Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

 

Жашоо, балким, ушунусу менен кызыктыр. Илимдин жашоосундагы окуялар мени да кадимкидей алсыратып койду. Мен эми четтешим керек эле, эне-бала өздөрү чечишип алышы керек. Бирок болбой эле ортодо “көпүрөнүн” ролун аткарып калдым. Мага бир жакшы психолог керек же жөн гана ичимдеги сезимдердин баарын айтып бере турган жакын адам керек. Экөөнү эки жакка таштап салып басып кете албадым. Илим апасы менен жолуккандан кийин ого бетер чүнчүп кеткендей эле. Бир күнү телефон чалып мени чакырды. Барбай коё албадым. Сыртынан баары жайындадай, бирок мен анын көзүнөн айласын таппай турганын билдим.

– Салам,- дедим.

Саламдашты, бирок жаактары түктүйүп кыйналып турганы билинип турду. Ал ийинин куушурду.

– Тамчы, мен эмне кылам? Мындан ары кантип жашайм?

– Жеңилдеп калдыңбы?

– Жеңилдешим керек беле?

– Мен андай деген жокмун. Эмнеге мага ачууланып жатасың?

– Сценарий ушундай болмок да, ээ? Илим апасын тапты. Эми баары бүттү. Бактылуу аяктады. Бирок жашоодо андай эмес экен. Ого бетер оор болуп кетти мага.

– Илим, ал сага баарын түшүндүргөнгө аракет кылды го. Эмнеге андай болгонун...

– Ооба. Түшүндүрдү. Мен түшүндүм. Бирок ошону менен баары бүтпөйт экен. Себеби мен аны түшүнгөнгө чейин, ал мени түшүнүшү керек болчу. Мен “апам кайда?” деген суроо менен жашадым. Кийин сурабай калгам. Анткени жооп жок экенин түшүнгөм. Көрсө, жооп бар экен, бирок ал жоопту укканда менин бүт ызам, кайгым жок болуп кетет деп ойлогом.  Анткен жок. Мен аны кучактагым келди, Тамчы. Бирок колум барган жок. Анткени ичимдеги кичинекей бала “Эми эмне кереги бар?” деп турду.

– Сен апаңды жек көрөсүңбү?

– Жек көрсөм жеңил болмок. Ичимде таарыныч. Сен түшүнбөйсүңбү? Мен он жети жыл күттүм. Азыр келип “мен да кыйналгам” дегенде анын баары жок болуп кеткен жок. Баары чиеленишти кайра. Кечир дейм ичимден, бирок мен киммин? Судьябы? Адвокатпы? Кимди соттош керек?

Илим апасы менен эмес, өзүнүн ичинде жашаган эки адам менен күрөшүп жаткан. Бирөөсү апасын кучактагысы келет. Экинчиси болсо “мени таштап кеткен адамды кантип кайра апам деп атайм?” деп турат. Ал эми экөөнүн ортосунда мен тааныган сынык канат Илим турат. Ага убакыт керек болчу. Бирок кенен убакыт да жок эле...

– Атам менен апама өз апамдын табылганын айтышым керек. Муну көпкө сактап жүрө албайм. Сени чакырганымдын себеби, жанымда бол. Сен аркылуу тапканымды аларга түшүндүрө алайын. Дегеле сен жокто мен өзүмдү адашып калгандай сезем.

Мен аргасыз башымды ийкедим. Ошентип Казат аталардыкына жөнөдүк. Үйгө кирип бара жатканда эле Илимдин тынчсызданып турганын байкадым. “Баары жакшы болот” дедим ага карап, ал дагы жылмайып койду. Кирдик, Казат ата адатынча китеп окуп, Гүлай апа үй ишин кылып жүрүптүр. Бизди экөө тең таң кала тиктеп калышты. Ээрчишип жүргөнүбүздү башкача жорушту, балким. Биздин ортобуздагы сезимдерди алар да билишет эле, бирок ачык айтышчу эмес.

– Кайдан силер?- деди Гүлай апа.

– Гүлай апа, Илим сиздерге бир нерсе айтканы келди,- дедим мен.

Илим унчукпай жогору өтүп, отургучка отурду. Мен анын жанына отурдум. Бир азга баарыбыз унчукпай калдык. Казат ата көз айнегин алып Илимди карады.

– Эмне болду?

Илим манжаларын бири-бирине сүртүп ыңгайсыздана берди.

– Ата...

– Мм?

Илим башын көтөрдү.

– Мен... апамды таптым.

Колумдагы чыныны кармаган бойдон катып калдым. Гүлай апа да Илимди карап калды.

– Кимди? Кайсы апаңды?- деди Казат ата.

– Өз апамды.

Экөө тең тунжурап отуруп калышты. Бири-бирин карап ортодо ыңгайсыз бир нече убакыт өттү. Бир маалда Казат ата башын көтөрө берди.

– Көрүштүңөрбү?

– Ооба.

Мен Илимдин жүзүнө карадым. Ал өзүн араң кармап турганы көрүнүп турат. Казат ата болсо адатынча орой унчукту.

