Биз социалдык тармакта

БЕЛЕК АЛУУ ЖАНА БЕРҮҮ ЖӨРӨЛГӨСҮ

Белек – бул бирөөдөн бирөөгө берилип, эстелик катары сакталуучу буюм. Кичинекей эле белек менен ата-эне, балдарды, жан шерикти, тууган, досту кубантып, ыраазычылык угууга болот. Белек берүүнүн да өзүнүн маданияты, өзгөчөлүгү бар. 

Берүүдө эмнелерди эске алуу керек?

• Бирөөгө белек берүүнү чечсеңиз, ал адамдын жаш курагын, табитин, эмнеге кызыгарын эске алганыңыз туура болот. Анан белекти эртерээк алып койгонуңуз оң. Эркек кишиге таттууларды, мисалы, торт берүү туура эмес. Ал эми айымдарга спирт ичимдиктерин: шарап, коньяк, шампан тартуулоо этикет нормасына жатпайт.

• Породалуу күчүк же башка жаныбар белекке берүүнү пландап жатсаңыз, анда сөзсүз түрдө ал адам менен кеңешип, макулдугун алышыңыз керек. Мүмкүн, ал жаныбарларды жактыра бербейт же аларды карап-багууга шарты жок.

• Китеп белек кылгыңыз келсе, ал адамдын кандай адабияттарга кызыгарын так билишиңиз керек. Атыр белекке берүүдө дагы ушул жагдайларды эске алып койсоңуз ашыкча болбойт.

• Белекти сөзсүз кооздотуп жасатып алууңуз абзел. Анын баасы көрсөтүлгөн болсо, аны алып коюңуз. Эгерде үйүңүзгө меймандарды чакырып жатып “эч нерсе алып келбеңиз” деген фразаны айткан болсоңуз, өзүңүз дагы бул тартипти карманганыңыз оң. Аларга белек берип ыңгайсыз абалга калтырбаңыз.  

Арзан белек болсо да кабак бүркөбөңүз!

• Белекти аларыңыз менен аны берген адамдын көзүнчө ачып, дароо ыраазычылык билдиришиңиз керек. Рахмат айтып жатып белекке эмес, аны тартуулаган адамга тике караңыз.  Канча адамдан белек алсаңыз, алардын ар бирине рахмат айтыңыз.

• Сизге тартуу кылынган нерселерди салыштырбаңыз жана эмоцияңызды башкара билиңиз. Анткени куттуктап келгендердин бири кымбатын, экинчиси арзанын, ал эми шарты жоктор куру кол деле келиши мүмкүн. Андыктан баалуусуна сүйүнүп, жупуну белекке унчукпай койсоңуз, конокторуңузду таарынтып алышыңыз ыктымал.

• Эгерде белек берүүчү өзү келе албай бирөөдөн берип жиберген болсо, дароо анын өзүнө байланышып ыраазычылык билдиришиңиз керек. Кээде сизге пайдасы тийбей турган белек алып калышыңыз мүмкүн. Андайда “кереги деле жок болчу”, “убара болбой эле койсоң болмок” деген сыяктуу сөздөрдү айта көрбөңүз. Жөн гана жылмаюу менен кабыл алып коё бериңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1241, 2-8-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан