Биз социалдык тармакта

ӨЛКӨДӨ ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУДАН КҮНҮНӨ 10 АДАМ КАЗА ТАБУУДА     

Кыргызстанда онкологиялык дарт менен ооруган жарандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Бул тууралуу парламенттин 23-сентябрдагы жыйынында депутат Талант Мамытов айтып чыкты. Ал билдиргендей, азыркы тапта республикада онкологиялык дарт менен ооруган 37 миңден ашуун адам каттоодо турат.                                  

– Мисалы, 2020-жылы оорунун жаңы катталган учурлары 5377 болсо, 2025-жылы алардын саны 7 миңден ашты. Башкача айтканда, 30 пайызга көбөйдү. Былтыркы жылга карата аталган оорудан каза болгондордун саны 3 миңден ашат. Күнүнө онкология оорулардан 10 адам каза болот экен. Бул деген чоң трагедия,- деди эл өкүлү.

Депутат өлкөдө дартты аныктоочу аппараттар жетишсиз экенин кошумчалап, аймактарда онкологиялык борборлорду курууну сунуштады.

Мамытов жаштар энергетикалык суусундуктарды көп ичип, ден соолуктарын талкалап жатат деп кошумчалады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1240, 25-cентябрь-1-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан