Курт-кумурска түрүнө кирген кырк аяк көргөндө итиркейди келтиргени менен, айрым мультфильмдердин каарманы. Алтургай азык жана кытайдын элдик медицинасында дары.
Кырк аяк – омурткасыз жандыктардын катарына кирет. Дүйнөдө чоң, кичинеси болуп 1200дөй түрү жашайт. Денелеринин узундугу 9- 17 сантиметрге чейин жетет жана буттарынын саны 40тан көп болушу мүмкүн. Денелери муунак-муунак болуп турат. Көбүнүкү 22 муунак болот. Акыркысы ичке. Ар муунакта экиден буту бар. Байыркы түрлөрү мындан 428 миллион жыл мурун жашаган деген маалыматтар бар. 6 жылдай өмүр сүрүшөт.
Аскалардын жаракаларында, чириген бутак-шак, ошондой эле нымдуу, караңгы жерлерде кездешет. Жыты балыктын жытына окшошуп кетет. Илмек сымал буттарынын уч жагында уулуу бездеринин учунан ачылган тешикчелер бар. Коркунуч туулганда ал бездер иштеп чыккан ууну атып жиберишет. Уусу адамда оорутууну жаратат, бирок өлүмгө жеткирбейт.
Түнкүсүн жемин уулап чыгат. Абдан сук жаныбар. Сөөлжан, ийнелик, жөргөмүш, саратан, үлүл, кыскасы, курт-кумурскаларды, жашылчалардын кабыктарын жейт. Бир жерде абдан көбөйүп кетишкенде бири-бирине жолтоо болушат. Азыкка атаандаштык өсүп, күчтүүлөрү алсыздарын өлтүрүп башташат. Өздөрүн сактоо инстинктери өнүккөн. Жазында азыктары жетишпей чөп, мохтордун жаш сабактарын жейт. 3 жашка чыкканда жетилет. 1 жылда 1 ирет жумурткалайт. Жумурткалардын үстү былжыр менен капталган болот. Ошол былжырлар жумурткаларды бириктирип, бир чоң массага айландыргандай көрүнөт. Андай массаларда болжол менен 60-70, чанда 20-30дай жумуртка болот. Алардан 40 күндөн кийин жаш кырк аяктар чыга келет. Адегенде топ-топ болуп жүрүшөт, анан өз алдынча тиричилик кылганга өтүшөт. Кеч күзгө чейин 3-4 сантиметрдей чоңоюшат да, анан жерди 12 сантиметрге чейин казып кирип, кыштап чыгышат.
Айрым адамдар үйлөрүндө багат. Сүт ичип, нан жегенге ыңгайлашып кете алышат. Аталган жандык кытайда азык жана элдик медицинасында дары катары кеңири колдонулат. Карышып калууну жазып, кан тамырларды кеңейтип, оорутууну басат дешет. Көбүнчө селеймеде, катуу баш ооруларда, жүрөк-кан тамыр ооруларында колдонулат.
Күн ысык болуп, жаан көп жааган учурларда грибоктор (тирүү организмдер) абдан көбөйөт. Мындайда аларды жуктуруп алып ооруп калуу коркунучу чоң. Буттарында кара тактар пайда болуп, денесинин жалтырактыгы жоголот, эч жерсе жебей калат да, арыктап өлүшөт.