Жанар Туратова – Улуттук филармониянын солисти. “Каракыздын таштаган арышы сымал, алгалай бер мекеним, Кыргызстаным...” деген саптары бар керемет ыр менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында ар бир кыргыздын канын дүргүтүп, мекенчилдик сезимин ойготту окшойт. 15 жылдан бери сахнанын ысык-суугун көрүп келе жаткан ырчы Жанар Туратова бул жолу бизде апта каарманы. Музыка, популярдуулук, устат тарбиясы жана башка темаларда ачык-айкын пикир алыштык.
– Саламатсызбы, Жанар айым? Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында ырдаган ырларыңыз таасирдүү болду, канча убакыт даярдандыңыз?
– Саламатсыздар. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында үч ыр ырдадым, эки айдай даярдык көрдүк. “Дүйнө” деген ыр Нурак Абдрахмановдуку, аягы "Манас" айтуу менен коштолот. Анан “Каракыз” аттуу ырды ырдадым, бул Аалы Туткучевдин ыры, кадимки кыргыз-казакка аты чыккан Каракыз аттуу аргымакка арналып жазылган. Эмнеге үч ырды ырдадың десеңиз, ушул иш-чарага атайылап жаздыргандай репертуарымда патриоттук ырлар көп экен. Мамлекеттик иш-чараларга да ушул себептүү көп катышам. Өзүмө да жагат. Эң аз дегенде 15 чакты өлкөгө барып элибизди даңктап ырдадым.
– Сиз даңазалап ырдаган ошол Каракыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Учурда ал аргымак сегиз жашта. Ат чабыштарда алдына эч кимди салбай келет күлүктүгү боюнча. Өзү дагы өңү капкара, жылтыраган өзгөчө сулуу жаныбар. Аалы Туткучев агабыз жылкыга жакын киши эмеспи, өзү да улакка түшүп жүрөт. Анан Аалы агайга айтып, ошол "Каракыз" деген ырын сурап алып ырдап чыктым. Мен Казакстанда жүргөндө ал аргымактын аңызын угуп, анан Кыргызстанга келгенде ырдап чыктым. Көрсө, 2 жашынан бери чемпион экен ал күлүк, ошого таасирленип ырдап чыктым десем болот.
– Өзүңүз тууралуу сүйлөшсөк... Кайсы жердин кызы болосуз? Чыгармачылык жолуңуз качан, кантип башталды?
– Мен Канттан болом, интернационалдуу шаарча эмеспи, немистер, уйгурлар, түрктөр көп. Ошондуктанбы, 16 жашка чейин кыргызча жакшы сүйлөй алчу эмесмин. Апам мен кичине кезде каза болуп калгандыктан, чоң энемдин колунда, ал кишинин тарбиясында чоңойдум. Кийин атам кайра үйлөнүп, экинчи апабыздын тарбиясында болдук. Мени чыгармачылыкка ошол экинчи апам алып келди. 15 жашымда “комуз үйрөнүп ал” деп белгилүү ырчы Дилшат Кангелдиевага алып келген. Анан “Камбаркан” ансамблинин концертине катышып, катуу таасирлендим. 9-класс элем, дароо эле Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Ал жакта эл аспаптар бөлүмүндө окуп, кыл кыякты 4 жылда үйрөнүп чыктым, ырдап жүрдүм. Кийин Улуттук консерваторияга тапшырып, элдик ырдоо жаатында билим алдым. Андан кийин Улуттук филармонияга чакырылып, учурда ошол жерде иштеп жатам.
– Үнүңүз мыкты экен, бул жаатта сизди таптаган устат ким болду?
– Ырчынын үнү канчалык көп ырдаса, ошончо тапталып кете берет. Башында айтып кеткендей, көп өлкөлөрдү кыдырдым, укмуштуудай сахналарда жандуу үн менен ырдап көндүм. Менимче, ошол тажрыйбалар азыркы үнүмдү калыптандырды. Түрдүү жанрда ырдайм, англисче, орусча, кыргызча бийик ноталарда ырдайм, бул да чоң жардам берет. Ачыгын айтсам, өзүмө өзүмдүн үнүм жакканына 3-4 эле жыл болду. Ошондуктан да чыгармачылыкта алдыга жылыш болуп жатат окшойт (күлүп).
– Мурда эмнеге жакчу эмес үнүңүз?
– Менде өзүмө сын көз карашта кароо аябай күчтүү, өңүм да, үнүм да жакпай жүргөм (күлүп). Комплекстеримди жеңгиче эле 30га чыгып калыптырмын. Өзүңдү өзүң жеңе албасаң, продюсер да эч нерсе кыла албайт экен. Анткени продюсерлер менен да иштештим. Ичиңдеги от жанып кетпесе эч ким, эч нерсе жардам бере албайт тура. Бирок азыр өзүмө жагып, демек, элге да жагып жаткан учурум.
– Ичиңиздеги от кантип жанды? Күтүүсүзбү же бирөө себепкер болуппу?
– Улуттук филармонияга ишке киргенде күчтүү устатка жолуктум. Ал адам – Рысбек Жумакунов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, “Камбаркан” фольклордук ансамблинин жетекчиси. Ал киши мага эки жылдай психотерапия жүргүздү окшойт. “Сен өзүң билесиңби үнүң кандай өзгөчө экенин?” деп көп айтты. Мени кесипкөй адамдын берген баасы көтөрдү окшойт.
– Көпчүлүк ырчыларда амбиция бийик болот, сиздечи?
– “Асман” долбооруна катыштым, жеңдим. Бирок “вау” дегендей пайдаланып кете албадым окшойт. Мен ушул жактан аксайм бир аз, анткени табиятыңды эч кайда ката албайт экенсиң. Жулунбайм, “мен” деп көкүрөк какпайм, болбосо 15 жылдан бери ушул чөйрөдө келе жатам. Тарбиям, чөйрөм ушундай болгондуктан болуш керек. Бирок эч качан “эрте популярдуу боло албадым” деп өкүнбөйм, анткени маңдайга эмне жазылса, ошону көрөт экенсиң. Популярдуу болсом деле, болбосом деле бул менин кесибим. Максат – сөзсүз популярдуу болуш эмес, элдин жан дүйнөсүнө азык болор мыкты эмгектерди жаратуу. Ошондуктан токтобой алдыга жыла беребиз.
– Жүрөгүңүздүн ээси барбы?
– Турмушка чыга элекмин, жүрөгүм бош. Бирок бул нерсени чоң маселе деп эсептебейм. “Насип болсо баары жакшы болот” деп эле өзүмдү ишендирип жүрөм.
– Сизди инсан катары катуу өзгөрткөн окуя болду беле жашооңузда?
– Ооба. Атам катуу ооруп калды мындан эки-үч жыл мурун. “Баспай калат” дешти врачтар. Бирок атамдын эрки күчтүү экен, инсульт алганына, врачтардын “такыр үмүт жок” дешкенине карабай басып кетти. Азыркы тапта спорт залдарда машыгып жүрөт. Бул окуя мени кантип өзгөрттү? Мурун бир аз түнт, депрессияга көбүрөөк ыктаган адам элем. Азыр ачылып, күлүп-жайнап, жашоонун кумарын сезип, сездирип жашап калдым. Анткени өмүр көз ирмемдик эле убакыт экен, аны жаркырата жашоо керек экенин түшүндүм. Анан өзүмдү атамдын эрке кызындай сезчү элем, ал ооруп калганда кадимкидей чоңоё түшкөнүмдү сездим.
Ал же бул?
- Жандуу ырдообу же фонограммабы?
- Жандуу ырдоо. Кээде бир эле үн, бир эле дем, бир эле эмоция адамдын жүрөгүнөн түбөлүккө орун алат.
- Жайбы же кышпы?
- Жай.
- Кофеби же чайбы?
- Суу. Чай да, кофе да жакшы, бирок менин чыныгы тандоом — таза суу.
- Сүйүүбү же карьерабы?
- Бактылуу жашоо. Бул экөөнүн бирин тандагым келбейт. Жашоодо сүйүү да, чыгармачылык да, карьера да өз ордун тапса дейм. Бирок баарынан маанилүүсү — адамдын өзүн бактылуу сезиши. Мен үчүн ийгилик деген бир гана жетишкендик эмес, жүрөгүңдүн тынч болуусу.
- Дүйнөлүк музыкабы же кыргыз кайрыктарыбы?
- Кыргыз музыкасы. Албетте, дүйнөлүк музыканы да угам, ар кандай жанрларга кызыгам, бирок кыргыз музыкасы – биздин тамырыбыз, маданиятыбыз. Ошондуктан баары бир тартат өзүнө. Анткени обондорубузда, күүлөрүбүздө, ырларыбызда тарыхыбыз, мүнөзүбүз камтылат. Эч бир элдин музыкасына окшобогон өзгөчөлүк бар кыргыз кайрыктарында.
- Жанар күчтүүбү же алсызбы?
- Назик. Назик болуп туруп да күчтүү болууга мүмкүн. Кээде аялдын күчү үнүн бийик чыгарганында эмес, сабырдуулугунда, жүрөгүндө, сүйүүсүндө деп билем.
Нуржамал Жийдебаева