Биз социалдык тармакта

СПОРТ: КРЕСЛО ЭЭЛЕГЕН ЫРЧЫ АЙЫМ СЫНДАРГА ЖООП БЕРДИ

Ырчы Бактыгүл Бадыева Кыргызстандын грэпплинг жана ММА федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды. Федерациянын тиешелүү чечими 20-сентябрда кабыл алынган. Бул дайындоо интернет желесинде кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк “спортко тиешеси жок адамдар кызматка дайындалышууда” деген сын жаадырышты. Мындан улам Бадыева 24-сентябрда жооп кайтарууга аргасыз болду. Ал спортчунун негизги милдети – машыгып, мелдештерге катышып, жеңишке жетүү болсо, федерациянын жетекчилиги турнирлерди уюштуруу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, өнөктөштөрдү жана демөөрчүлөрдү тартуу, спортчуларды колдоо сыяктуу иштерди аткаруу экенин белгиледи.                                       

– Мен – аялмын. Балким, кимдир-бирөө үчүн менин дайындалышым көнүмүш эмес көрүнгөндүр. Бирок кесипкөйлүк жыныс менен аныкталбайт. Аял да жетекчи боло алат,- деди ал.

Айта кетсек, быйыл жазында ырчы Анжелика Кайратова Алыш күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп дайындалган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1240, 25-cентябрь-1-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан