Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 28-сентябрдан 4-октябрга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Апта түрдүү окуяларга бай болууну убада кылат. Жеке жашоодо кумарлуу болуп чыга келесиз, түгөйүңүздү таң калтырышыңыз ыктымал. Ошол эле учурда түгөйү жоктор “сүйүү торуна” бирөөнү илүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Аптанын ортосунда жагымсыз жаңылык угуп маанайыңыз түшүүсү ыктымал. Бейшемби, жума күндөрү жумушта тер төгүп иштөөгө туура келет. Ишембиден баштап сиз күткөн тынчтык орун алат. Өзүңүздүн кызыкчылыкты алдыга коюудан тартынбаңыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Үйдөгүлөрдүн каржылык чыгашаларына көңүл буруп, ким эмнеге акча сарптап жатканын көзөмөлдөп коюу ашыкча болбойт. Аптанын биринчи жарымы оор өтөт, жумушта айрым көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Экинчи жарымында жеке жашоого байланыштуу жакшы жаңылык угушуңуз күтүлөт. Кожойкелер салат жасаганга жетишпей калдым деген санааркоосун ушул апта жокко чыгарып, кыштын камылгасын көрмөкчү. Дем алышта эсте каларлык окуялар орун албайт, тынч өтөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Эгиздер үчүн сүйүүнүн убактысы. Үй-бүлөгө жаңы мүчө кошулушу мүмкүн: үйлөнүү той өткөрүлүп же наристе төрөлүп. Жумушта да баары ойдогудай, карьералык тепкичтен көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү чыгат. Бирок ал үчүн бир топ нерв коротууга туура келет. Туугандарга мурда сөз берип, бирок артка жылдырып “уктатып” кеткен милдеттерди колго алыңыз. Болбосо ишеничтен чыгып каласыз. Жеке жашоодо бир нече адамдын милдетин өз моюнуңузга артуудан алыс болуңуз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бул апта жумуш жасоого көңүл тартпай, тескерисинче, көңүл ачуу, шаан-шөкөт уюштуруу каалоосу жаралышы мүмкүн. Бирок каалооңуздун ишке ашуусу күмөн, жумуштан эч кайда кача албайсыз. Андыктан алдын ала өзүңүздү ишке даярдай бериңиз. Кант диабети, жогорку кан басым сыяктуу өнөкөт дарты барлардын оорусу козголуп кыйналышы мүмкүн. Кайрымдуулук жасашыңыз күтүлөт. Апта аягы жакшы адамдардын үйүнө кубанычтуу себеп менен баш багасыз. Каржылык абалыңыз жакшырат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Өткөн чакта кабыл алган чечимдин натыйжасын ушул аптада көрөсүз. Шаршемби күнү досторуңуз менен жолугуп, жагымдуу маанайда убакыт өткөрөсүз. Көп жаңы маалымат угуп, өзүңүз да бир нече сыр менен бөлүшүүңүз мүмкүн. Жумушта негедир энергия жок, уйкусурап, эч нерсеге көңүл чаппай, чарчаңкы абалда жүрүшүңүз мүмкүн. Көпчүлүккө кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенген бойдоктор кызыктуу адам менен таанышуусу күтүлөт. Дем алышта үй жумуштары күтөт сизди.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Динамикалуу апта. Алдыңызда бир нече жумушту аткаруу тандоосу чыгышы мүмкүн, баарын бир убакта баштасаңыз, эч бирине жетишпей каласыз. Андыктан маанилүүсү кайсы чечип алып, анан четинен бүтүргөнгө аракет кылыңыз. Менталдык абалыңызды калыпка келтирүү үчүн медитация жасоо сунушталат. Үйдө мектепте окуган балдардын тапшырмаларын аткаруу боюнча эки муундун ортосунда пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Апта соңу үйдө отурбай, сыртка чыгууну пландаңыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Бул аптаны жеңилдик жана оптимизм менен кабыл алсаңыз жакшы. Өткөнгө өкүнүп, кек сактап, өч алып, таарынып отуруунун сизге такыр пайдасы жок. Баарын коё бериңиз, жеңилденип каласыз. Ушул апта чөнтөгүңүзгө акча түшөт. Дароо коротконго ашыкпай туруңуз. Туугандардын бири чоң той өткөрөм деп, аларга жардамдашууга туура келет. Өзүңүздүн тиешеңиз жок ишке кийлигишип, башкалардын маселесин чечкенге аракет кылбай, тынч отуруңуз. Дем алыш күнү да иштөөгө туура келет.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Профессионалдык тармакта аброй топтоп, кошумча айлыкты көтөрүүгө да мүмкүнчүлүк жаралат. Жеке жашоодо “кыялдан, сүй, жарат” деген принципти карманыңыз, эркин болуу сунушталат. Үйүңүзгө алыстан конок келүүсү күтүлөт же сиз барасыз. Үйдөгүлөр менен конфликтке баруудан качыңыз, өзгөчө аптанын соңку күндөрү. Оройлонбой, маселени жумшак сүйлөшүп чечкенге аракет кылыңыз. Бир жериңиз ооруса өз билемдик менен дары ичпеңиз, дарыгердин көрсөтмөсү керек.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жаачылар позитивдүү эмоциялардын жана энергиянын булагын табышы керек. Анткени бул апта маанайыңыз өзгөрмөлүү болуп, ашыкча сөз көтөрө албаган сезимтал болуп чыга келесиз. Жалгыз сапарга чыгуу, саякаттоо сунушталат, табият коюнуна чыгып келиңиз, сергип каласыз. Чет тилдерди үйрөнүү, курска баруу деген пландарды четинен ишке ашыра бериңиз. Апта соңу жагымдуу таанышуулар орун алат. Туугандардын бири жардам сурап кайрылышы мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жеке жашоого көбүрөөк көңүл бөлүү керек, айрыкча түгөйүңүз кызганчаак болсо, бул сезимдин жаралышына себеп болчу кыймыл-аракеттерди жасабаңыз. Дүйнө таанымды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралат. Балдарыңыздын кылыктарына элжиреп кубанасыз. Жумушта жаңы идеяларды коркпостон кесиптештерге сунуштай бериңиз, колдоо жана мактоо сөздөрүн угасыз. Апта бою нерв чыңалган учурлар катталып, баш оорусу жаралышы мүмкүн. Болбогон нерсеге энергия корото бербеңиз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Каржылык абалды өзгөртүүгө ылайыктуу убакыт, жаңы каржы булагын табуу, айлыкты көтөрүүгө аракет кылуу деген иш-аракеттерди жасаңыз. Кыймылсыз мүлк алып, аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жаткандардын иши аяктап, ак өргөөсүнө той өткөрүшү күтүлөт. Досторуңуздун бири депрессияда экенин байкайсыз, көңүл сыртында калтырбай, жардам бергенге аракет кылыңыз. Бул аптада эс алууга убакыт табуу кыйын, сиздин көңүл бурууңузду талап кылган майда-чүйдө иштер көп болот.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Жалкоолукка “жок” деп, болгон билимиңизди, тажрыйбаңызды колдонгонго аракет кылып иштеңиз. Болбосо финансылык тартыштык жаралуусу мүмкүн. Тамаша иретинде айтылган сөз түшүнбөстүккө жетип, конфликт жаралуусу мүмкүн. Андыктан бирөөлөр менен сүйлөшүүдө ашыкча тамашалагандан алыс болуңуз. Чоң суммада карыз акча албаңыз, төлөй албай убара болосуз. Дем алыш күндөрү үйдөгү иштер менен алек болуңуз, дагы шылтоо айтып кетип калган болбойт.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1240, 25-cентябрь-1-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан