29-сентябрда Бишкектин Ленин райондук соту жарандык активист Мавлян Аскарбековду мүлкүн конфискациялоо менен 2 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Сотто мамлекеттик айыптоочу аны 4 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу. Аскарбеков Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.
Эскерте кетсек, Аскарбеков үстүбүздөгү жылдын 13-июнунда УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Ал социалдык тармактардагы баракчасынан чет өлкөлүк жарандар тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап келгени үчүн УКМКнын көзүнө илинген. Мавлян Аскарбеков акыркы жылдары оппозициялык көз карашты карманып келген. Мындан 3 жыл мурун биздин гезитке берген маегинде билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө көңүл бурган. “Окуганга китеп жок болсо, жаңы мектептерди куруунун эмне кереги бар?” деп суроо салган эле. Китеп жетишсиздиги боюнча абал дагы деле курч бойдон экени быйылкы окуу жылынын башталышында да даана көрүндү.