Биз социалдык тармакта

Темирлан Сманбеков, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “ЖЕТЕКЧИ КЕЗДЕ НААМ АЛУУДАН КАЧЫП ЖҮРДҮМ”

Бостон, Мусулманкул, Акылбек карыя... Маектешибиз ушулар сыяктуу күчтүү каармандардын образын жаратуу менен көрүүчүнү миң түркүн таасирлерге жетелеген инсан – белгилүү актёр Темирлан Сманбеков. Сахнадагы жарым кылымдык эмгек бааланып, Темирлан агага жакында Эл артисти наамы ыйгарылды. Актёр менен ушул окуя жана чыгармачылык дүйнөнүн ысык-суугу жаатында кеп кылдык.

 

– Саламатсызбы, Темирлан агай, алган сыйлыгыңыз кут болсун! Көп күттүргөн сыйлык болду окшойт?                                 

– Саламатсыздар, рахмат! Эмгегиң бааланып турса, ого бетер шыгың артат экен. Жагымдуу болду, сонун көз ирмемдер менен коштолду. Албетте, бул наам мага кечигип келди, бирок мен буга таарынып же капаланган жокмун. Наам үчүн иштебейсиң да... Бирок эмгектин бааланып турганы жакшы көрүнүш. Наамды суранып, антип, минтип алган жокмун, өздөрү беришти. Ыраазымын.                    

– Эмгек сиңирген артист наамын алганыңызга көп болуптур. Аралыгы эмнеге узарып кетти деп ойлойсуз?                                  

– Анын бир топ себептери бар. Анткени акыркы жылдары театр жетекчиси катары аймактарда иштеп жүрдүм. Жети театрды көтөрүп бердим. Ар бир театрды төрт-беш жылдан эсептегенде деле 25 жылдай өмүрүм кетти. Театрга жетекчи болуп барган учурда наам алсаң “бул киши театрды көтөрүш үчүн эмес, наам алыш үчүн келиптир” деген сөздөр чыгат. Ачык айтсам, ошондой өйдө-төмөн сөздөрдөн качтым. Наам албай эле театрга кызмат кылайын деп жүрүп ушунча убакыт өтүп кетиптир. Азыр жетекчи эмесмин, ошондуктан тынчсызданбай ала берсем болот (күлүп).                                          

– Бул наам үчүн сизден да өтүп кубангандар барбы, болсо алар кимдер?             

– Менден өтүп кубангандар – ошол мен жетекчи болуп иштеп кеткен театрлардын кызматкерлери болушту. Телефон чалып куттукташып “агай, наам акыры сизди тапты. Өзүбүз алгандай кубандык” деп жатышты. Анткени алар эмгектин баасын  билген адамдар да. Эл арасында кубанып, сыймыктангандар болду, үй-бүлөм, балдарым, неберелерим, бир тууган, дос-жоро, айтор, баары мага эмес, аларга наам берилгендей кубанышты. Элден айланса болот, жүрөгү таза адамдарга абдан ыраазы болдум.                          

– Чыңгыз Айтматов сизди 27 жашыңызда “менин Бостонум” деген экен. Ошол окуяны өз оозуңуздан уксак...                         

– Ал окуя мындай болгон. Ал жылдары Орто Азия өлкөлөрү арасында театралдык фестиваль болгон. Мен Айтматовдун “Кыямат” чыгармасындагы Бостондун ролун аткаргам. Иш-чара Орус драма театрында өтүп, залда Чыңгыз агабыз өзү отурган экен, мен билген эмесмин. Бостондун акыркы монологун айтып туруп жыгылган жерим бар. Жыгылып жерде жатсам бирөө “тур эми, Босоке” деп далымдан таптады. Башымды көтөрсөм, Айтматов өзү турган экен. Көрсө, кубанганынан сахнага чыгып келиптир жарыктык. Саламдаштык, толкунданып анча элес албаптырмын. Эми ал залкар киши да, сүрдөйсүң. Жанымда жүргөндөр айтышты “менин эң мыкты Бостонум ушул жигит болду” деген экен. Баары угушуптур, “Темике, сен бул сөздүн баасын билишиң керек. Кандай бактылуу актёрсуң” деп калышты. Баса, кийин Чыңгыз агабыз Орусиянын телеканалдарынын биринде интервью берип жатып, биз сахнага алып чыккан ошол спекталь тууралуу жакшы пикирин айтканын уктум.                                    

 – Чыгармачылыкта сизди популярдуу кылган ролуңуз кайсы болду, кайсы курагыңыз болду?                             

– Театралдык окуу жайды Москвадан бүтүп келдим, анан дароо эле Каракол шаарындагы драма театрды ачтык. Ошол келгенден тартып эле жалаң башкы ролдорду ойной баштадым. Менимче, ошондо эле башталды биздин алтын доорубуз. Кийин Жаштар театрына, Улуттук драма театрга келдим. Ошондо Шекспирдин “Антоний менен Клеопатра” спектакли коюлуп, мен Антонийдин ролун жараттым. Чоң бийиктик, жашоомдун маанилүү этабы башталды. Ошондон ушуга чейин көп ролдорду аткарып келе жатам. Сабак берип, роль аткарып, анан жетекчилик ишим башталып кетти.                    

 – Сыйлык, мыкты ролдор, популярдуулук, баары болуптур жашооңузда. Ал эми эл билбеген кандай сыноолор же кыйынчылыктар болду?                                

– 2004-жылы Бакен Кыдыкеева атындагы театрга жетекчи болуп келдим. Ал кезде театр эмес, өлкө кылтыңдап араң-араң турган кез эле да. Бир системден экинчи системге өтүү этабы оор болду. Көп таланттуу актёрлор театрдан кетип калышкан кыйынчылыкка чыдабай. Ошондо жетекчи катары жаңы нерсе ойлоп табыш керек болду. Бакен Кыдыкеева тууралуу спектакль жаратып, аны кантип каржылоонун айласын таппайм. Аябай кыйналгам. Какпаган эшигим, барбаган кишим калбай айлам кетип турганда Ташкул Керексизов деген чыгаан инсан бар эле, көзү өтүп кетти. Ошол киши мени колдоп спектакль койгонго каражат бөлүп берген. Мен үчүн ушунчалык чоң кубаныч болгон, азыр да эстесем көкүрөгүмдү бир жылуулук каптап кетет. Анткени “ушул театрды кантип көтөрүп кетем, кайдан каражат табам?” деген ой менен жашап калгам да. Эң чоң кыйынчылык ошол жылдарда болду окшойт.              

– Театрда образга сүңгүп кирип, анын таасиринен көз жашыңызды токтото албай ыйлаган учур болду беле?                                           

– Андай көп эле болот. Актёр роль менен жашап калат да. Кечээ жакында эле “Атанын тагдырын” коюп жатканыбызда Акылбек карыянын ролун аткарып жатып көз жашымды токтото албай калдым. Токтоюн десем болбой шолоктойм. Образ жаратуу жагы бир тең, инсан катары атанын күйүтүн көкүрөк менен сезүү бир тең болуп, ички абалым көөдөндү жарып чыкты десем болот.                                  

– Кадимки актёр да, жетекчи да болдуңуз, кайсынысы оор?                               

– Экөө тең жеңил эмес. Жетекчинин түйшүгү да оор, образды иштеп чыгуунун да жолу татаал. Актёр-актрисаларды муштум менен башкара албайсың эч качан, сенин менеджерлигиң гана аларды кармап турат. Жаңы идеяларды таап, демилге көтөрүп туруш керек.                               

– Театрда сизди бушайман кылган жагдай кайсы?                                         

– Театрдын айлыгынын аздыгы, жаштардын кыйналып жатканы бушайман кылат. Айлыктар мурдагыга салыштырмалуу көбөйүп жакшы болуп калды, бирок жашоо деле ошого тең кымбаттап жатат. Театрда иштегендердин жашоо-шарты жакшы болсо экен деп бушайман болом.                             

– Кыйын учурда театрды таштап кетип калбай, азыркы жаштар басып жаткан жолду сиз деле басып өттүңүз. Каржылык абалыңыз качан жана кантип жакшырды?               

– Ооба, шарт жоктугунан мен деле үй-бүлөм менен жатаканада жашаган учурлар болду. Анан актёрлук менен бирге дыйканчылык кылгам. Жер ижарага алып иштеттим. Күндүз театрда иштечүмүн, түнкүсүн болсо таң атканча эгин сугарып дыйканчылык кылып жүрдүм. Арпа, буудай, сарымсак эгип жүрүп бутка турдум десем болот. Менин утушум – театрды таштабаганым болду.                                 

– Ушуга жете элекмин деген кандайдыр бир арманыңыз барбы?                                  

– Жок, арманым жок. Кудайга шүгүр, тагдырыма чексиз ыраазымын, баарын тегиз кылып берди.                                    

– Ден соолукта болуңуз, маегиңизге рахмат!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1241, 2-8-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан