Заманбап окуучулар санарип технологиялар жана жасалма интеллекттин активдүү өнүгүү доорунда өсүп жатышат. Бул технологиялар алардын инсан болуп калыптанышы, дүйнө таанымынын өсүп, көп нерселерди өздөштүрүүсүнө, социалдык адаптациясына чоң таасир этет. Көптөгөн артыкчылыктарына карабай жасалма интеллекттин окуучулар үчүн терс жактары болушу мүмкүн. Бул жаатта психолог Анара Кадырова ой бөлүшөт.
Жасалма интеллект деген эмне?
Жасалма интеллект биздин жашообуздун бардык тармагына, анын ичинде билим берүүгө абдан тез ылдамдык менен кирип жатат. Жасалма интеллект деген эмне? Компьютердик системдердин адам сыяктуу ойлонуп, анализ жүргүзүп, чечим кабыл алуусуна мүмкүндүк берген технология. Ал суроолорго жооп берет, текст жазат, сүрөт жаратат, тил которот, эсеп чыгарат, макала жазып берет. Маалыматтарды талдай алат. Кайсы бир каарман тууралуу текст берсеңиз, аны элестетип сүрөтүн тартат. Башкача айтканда, ал адамдын акыл-эсинин айрым функцияларын, мисалы, ой жүгүртүү, кабыл алуу, окуяны талдоо, көйгөйлөрдү чечүү сыяктуу функцияларды аткара алат. Мына ушул технологиянын окуучулар үчүн пайдалуу жана зыяндуу жактары бар. Адегенде пайдаларын анализдеп көрөлү.
Убакыт үнөмдөлөт
Мурда окуучулар маалымат издеп китептерди барактап чыгышса, азыр суроо берсе жасалма интеллект керектүү маалыматты заматта таап берет. Ушунусу менен убакытты үнөмдөйт.
Сабакка жетишүүгө шарт түзөт
Бардык балдар бирдей эмес. Кээ бирөө өтүлгөн сабакты бат түшүнөт, кээ бирөө жай өздөштүрөт. Жасалма интеллект ар бир окуучунун деңгээлине жараша тапшырма сунуштай алат. Мисалы, математикадан кыйналган окуучуга жөнөкөй мисалдардан баштап, акырындап татаалын бере алат. Бул окуучунун өзүнө болгон ишенимин арттырат. Түшүнбөгөн терминдерди, теманы жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берет. Дагы бир мисал, бала ооруп калып, бир нече темадан артта калды дейли. Мындайда мугалим аны жетиштирүү үчүн жасалма интеллектти колдонсо иш бат алдыга жылат.
Чет тилди өздөштүрүүгө жардамчы
Чет тилдерди үйрөнүүдө да жасалма интеллект чоң жардамчы. Ал сөздөрдүн туура айтылышын көрсөтөт, каталарды оңдойт, сүйлөшүү машыгуусун уюштурат. Ошентип жасалма интеллект кошумча билим бере алат.
Дил баянга ой-толгоолорду сунуштайт
Керектүү маалыматтарды топтоп реферат, дил баяндын өзөгүн түзүүгө салым кошот. Мисалы, дил баян жазууда темага байланыштуу ой-толгоолорду сунуштай алат. Окуучу ошол идеяларды өнүктүрүп, өз көз карашын кошсо, сапаттуу эмгек жаралышы мүмкүн.
Ойлонууга көбүрөөк убакыт калтырат
Кээ бир техникалык иштерге, мисалы, текстти форматтоо, орфографияны текшерүү, маалыматтарды иреттөөгө көп убакыт кетет. Жасалма интеллект бул иштерди бат аткарып, окуучуга негизги нерсеге, башкача айтканда, ойлонууга жана түшүнүүгө көбүрөөк убакыт калтырат. Эми зыяндарына токтололу.
