Биз социалдык тармакта

БИШКЕК-ОШ АБА КАТТАМЫНА 4500 СОМ ДЕП БИР БАА КОЮУ СУНУШТАЛДЫ

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча авиабилеттерге өзгөрбөй турган бир баа коюуну сунуштады. Бул тууралуу 1-октябрда аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Билет баасын бир тарапка 4500 сомдун тегерегинде кылуу сунушталып жатат. Бул үчүн мамлекет авиакомпанияларды күйүүчү май жаатында субсидиялоо механизми аркылуу колдоого тийиш болмокчу. Буга чейин Бишкек-Ош багыты боюнча билеттер 6000 сомдон болгонун, бирок авиакеросин кымбаттагандан улам билет баасы 6600 сомго чыккан. Мекеме белгилегендей, 2025-жылдын январынан 2026-жылдын август айына чейин авиакеросиндин 1 тоннасынын баасы 97 миң сомдон 188 миң сомго чейин, башкача айтканда, 93,8 пайызга кымбаттаган.

Аталган кызматтын сунушу Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлгөнү, азырынча акыркы чечим кабыл алына электиги айтылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1241, 2-8-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан