Өзү кичинекей болгону менен, чоң кызматты аркалаган топчунун пайда болуу тарыхына кайрылдык. Ал тарых мындан 5000 жыл мурунку мезгилге туура келет экен...
Мохенджо-Даро цивилазациясы
Топчулар мындан 5000 жыл мурун Мохенджо-Даро цивилазациясынын (заманбап Пакистан) аймагынан табылган. Алгачкы топчуларды тоголок таш же үлүлдүн ракушкаларынын ортосун тешип жасашкан. Тешиктен жип өткөрүп, каалаган узундукта жасап коюшкан. Бул буюмдардын кызматы бир нерсени бириктирүү же бекитүү эмес болчу. Аны жергиликтүү калк кара күчтөрдөн сактоочу сыйкырдуу тумар деп эсептешкен.
Скифтердин жана байыркы гректердин убагында ортосу тешилген майда тоголок таштарды кооздук үчүн колдоно башташкан. Мисалы, бут кийимдин үстүнө жабыштырып же китептин мукабасын кооздоп.
12-13-кылым
Топчунун кийимди бириктирүүчү кызматын ачкан деп аты белгисиз бойдон калган бир жоокер айтылат. Анын кызматы рыцарлардын кийимин тазалап, курал-жарактарын даярдап жүрүү болгон экен. Бир күнү ал кийимге кооздук үчүн тагылган ташка жип илип көрөт, кийимдин этеги эки жакка кетпей тыпыйып биригип калган экен. Ошондон баштап тоголок таштын кызматы өзгөргөн.
12-13-кылымда Европада топчунун актуалдуулугу жогорулаган. Денеге жабышкан жука кийимдерди тигүү менен бирге атайын топчу үчүн бүчүлөрдү да жасап башташкан. Топчулар алтын, күмүш, пилдин сөөгү сыяктуу кымбат баалуу таштардан жасалып, мындай топчусу бар кийимдер байлыктын символу болуп калган. Бийлик кедейлер байларды туурабасын деп алардын кийиминдеги топчулардын санына чектөө киргизген.
18-19-кылым
18-19-кылымда гана топчулар байлык катары эмес, массалык буюм, гардеробдун бир деталы катары жолун уланткан. Топчуларды айнек, жыгач, тери жана башка арзан материалдардан жасап отуруп, акыры пластмассага да кезек жеткен.