Кыргыз мода дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлү, дизайнер Арзубек Вонама менен маектештик. Жумушу, шоу-бизнес өкүлдөрү менен иштешүүсү, жакында Бишкекте өткөн ШКУ саммити үчүн даярдалган формалар жана ири мода көргөзмөлөрү тууралуу айтып берди. Келерки жылы үй-бүлө курууну пландап жатканын да жашырган жок.
– Арзубек мырза, мода дүйнөсү сизди жакшы тааныйт, билет. Ошентсе да өзүңүздү кантип сыпаттайт элеңиз? “Мен дизайнермин” деген сөзгө дагы эмнени кошо аласыз?
– Өзүмдү жөнөкөй адам катары эсептейм. Мени башкалардан айырмалап турган өзгөчөлүгүм – чыгармачылыкка болгон сүйүүм. Алдыма максат коюп, ага жетүүгө аракет кылган адаммын. Мен үчүн чыгармачылык – бул жөн гана кызыгуу эмес, өзүмдү таанытуунун жана жашоомду куруунун бир бөлүгү.
– Ар бир жумуштун өзүнө таандык кыйынчылыгы болот. Сиздин жумушта алар кайсылар?
– Эгер адамда талант болсо, кандай гана кыйынчылык болсо да жеңүүгө болот. Башында окуп жаткан учурумда бир аз оорчулуктарга туш болдум. Кийин жумушумду жаңы баштап жаткан учурда да кыйынчылыктар болуп жатты. Айрыкча элдин кеп-сөзүн көтөрүү, ар кандай сын-пикирлерге туруштук берүү башында бир аз кыйын болду. Баарын жеңдим. Азыр мурда айтылган сындар кайра айтылса, аларга такыр көңүл бурбайм. Андай сөздөр менин алдыга койгон максаттарыма тоскоол боло албайт.
– Сүйлөө маданиятыңыз өзгөргөнү байкалууда. Бул жаатта атайын өзүңүздүн үстүңүздөн иштедиңизби?
– Сүйлөө жагынан өзүмдү азыр жакшы деңгээлдемин деп айта алам. Жазуу жагынан да ошондой. Себеби кыргыз тилин, кыргыз адабиятын жана тарыхын жакшы билем. Чыгармачылыкты жаңы баштаган учурда бир аз тартынчаак болчумун, ошондуктан маектерде көбүнчө кыска жооп берип, оюмду кеңири айтуудан уялчумун. Азыр болсо камера алдында да, адамдар менен сүйлөшкөндө да оюмду эркин жана кеңири билдире алам. Мындай өзгөрүүгө жумушумдун да таасири чоң. Эл менен көп сүйлөшүп, баарлашып, тажрыйба топтогон сайын сүйлөө манерам да өзгөрдү.
– Шоу-бизнес өкүлдөрү менен дагы деле иштешип жатасызбы?
– Көпчүлүк билгендей, менин алгачкы кадамдарым кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрүнө байланыштуу болгон. Ырчыларга образ, сахналык кийимдерди даярдап, алардын формалары аркылуу элге тааныла баштагам. Кыргыз шоу-бизнесинин дээрлик 90 пайызы менен иштештим десем болот. Азыркы учурда шоу-бизнес багытындагы иштерим бир аз азайып, эл менен көбүрөөк иштешип жатам. Ошондой эле депутаттар, бизнесмендер, саясатчылар жана коомдогу белгилүү, жогорку даражадагы адамдар менен кызматташып келем. Бул – мага болгон ишеним жана мээнеттин акыбети деп билем.
– Ырчылар менен иштешүүнүн айырмачылыгы эмнеде?
– Ырчылар менен иштөөдө чыгармачылыкка кеңири мүмкүнчүлүк болот. Алар үчүн өзгөчө, улуттук жана сахнага ылайыктуу образдарды жаратып, жаңы идеяларды ишке ашыра алабыз. Ал эми карапайым элге күнүмдүк жашоого ылайыктуу, жөнөкөй жана ыңгайлуу кийимдерди тигиш керек болот. Анткени абдан оригиналдуу же сахналык кийимдерди күнүмдүк жашоодо кийүү дайыма эле ыңгайлуу боло бербейт. Каржылык жагынан караганда, карапайым эл менен иштөөдөн да жакшы киреше табам. Ар бир кардар өзүнүн табитине жана муктаждыгына жараша кийим тиктирет. Ошондуктан эки багыттын тең өзгөчөлүгү жана өз орду бар.
– Жакында Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун самитти үчүн даярдаган формаларыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Бул менин алгачкы ири иштеримдин бири болду. Мамлекеттик буюртманын негизинде бир жарым ай иштеп, жалпы 25 комплект форма даярдадык. Бул формалар аэропорттон президенттерди тосуп алуучу модель кыздарга, комузчуларга жана башка чыгармачыл топторго арналган. Айрым багыттар боюнча 150гө жакын форма даярдалды. Эң маанилүүсү – мен даярдаган формаларды эл аралык иш-чарага келген жыйырмадан ашуун өлкөнүн президенти көрдү. Бул мен үчүн чоң тажрыйба жана чоң ишеним болду.
