Биз социалдык тармакта

АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ: МЕКТЕПТЕ АКЧА ЧОГУЛТКАНДАР ЖАЗАЛАНЫШАТ

Парламенттин 30-сентябрдагы жыйынында депутаттар мектептерде ата-энелерден акча чогултулуп жатканын айтып чыгышты.                                 

– Ата-энелердин WhatsApp тайпаларында ызы-чуулар болууда. Оңдоп-түзөө иштерине, техникалык кызматкердин айлык акысына, борго, самынга, тазалыкка акча чогулткула дешүүдө. Президенттин ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган жарлыгы чыккан. Бирок ал жарлыкты ишке ашыра турган министрлер чабал болуп жатышат,- деди депутат Улукбек Карыбек уулу.

Ушул эле күнү Агартуу министрлиги билдирүү жасап, ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын дагы бир жолу эскертти. Маалымдалгандай, мындай аракеттер үчүн Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчилик каралган.

Мындан тышкары ата-энелер тарабынан да мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жол берилбесин, чогулткандар мыйзамда белгиленген тартипте жазага тартыларын кошумчалады министрлик.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1241, 2-8-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан