Биз социалдык тармакта

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО КҮНҮ БЕКИДИ: ДОБУШ БЕРҮҮГӨ БАРБАГАНДАР ЖАЗАЛАНАБЫ?     

Жогорку Кеңеш 24-сентябрда келерки президенттик шайлоо күнүн бекитти. Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтмөкчү. 

 

Төрага: “Президент кызматын тапшырбай туруп шайлоого катыша алат”                    

Парламент төрагасы Марлен Маматалиев өлкө башчы Садыр Жапаров президенттик шайлоого кызматын тапшырбастан катыша аларын эскертти. Буга 1991-жылы жана 1999-жылы кабыл алынган мыйзамдар жол берерин белгиледи.                                 

– Мына, биз деле депутат болуп турганда парламенттик шайлоого катышканбыз. Бул туруктуулук үчүн керек. Дүйнөдө кандай гана кырдаал жаралбайт,- деди Маматалиев.                                       

Айта кетүүчү жагдай, 27-январь иш күнү болот. Маматалиев шайлоого катышпай коюшу мүмкүн болгон мамлекеттик кызматкерлерди “айлыгыңарды бербей, пенсияңарды эсептебей коёбуз” деп коркутту. Шайлоо иш күнү өтсө, шайлоочулардын саны өсүшү мүмкүн дейт спикер.                                               

– Кимде-ким шайлоого катышса, кадимкидей эле айлык акысы эсептелинет. Бирок катышпагандардын тизмесин БШКдан алабыз да, маянасын эсептетпейбиз. Эмгек акысы эсептелбесе, келечектеги пенсиясы эсептелбейт,- деди Маматалиев.

БШК башчысы: “Шайлоого биринчи жолу катышкандарга белек...”                          

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев 18 жашка толуп, шайлоого жаңы катышып жаткандарга белек берүүнү сунуштады. Буга БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров макул экенин билдирди.      

– Январдагы президенттик шайлоого 137 миң 18ге толгон жаран катышат. Эгерде 1000 сомдук белек берсек, анда 137 миллион сом сарпталат экен. Биз буга макулбуз, эгерде депутаттар колдошсо, маселени карап чыгабыз,- деди Шайназаров 24-сентябрдагы парламент жыйынында.

Кимдер талапкер болушу мүмкүн?                 

Келерки президенттик шайлоого кимдер талапкер болот деген суроо учурда актуалдуу болууда. Саясатчылар арасынан Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Бабанов, Ахматбек Келдибеков шайлоого катышпай тургандыктарын ачык билдиришти. Талапкер болушу мүмкүн делген Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров азырынча пикирлерин айтыша элек. Жарышка 4 айдай гана убакыт калды.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1240, 25-cентябрь-1-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан