“Мегаком” деген бренд менен белгилүү болгон “Альфа Телеком” компаниясынын чыры өтө кызуу уланууда. Аталган компаниянын кожоюндары кол каптай алмашып, анын кызматкерлери нааразычылык акциясына чыга баштады.
15-март күнү ишкананын мурдагы директору Андрей Силич адамдары менен Мегакомдун башкы кеңсесине кирип келип, өзүн компаниянын башчысы катары жарыялаган. Ал бул кадамын “Каржы полициясы бизге козгогон кылмыш ишин Башкы прокуратура токтом менен жокко чыгарды. Менин жасап жаткан иштеримде мыйзамсыз көрүнүш жок” деп түшүндүргөн.
Ал эми компаниянын буга чейинки тышкы башкаруучусу Азамат Мурзалиев “алар прокуратуранын токтомуна таянып, компанияны мыйзамсыз басып алышты. Мамлекет тараптан коюлган мыйзамдуу жетекчи менмин” деп камчыланып алган. Андан ары сөзүн улай: “Башкы прокуратура Силичтин кылмыш иштеринин бетин ачууга тоскоол болуп жатат. Муну мен Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболовага тиешелүү ишканага “Альфа Телеком” тарабынан 400 миң доллар акча мыйзамсыз түрдө которулуп кеткени менен түшүндүрөм”,- дейт.
Ага жооп иретинде Нуржамал Байболова: “Кыргызстанда жеке менчикти сатуу кылмышпы? Мен өзүмдүн ишканама тиешелүү кыймылсыз мүлктү саткам аларга. Ал жигит айткандарын сот алдында тастыктоого даяр болсун”,- деди.
Ал эми президент Роза Отунбаева бул ызы-чууну териштирүүнү УКМКга тапшырды. Алар Каржы полициясы жана Башкы прокуратура менен биргеликте иш алып барышмакчы. Президенттин мындай кадамын ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдрахманов: “Отунбаеванын бул кадамы мыйзамсыз. Анткени УКМКнын өлкөнүн чарбалык иштерге киришүүгө укугу жок”,- деди.
Ал эми Улуттук менчикти башкаруу боюнча фондунун башчысы Даир Кенекеевдин айтымында, «Альфа Телекомго» таандык 51 пайыз үчүн башка компаниялар да ат салышууда. Бирок мыйзамга ылайык, ал үлүш эч кимге таандык эмес.
Ошентип, Силич менен Мурзалиевди куурчактарга айлантып, сахна артынан өлкөбүздүн дөө-шаа чиновниктери алышып жаткандай көрүнөт. Бул “спектакль” канчага созулары белгисиз. Азыркы кезде компаниянын айланасындагы териштирүү иштери дагы эле улана бермекчи. Айтмакчы, Мегакомдун тышкы башкаруучусу Азамат Мурзалиев өз ыктыяры менен жумушунан кетип, анын кызматына орун басары Алмаз Абеков дайындалды. Карапайым элибиз “бизге сапаттуу байланыш болсо болгону” деп коюп бейкапар.