеткалуу организмден эволюцияланып отуруп, алгач сууда жашаган сары жандык, кийин биз билген миньондорго айланган делет. Алар космосто деле эч маселесиз жашап жүрө беришет. Демек, аларга кычкылтектин деле кереги жок, суукту сезишпейт, сууда балыктай жүрүшөт.
Франшиза
Учурда тумар катары таанылган, бирок башында анимациялык студиянын пилоттук долбоору катары чыккан “Каардуу мен” мультфильми бюджетин он эселеп актап, кийинки бөлүмүн дагы тартууга түрткү берген. Ошентип отуруп дүйнө жүзүнөн күйөрман топтогон франшиза 7 толук метраждуу анимациялык тасма болуп тартылды:
• «Каардуу мен» (2010)
• «Каардуу мен-2» (2013)
• «Миньондор» (2015)
• «Каардуу мен-3» (2017)
• «Миньондор: Грювитация» (2022)
• «Каардуу мен-4» (2024)
• «Миньондор жана желмогуздар» (2026)
Кайсы миньондор терс каарман?
Өзүлөрү каардуу, мыкаачы жандыктарга кызмат кылганы менен, миньондорду терс каарман деп атай албайсың. Алар тентек, акылсыз, импульсивдүү, кооптуу учурларды жараткан, көрүнгөн жоруктары менен кожоюнун өлтүрүп коюуга жеткириши мүмкүн. Бирок мунун баары кокустук катары сүрөттөлөт. Ошол эле учурда чыныгы каардуу миньондор да бар. Аларды өңүнөн ажырата алабыз. Фиолет өңүндөгү миньон көрсөңүз, терс каарман деп ойлой бериңиз. Эмнеге бул өңдү каардуу миньондорго бергени тууралуу тартуучу топ “өң спектринде сарынын карама-каршысында фиолет өңү турат, ошондуктан ушул өңдү тандадык” деп түшүндүрүшкөн.
Эркектер
Кызыгы, мультфильмдеги миньондордун баары эркектердин ысымын алып жүрөт. Айрым эпизоддордо алар кыздын кийимдерин кийип, парик тагынат. Бирок бул маскарад же кайсы бир комедиялык сцена үчүн гана. Негизинен баары эркек жынысында дешет жаратуучулар. Режиссёр Коффен аталган каармандарды жаратып жатканда алардын ойлонбой иш кылганын, акылсыздыгын, олдоксондугун, башкалар үчүн да, өз жаны үчүн да кооптуу учурларды жараткандыгын, тобокелчи экенин элестетип, аялдарды алардын ролунда көрбөй койгон. Бул сапаттар эркектерге көбүрөөк таандык деп миньондун баары эркек болуп калган.
Асыл Орозбекова