– Мамлекеттик буюртма болгон соң жоопкерчилик да ошончолук күчтүү болуптур да?
– Албетте. Команда менен кеңешип, ар бир тапшырманы убагында аткарууга аракет кылдык. Маданият министрлиги тарабынан берилген тапшырмалардын баарын белгиленген мөөнөттө аткара алдык. Каржылык жактан да биз берилген бюджеттин алкагында иштеп, чыгымга учураган жокпуз. Ооба, бул иште материалдык пайда табуу эмес, кыргыз маданиятына салымыбызды кошуу мен үчүн маанилүү болду. Материалдык жагынан деле таарынткан жок. Мисалы, 200дөй форманы болгону 15 күндүн ичинде даярдап бүттүк. Бул иште 50дөн ашык чебер иштеди. Ар биринин өзүнүн милдети бар болчу: бири сайма жасаса, бири кийимдин узартуу иштерин, дагы бири тигүү, баш кийим даярдоо сыяктуу иштерди аткарды. Ушундай бөлүштүрүлгөн эмгек жана бирдиктүү команда менен чоң көлөмдөгү ишти кыска убакытта сапаттуу аткара алдык.
– Дизайнер менен стилисттин айырмасын баса белгилеп айтып келесиз...
– Анткени бул эки башка тармак көпчүлүккө кызык болушу мүмкүн. Дизайнер – мода жаратып, жаңы кийимдерди ойлоп таап, иштеп чыккан инсан. Мисалы, биз кийимди жаратып, белгилүү бир курактагы же аудиториядагы адамдарга ылайыктуу деп сунуштайбыз. Ал эми стилисттин милдети – даяр кийимди конкреттүү адамга туура айкалыштырып берүү. Анын жүзүнө, дене түзүлүшүнө, боюна, жашына жана жалпы образына жараша кийим, аксессуар, чач жасалгасы, макияж сыяктуу бардык деталдарды тандап, бир бүтүн образ түзөт. Демек, дизайнер кийимди жаратса, стилист ошол кийим аркылуу адамдын толук образын түзөт.
– Беш жыл мурун “ар бир кыргыз айымынын гардеробунда менин көйнөгүм болсо” деген экенсиз, максатка жетчүдөйсүзбү?
– Бүгүнкү күндө баарында болбосо да, көпчүлүк айымдардын гардеробунда мен тиккен кийимдер бар. Бул багытта дагы деле изденип, жаңы долбоорлордун үстүндө иштеп жатам. Азыркы учурда кийимдерим айрым айымдар үчүн кымбат болушу мүмкүн. Ошондуктан келечекте аларды жалпы элге жеткиликтүү кылууну көздөп жатам. Тилегим ишке ашат, келечекте ар бир айымдын гардеробунда кийимим болот деп ишенем.
– Сиз уюштуруп жаткан ири мода көргөзмөлөрүнүн масштабы тууралуу айтып берсеңиз?
– Чоң масштабдагы мода көргөзмөлөрү – биздин негизги долбоорлорубуздун бири. Мисалы, 5 миң көрүүчүнү чогулткан мода көргөзмөсү кыргыз модасынын тарыхында мурда болгон эмес. Албетте, ар бир көргөзмөдөн кийин анализ жасап, жооп издейбиз. Ошол тажрыйбалар кийинки долбоорлордо өсүүгө түрткү берет. Башында 300дөй адамды чогултсак, кийин 3 миңге, андан соң 5 миңге жеттик. Бул чоң көрсөткүч. Келечекте масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууну, кыргыз модасын өнүктүрүп, жаңы деңгээлге чыгарууну көздөйм.
– Жеке жашоодо качан жаңылыктар болушу мүмкүн?
– Жеке жашоодо да жакшы пландарым бар. Башкы максатым – өмүрлүк жарымды табуу. Буюрса, кийинки жылы үй-бүлө куруу тилегим бар. Жумушума байланыштуу адамдын мүнөзүн жана психикасын түшүнүү жагынан тажрыйбам көбөйдү. Болочок жубайымды тандоодо адашпаганга аракет кылып жатам (күлүп).
– Эл көзүндөгү адамсыз. Келбетиңизге кантип кам көрөсүз?
– Келбетиме дайыма көңүл бурам. Сырткы көрүнүшү адамдын өзүнө болгон мамилесин да көрсөтөт. Терим майлуу болгондуктан күн сайын туура кам көрүп, тазалыкка өзгөчө көңүл бурууга аракет кылам. Ылайыктуу кам көрүү процедураларын тандап, аны үзгүлтүксүз жасап турган жакшы. Сөзсүз кымбат процедуралар болушу шарт эмес.
Мээрим Дербишалыева