– Бизге мунун эмнесин айтып жатасың?

Мен сөзгө аралашпай тура албадым. Окуя кандай болгонун, эмне болгонун, Айым апанын жашаган окуясын, баласын аргасыз таштаганын айтып бердим. Алар сөзүмдү бир да бөлбөй угуп турушту.

– Казат ата, Гүлай апа, азыр Илимге да оор. Бул тагдырга эч ким күнөөлүү эмес да.

– Тамчы, мен Илимди күнөөлөп жаткан жокмун. Мен сени түшүнбөй жатам, балам. Өзүң айтчы, бул жолугушуу бир нерсени өзгөртөбү жашообузда?

Илимдин көзү кызарып чыкты.

– Эч нерсе өзгөрбөйт, бирок силердин билишиңерди кааладым. Аны менен көрүшүп жатканымды сиздерге айтпай коё албайт элем. Биздин жашообузда эч нерсе өзгөрбөйт. Болгону эми менин апам тирүү экенин билем.

Казат атанын жаагы түйүлдү.

– Бизчи?

Илим башын көтөрдү.

– Силер эмне?

– Биз сен үчүн кимбиз? Сенин атаң ким?

Илимдин көзүнө жаш толду.

– Сиз.

– А апаң?

Илим Гүлай апаны карады.

– Сиз.

Гүлай апа көз жашын кармай албай калды. Бирок Казат ата дагы деле тынчтана элек.

– Анда эмнеге ушунча ойлондуң? Ал сага да, бизге да чоочун аял.

Илимдин үнү титиреп чыкты.

– Ал менин апам. Бирок сиздерди жоготуп алуудан коркуп жатам.

– Мен да ошондон коркуп жатам...- деди  Казат ата акырын.

Илим аны карады.

– Эмнеден?

– Сен бир күнү “менин өз апам бар экен” деп, бизди керексиз кылып коёсуңбу деп.

– Андай болбойт. Менин сиздер менен өткөргөн бүт өмүрүмдү эч ким өчүрө албайт.

Мен ошондо эки тарап тең бир эле нерседен коркуп жатканын билдим. Бири апасын кайра жоготуудан, экинчиси баласын жоготуудан. Гүлай апа оор үшкүрдү. “Болору болуптур. Силер да токтогула” деди да, басып кетти. Мен көзүмө жаш келгенин жашыра алган жокмун. Бул үйдө эч ким жеңген жок. Эч ким утулган жок. Болгону көп жылдан бери айтылбай келген нерселер биринчи жолу ачык айтылды.

             ххх

Бир апта өткөн соң Гүлай апаны анын өзүнүн өтүнүчү менен Илимдин төрөгөн апасына жолуктурмай болдук. Мен бул жолугушуу кандай өтөрүн алдын ала элестете алган жокмун. Анткени али жаралар ачык болчу, канап турган.

– Мен ага эмне дейм?- деди Гүлай апа мага акырын шыбырап.

– Эч нерсе дебесеңиз деле болот, апа. Жөн гана көрүшүп коюңуздар.

Гүлай апа мага карап жылмайган болду. Бирок көзүндөгү тынчсызданууну жашыра алган жок. Бир аздан кийин эшик ачылды, Илимдин төрөгөн апасы кирди. Айым апа ушундай бир сүйүү менен Илимди карады. Анын көздөрүндө көп нерсе бар эле. Көп жыл көрбөй жүрүп, эми баласынын жүзүнөн өзүнүн өткөн өмүрүн издеп жаткандай. Гүлай апа ордунан турду. Экөө бири-бирин тиктеп туруп калышты. Эч ким сүйлөгөн жок. Бир кезде Айым апа Гүлайга чөгөлөй отурду.

– Сизге рахмат, өз уулуңуздай чоңойткон экенсиз. Сизге өмүр бою рахмат айтам.

– Мен Илимди төрөгөн жокмун,- деди Гүлай апа. – Бирок анын жанында болдум. Эне болдум. Ар бир корккон түнү жанында отурдум. Жыгылганда көтөрдүм. Турганын көрдүм. Сиз аны төрөдүңүз. Мен чоңойттум. Эми тандоо аныкы. Мен Илимдин кандай болсо да тандоосуна каршы чыга албайм.

– Мен сиздин ордуңузду эч качан тартып ала албайм.

Мен Илимди карап, анын эмне үчүн ушунчалык кыйналып жатканын түшүндүм. Ал эки аялдын ортосунда калган жок. Ал өзүнүн эки башка дүйнөсүн бириктирүүгө аракет кылып жатты. Төрөгөн апасы ордунан туруп, ага жакындады.

– Мен сенден “мени апа деп айт” деп талап кылбайм. Мага жөн гана сени көрүп туруу жетиштүү,- деди.

Илим эки энесин тиктеп турду. Ичинде кандай сезимдер болуп жатканын жалгыз гана мен сезип жаткандай болдум.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1241, 2-8-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан