Биз социалдык тармакта

ЖАПАЙЫ АЙБАНАТТАРДЫ АТУУГА АЙЫП ПУЛДУН СУММАСЫ КАНЧА?           

Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылуу жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды аткандарга ири өлчөмдөгү айыптар каралганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 21-сентябрда кайрадан эскертти. Бул жаатта рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын билдирди. Кайсы айбанатты атууга кандай айып пул каралган? Мисалы, ак илбирсти аткандар 2 миллион сом айыпка жыгылышат. Ал эми аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен үчүн 1,5 миллион сом айып пул каралган. Ал эми кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн аткандарга айып пулдун суммасы 50 миң сом. Орто азиялык кундуз, мензбир сууру үчүн 20 миң сом айып пул каралганын эскертти министрлик.

Кыргызстандын Кызыл китебине 57 түрдүү куштар, 23 түрдүү сүт эмүүчүлөр, 2 түрдүү жерде-сууда жашоочулар, 8 түрдүү сойлоочулар, 7 түрдүү балыктар, 18 түрдүү муунак буттуулар, ошондой эле 89 түрдүү өсүмдүктөр жана козу карындар киргизилген. Учурда Кызыл китепти жаңылоо иштери жүрүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1240, 25-cентябрь-1-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан