21-сентябрда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев мамлекеттик карыз тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, былтыр мамлекеттик карыздын көлөмү 8 миллиард 919,2 миллион долларды түзгөн. Анын 5 миллиард 345,7 миллион доллары тышкы карыз.
– Мамлекеттик карыздын ички дүң өндүрүмгө болгон катышы 39,5 пайызды түздү. Бул көрсөткүч карыздык абалдын туруктуулугун билдирет. Былтыр республикалык бюджеттен мамлекеттик карызды тейлөөгө 77,1 миллиард сом жумшалды,- деди Аманбаев.
Айта кетсек, жакында мурдагы юстиция министри Аяз Баетов 2020-жылдан бери Кытайдан такыр карыз алынбаганын айтып чыккан. Соңку 6 жылда 419 миллион сом карыз төлөнүп, учурда Кыргызстандын Кытайга карызы 1 миллиард 377 миллион долларды түзөрүн белгилеген.