Окуучунун өз алдынча ойлонбой калышы
Жасалма интеллект окуучулар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачканы менен, аны туура пайдаланбаса олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Эң чоң коркунуч – окуучунун өз алдынча ойлонбой калуусу. Эгер ар бир тапшырманы аткарууда жасалма интеллекттин даяр жоопторун колдоно берсе, баланын мээси өспөй баштайт. Убакыт өткөн сайын баланын өз алдынча ой жүгүртүүсү, анализдөө жана чыгармачылык жөндөмү начарлайт. Башкача айтканда, жасалма интеллект баланын өзүнүн акыл-эсинин, билим потенциалынын өсүшүнө тоскоол болот. Баланын билиминин чыныгы сапаты төмөндөйт. Технологияга көз каранды болуп, окууга болгон мотивациясы начарлайт. Изденүү жөндөмү төмөндөйт. Мындай жол менен чоңойгон бала келечекте өз алдынча чечим кабыл алууда кыйналат. Реалдуу жашоого ыңгайлашууга, сын көз караш менен ойлонууда аксайт.
Туура эмес маалыматты бериши мүмкүн
Жасалма интеллект ар дайым туура жооп берет деген кепилдик жок. Кээде ал эски же туура эмес маалыматты бериши мүмкүн. Эгер окуучу аны текшербей эле ишенип алса, анда жаңылыш түшүнүк калыптанат. Ошондуктан сынчыл ой жүгүртүү жана маалыматты кайра текшерип чыгуу абдан маанилүү. Чоңдор балага жасалма интеллект алгоритм менен иштеп жана стандарттуу жоопторду берерин, алардын баарын туура деп кабыл албоо керектигин түшүндүрүүсү кажет. Ошону менен бирге маалыматтардын тууралыгын кантип текшерүүнү жана өз алдынча жыйынтык чыгарууну үйрөтүүсү керек.
Жандуу байланыш азаят
Мектеп – бул жөн гана билим берүүчү жай эмес, тарбия берүүчү чөйрө. Мугалим менен окуучунун ортосундагы жандуу байланыш, классташтар менен пикир алмашуу – булардын баары инсанды калыптандырат. Эгер окуучу көбүнчө экран менен гана иштесе, жандуу баарлашуу азайышы мүмкүн.
Туура жол кайсы?
Канчалык технология өнүкпөсүн, адамдык фактор маанилүү бойдон калат. Мугалимдин жылуу сөзү, шыктандыруусу, колдоосу – муну эч бир программа толук алмаштыра албайт. Окуучу үчүн эң маанилүүсү – жаңы маалыматтарды алуу, алар боюнча өз алдынча ой жүгүртүү, анализдөө, эске тутуу, аларды кайра колдоно билүү. Билимин өркүндөтүү.
Маселе жасалма интеллектте эмес, аны кантип колдонууда экендиги маалым болду окшойт. Мугалимдер балдарга жасалма интеллектти туура пайдаланууну үйрөтүшү керек.
Мисалы:
• Программаны жардамчы катары гана колдонуу;
• Маалыматтын тууралыгын текшерүүдө пайдалануу. Мисалы, бала эсепти өзү чыгарып, анан анын жообу туура же туура эмес болгонун текшерүүдө.
• Даяр маалыматты көчүрүп алуу менен тим болбой өз оюн кошуу. Мисалы, дил баян жазууда. Ата-энелер да балдарынын бул технологияны кантип колдонуп жатканын көзөмөлдөшү зарыл.
Окуучуга жардамчы гана болушу керек
Жыйынтыктап айтканда, жасалма интеллект окуучуларга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет: билимге жетүүнү жеңилдетет, жеке окутууну камсыз кылат, тил үйрөнүүгө жана чыгармачылыкка көмөктөшөт. Бирок аны туура эмес колдонуу жогоруда айткандай жалкоолукка, билимдин үстүртөн болушуна жана көз карандылыкка алып келиши мүмкүн. Эң туура жол – билим, тарбия жана технологиянын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо. Ошондо гана жасалма интеллект окуучулар үчүн чыныгы пайда алып келет.
Канча жаштан баштап колдонсо болот?
Бул жаатта чет өлкөлөрдө атайын изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында булар белгилүү болгон:
• Керектүүлөрдү издөө, пайдалануу, анализдөө үчүн жасалма интеллектти сүйлөө-логикалык ойлонуусу калыптанып калган убактан, башкача айтканда, 14-15 жаштан тарта колдоно баштаган жакшы.
• 8-10 жаштагылар жасалма интеллектти ата-энеси менен биргеликте колдонушса болот.
Канымжан Орозбекова