Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 5-октябрдан 11-октябрга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Өзүңүзгө убакыт аябаңыз, ден соолукту текшерткени ооруканага баруу же сулуулук салонуна барып жаңылануу сыяктуу иштерге ушул аптада убакыт бөлүңүз. Бул иштерге акча да үнөмдөбөңүз, өзүңүзгө коротпосоңуз деле каякка кеткени билинбей калат. Шейшемби күнү эмоционалдык жактан сезимтал болуп каласыз, бул күнү олуттуу сөздөрдү сүйлөшпөй эле койгон оң. Эмоцияга алдырып жиберишиңиз мүмкүн. Дем алыш күндөрү улуулардын кеңешин укканыңыз оң.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Өзүңүздү агымга каршы сүзүп бараткандай сезишиңиз мүмкүн. Жумушта сиздики кыйынчылык, нерв менен коштолуп, башкалардыкы оңой эле бүтүп жаткандай сезилет. Өзүңүздү таштабаңыз, ийгилик алыс эмес, шаршемби, бейшемби күндөрү эле жакшы натыйжасын көрөсүз. Жеке жашоодо ары-бери чарпыла бербей, комфорт зонасында убакыт өткөрүү сунушталат. Түгөйүңүздүн сизге карата камкордугу жагымдуу сезим тартуулайт. Бойдокторду жумушта таанышуу күтөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Эгиздерди чыгармачыл апта күтөт, жумушта флирт, тамаша, шаан-шөкөттүү көз ирмемдер орун алат. Жашоого ыраазы болууга себеп таап, эргүү аласыз. Түгөйүңүз болсо, ал да, керекпи өзүңүз да күтпөгөн сюрприз жасап салыңыз, романтика жанданат. Ал эми бойдоктор курч акылы менен өзүнө башкаларды тарта алат. Каржы тармагында той, шерине, белек сыяктууларга аз эмес акча коротушуңуз мүмкүн. Апта соңу сизде стресс абалын жараткан адамдардан алыс болушуңуз керек.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бөйөндөрдө жашоосуна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүк тартуулаган апта. Алдыга койгон максаттар ишке ашат. Пландаган көп нерселерди бүтүрө аласыз. Ишемби маанайыңызды бир аз түшүргөн жаңылык угушуңуз мүмкүн. Адамдар менен сүйлөшүүдө ички туюмга ишениңиз, кимге ачылуу керек, киди жөн гана угуп коюу керектигин сезесиз. Кошуналардын бири сиздин жардамга муктаж болот. Дем алыш күндөрүн өзүңүз пландабасаңыз, тынч гана үйдө отурасыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Чечкенге жеке өзүңүздүн күчүңүз жетпеген кырдаал жаралышы мүмкүн. Башкалардын жардамына кайрылсаңыз да, акыркы чечимди өзүңүз кабыл алыңыз. Жакындарыңыздын да түйшүгүн тартып, баарына жоопкерчилик ала берүүнү токтотуу керек. Апта ортосу кесиптештердин биринин үйүнө конокко барууңуз мүмкүн. Жумушта активдүү жана коммуникабелдүү болосуз. Каржы тармагы туруктуу абалда болмокчу. Апта соңун тынч жатпай, активдүүлүктө жыйынтыктайсыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Түгөйүңүз менен жасаган ишиңиздин жемишин көрүп кубанасыз. Окуу, билим тармагындагылардын убактысы да жемиштүү өтмөкчү, көптөгөн жаны нерселерди үйрөнөсүз. Үй-бүлө мүчөлөрү сизден көңүл бурууну талап кылышы мүмкүн. Жакыныңызга карата жалган жалаа жабылышы мүмкүн, сөзгө эмес, фактыга ишенүү керек. Аптанын экинчи жарымында капчыгыңызга акча түшөт, бирок ал сумманын “тешиги” бат эле табылып, коротуп саласыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Физикалык жактан да, эмоционалдык жактан да өзүңүздү жакшы сезген апта. Мурда түшүнбөй келген нерселерге көзүңүз ачылат. Колуңуздан келбей жаткан иштерди бат эле бүтүрүп саласыз. Мунун арты менен жумушта жакшы лидерлик сапаттарыңызды көрсөтө аласыз. Гардеробго жаңы кийим кошууңуз мүмкүн. Бойдоктор бирөөнү табам десе, “көлөкөдөн” чыкпай отура бербей, коомго аралашуусу керек. Дем алыш күндөрү керектүүлөрдү алганы базарга барышыңыз ыктымал.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Тамакка болгон табитиңиз ачылып, мурда жебеген нерселерди да жеп көрүү каалоосу жаралышы ыктымал. Жылдыздар сизге эч жакка шашылбоону сунушташат, баары өз убактысы менен болмокчу. Аптанын экинчи жарымында айрым конфликттерден улам жумуштан кетүүнү ойлонуп башташыңыз мүмкүн, кызуу кандуулук кылбай күтө туруңуз. Сүйүү мамилесинде сизге жеке чек араны сактоо деген нерсе зарыл болот. Апта соңун өзүңүз каалагандай тынч атмосферада өткөрөсүз.

 

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Апта жаачылар үчүн досторго, жумушка, келечек пландарды ишке ашырууга арналган убакыт болот. Алдыга көп максаттарды коёсуз, аны ишке ашыруу планын иштеп чыгууга жардам берген адамдар болот. Жеке жашоодо кандай маселе жаралбасын, тынч сүйлөшүү жолу менен баарын чечкенге болорун унутпаңыз. Бойдокторго өмүрлүк жарын ишенимдүү достордун арасынан издөө сунушталат. Каржы тармагында күтүүсүз пайда булагы табылат, жумуштан сый акы алышыңыз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жумушта баары жакшы, кесипкөйлүгүңүз менен көңүл борборунда болосуз, жетекчилик тараптан мактоо сөздөрүн угушуңуз ыктымал. Кошумча капчыгыңыздын калыңдашы күтүлөт. Жумуш деп жүрүп жеке жашоодогу романтиканы жоготуп алуудан сак болуңуз, сизде романтик болуунун пайдубалы бар, андыктан “чымындарды” ойготуңуз. Жумуштан кийин эс алуу, чыңалган абалды жаза турган нерселер менен алек болуу керек. Жашооңузга спорт кошуу сунушталат.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Суу куярларды оптимисттик апта күтүп турат. Кыйынчылыктарды чыгармачылык менен жеңил чечүү колуңуздан келет. Мурда кыжырдануу жараткан адамдар бул аптада көзүңүзгө жакшы көрүнүп калышы мүмкүн. Жеке жашоодо жакындарыңыз менен биргеликте сапарга чыгышыңыз мүмкүн, балким, алыстагы туугандардын үйүнө барасыздар. Мугалимдердин эмгеги бааланып, маанайы көтөрүлөт. Аптанын акыркы күндөрүндө үй-тиричилик менен эле алек болосуз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Маанилүү иштерди, жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү дүйшөмбү, шейшемби күндөргө пландабай эле коюңуз, ийгилик күтпөйт. Ал эми бир нерсе сатып алам деген оюңуз болсо, соодаңыз өзүңүз каалагандай өтөт. Бойдоктор аптанын экинчи жарымында романтикалык сунуш алышы күтүлөт. Түгөйү менен таарынышып жүргөндөр бир пикирге келип, элдешет. Финансылык маселени чечүү үчүн жакындарыңыздын жардамына, кеңешине муктаж болуп калышыңыз ыктымал.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1241, 2-8-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан