АКШ менен Ирандын Катардын ортомчулугу астында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүндө жылыш болгон жок. Бул тууралуу 30-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, тараптар негизги маселелер боюнча бир пикирге келе албай жатышат. Иран АКШдан деңиз блокадасын жана башка чектөөлөрдү жеңилдетүүнү талап кылса, Вашингтон Тегерандын өзөктүк программасына чектөө киргизүүнү көздөөдө.
Эл аралык ЖМКларда жарыяланган маалыматка таянсак, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышууга барган Ирандын делегациясынан өлкөдөн дароо чыгып кетүүнү талап кылды.
Маалыматка караганда, Тегеран менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрү 29-сентябрда өтүп, жыйынтыксыз аяктады. Ошол эле күнү кечинде АКШнын БУУдагы миссиясы Ирандын делегациясына Нью-Йорктон дароо чыгып кетүү керектигин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн кайра качан уланары азырынча белгисиз бойдон калууда.