Биз социалдык тармакта

МАМЛЕКЕТ БЕНЗИНДИН БААСЫН КАНТИП СУБСИДИЯЛАП ЖАТАТ?         

Мамлекет күйүүчү майдын баасын субсидиялаганы үчүн Кыргызстанда ар бир айдоочу айына бензинден 4632 сом үнөмдөп жатат. Мындай маалыматты 1-октябрда Экономика министрлиги билдирди. 

Министрлик мисал катары эсеп чыгарган. Ага таянсак, бир айдоочу күнүнө орточо 5 литр АИ-92 бензинин керектесе, демек, бир айдагы керектөө болжол менен 150 литрди түзөт. Ошондо бир литрге 30,88 сом субсидия берилгенде, айдоочу болжолдуу айына 4632 сом үнөмдөйт. Министрлик мамлекет АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литрине 30,88 сом, дизель майынын 1 литрине 42,27 сом, автогаздын 1 литрине 5,38 сом субсидия кылып жатканын белгилейт. Башкача айтканда, көрсөтүлгөн сумманы мамлекет өз эсебинен жаап жатканы айтылды.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын автоунаа катталган. Анын 1,2 миллиону жеңил унаа, 300 миңге жакыны жүк ташуучу унаалар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1241, 2-8-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан