Биз социалдык тармакта

Ишен Назаров: “ЖАШООДО САХНАДАГЫДАЙ ЖҮРӨ АЛБАЙСЫҢ...”

– Ишен мырза, жакында концерт бергени жатыпсыз. Даярдыктар кандай жүрүүдө?

– Концертке, Кудай буюрса, даярдыктар жакшы. Концерттин күнү белгиленгенден баштап эле баарын ойлонуп, санааркап, ар бир нерсеге көңүл буруп жатабыз. Негизи ар бир ишке маани берип, олуттуу карайм. Анткени бул жерде жалгыз даярданып жаткан жокмун да, команда болуп иштейбиз. Жалгыз чечип, башкарып кеткенди жактырбайм. Баарыбыз чогуу иштеп, бири-бирибизди колдоп даярдансак жакшы болот.

– Бул сиздин алгачкы жеке концертиңизби?

– Ооба, бул менин алгачкы жеке концертим. Буга чейин концерт коюп көргөн эмесмин, ошондуктан бир аз толкундануу бар. Кудай буюрса, концертке жаңы чыгармаларымды даярдап жатам. Буга чейин ырларымды угуп жүргөн күйөрмандарым менен биринчи жолу өзүмдүн жеке концертимде кездешем. Кубанып турам. Көптөгөн жаңылыктар болот.

– Ырчылык жолуңуздун башталышына кимдер ишеним көрсөттү?

– Үй-бүлөм, атам, бир туугандарым. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай иш-чараларда ырдап калдым. Ырчылыкка кызыгуум арта берди. Мектепти аяктагандан кийин Жалал-Абад облустук Маданият техникумуна тапшыргам. Анан окуу башталарга жакын “шаарды көрүп кетейин” деп Бишкекке биринчи жолу келдим. 31-август эле. Келсек, "Ала-Тоо" аянтында концерт болуп жатыптыр. Чынында, майрам сонун өтүп жаткан экен. Эл көп болчу. Ошондо “шаар деген ушундай болот турбайбы, Бишкек деген...” деп абдан таасирленгем. Бишкек шаары жагып, кетким келбей калган. Кайра айылга барып жүрдүм, окууга барган жокмун. Ошондо Мирлан деген байкем “сен бул жерде жүрбөй оку, Бишкектен билим ал” деп калды. Бишкекке келип, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетине тапшыргам.  Университетке келген жылдан баштап эле жогорку курстагы агаларга кошулуп ырдап жүрдүк, көп жакшылыктарда кызмат кылдык. Бул жолго түшүшүмө ишеним көрсөткөндөр бир туугандарым, ата-энем жана жакындарым. Бала кезимден эле ушул кесипке кызыгып, жакшы болсо экен деген оюм болгон. Анан баары Кудайдын буйругу, насип экен. Ушул кесип менен элге аз да болсо кызмат кылып, Бишкекте ырдап жүрүп калдым. Борбордо ырдоо, чоң сахна – мен үчүн кыял болчу. Бир тилегим – автобус же КамАЗ айдоо болсо, бир тилегим, көксөгөн кыялым – ырчы болуу эле. Ата-энем да айтып калчу “ырчылыктан башка иш колуңдан келбейт” деп. Аккордеонумду көтөрүп алып тойлорго барып ырдап, башында аябай аракет кылып эмгектендим.

– Демек, кыйынчылыктарды мээнет менен жеңиптирсиз да?

– Албетте, чыгармачылыктын башында дароо эле баары шыр кеткен жок. Кыйынчылыктар көп болот экен. Ар кандай той-топурларга барып, үйрөнүп, тажрыйба топтодум. Башка тармактардагыдай эле чыгармачылыкта да өзүнүн кыйынчылыктары бар.

– Социалдык тармактарга үй-бүлөңүздүн сүрөт, видеолорун көп чыгарасыз. Жаңы фотосессия кылдыңызбы?

– Ооба. Концертке карата жаңы сүрөткө түштүк. Үй-бүлөм мен үчүн абдан маанилүү. Кыздарым менен убакыт өткөргөн сайын өзүмдү башкача сезем. Ар бир көз ирмемдин өзүнчө мааниси бар. Алар менен көп убакыт өткөргөнгө аракет кылам.

– Ырчы айымдар менен дуэт аткарып жүрөсүз. Ал эми өзүңүздүн кыздарыңыз менен дуэт аткарган башкача бекен же билинбейби?

– Албетте, көп кыздар менен чыгармачылыкта дуэттерди аткардым. Баары менен жакшы, жагымдуу чыгармачылык мамиле түзүлөт. Бирок өз каныңдан жаралган кызың менен дуэт аткаруу таптакыр башкача сезим экен чынында. Баланын ар бир кыймылын, көз карашын сезип, түшүнө билүү өзүнчө чоң бакыт. Кыздарымдын ар бир сөзү, мамилеси мага өзгөчө таасир берет. Алар менен отуруп, сүйлөшүп калганда өзүм да бала кезиме кайтып баргандай болом. “Минтип ырдасак” деп өз ойлорун, сунуштарын айтып калышты.

– Балдарыңыздын келечеги тууралуу эмнелерди ойлоносуз?

– Азыр балдарым кичинекей. Ошондуктан биринчи кезекте алардын жакшы адам болуп чоңоюшун тилейм. Келечекте өздөрү каалаган кесипти тандап, өз жолун табышын каалайм. Эгер кыздарымдын бири чыгармачылык жолду тандагысы келсе, сөзсүз колдойм. Балдарымды эч качан “сен муну кылышың керек” деп мажбурлагым келбейт. Өздөрү каалап, жүрөгү менен тандаса, дайыма жанында болуп, колумдан келишинче жардам берем. Адеми кызым 4 жашынан ырдап баштады, экинчи кызым да эжесинин артынан келе жатат. Харизмасы мыкты. Азыр тартылган видеолорун кийин көрүп сүйүнүшөт. Кыздарым кийин чоңойгондо ошол кадрларды көрүп, кубанышса бакыт да.

– Кыздарыңыздын ырчылыкка кызыгуусуна үй-бүлөдөгү абал таасир берди болуш керек?

– Албетте, таасир берет. Бала үйдөн эмнени көрсө, эмнени укса, жан дүйнөсү ошону кабыл алат тура. Мисалы, мен үйдө ырдап жүрсөм, кыздарым да ошого кызыгып, угуп чоңоюшат. Ошондуктан балага үйдөгү чөйрө абдан чоң таасир берет деп ойлойм. Менин милдетим – туура багыт берип, керек учурда колдоо көрсөтүү. Колумдан келип турса ыр жаздырып берип жатам (күлүп).

– Сахнадагы ырчы Ишен Назаровду күйөрмандар билет. Кадимки жашоодо кандай инсансыз?

– Сахнанын өзүнүн этикасы, тартиби бар. Сахнада өзүңдү тыкан алып жүрүп, түз басып, эл алдында өзүңдү туура кармашың керек. Бирок жашоодо дайыма эле сахнадагыдай жүрө албайсың да. Сахнада жоопкерчилик чоң. Анткени эл карап турат, ошондуктан сахнага чыкканда өзүңдү маданияттуу алып жүрүүгө аракет кыласың.

– Жаңы ырлар, клиптер же башка долбоорлор пландалып жатабы?

– Азырынча сыр сактап айтпай турайын. Албетте, жаңы клиптер, дуэттер, ырлар жазылып жатат. Тушоо кесүү концертимде аткарылат.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1240, 25-cентябрь-1-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан