Биз социалдык тармакта

Суран Садыбакасов, ырчы: “САХНАДАН АЛЫСТОО ОҢОЙ ЭМЕС ЭКЕН”

Ырчы Суран Садыбакасов менен кызыктуу жана ачык-айкын маектештик. Ал көп балалуу үй-бүлөнүн жоопкерчилиги, жубайы менен мамилеси, чыгармачылыкка кайрадан активдүү киришүү ниети, унутулуп бараткан кыргыз обондорун жаңыртуу зарылдыгы жана турмуш сабактары тууралуу ойлорун айтып берди.

 

– Саламатсызбы! Суран мырза, жакында уулдуу болупсуз. Бешик боо бекем болсун!

 – Саламатсыздарбы! Рахмат! Жетинчи наристебиз аман болсун. Келинчегим Айжанат “Баатыр эне” наамына ээ болду. Көп балалуу үй-бүлөнүн атасы болуу жеңил эмес. Бирок бул – чоң бакыт жана ар бир адамга эле буюра бербеген жоопкерчилик. Ар бир балага көңүл буруп, материалдык жана руханий жактан камсыз кылууга аракет кылыш керек. Колдон келишинче ар бир балабыз менен сүйлөшүп, колдоо көрсөтүп келебиз. Анткени ар кимдин өзүнүн маселеси, муктаждыгы болот. Бирөө мектепте окуса, экинчиси бала бакчага барат, дагы бири башка баскычка өтөт дегендей. Улуу балам быйыл мектепти аяктап, студент болду.                                          

– Үй-бүлөнүн бекемдигине жубайлардан кайсы сапаттар көбүрөөк талап кылынат экен?                                    

– Жубайым экөөбүз ыр дүйнөсүнөн таанышканбыз. Музыкалык билими жогору. Ар кандай иш-чараларга, тойлорго чакырылып, чогуу дуэт ырдап жүрөбүз. Убакыттын өтүшү менен Айжанат үй-бүлөлүк жашоого көбүрөөк көңүл бура баштады. Экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшүп, ар дайым колдоп келебиз. Менимче, үй-бүлөнүн бекем болушунда ата-энелерибиздин мамилеси да роль ойнойт. Жубайымдын ата-энем менен жакшы мамиледе болгону мага жакшы таасир берет. Апам да, келинчегим да ачык-айрым жандар. Убакыт өткөн сайын келинчегим апамдай эле болуп баратат. Үй-бүлөдө айымдын түшүнүктүү болгону жакшы экен. Бири-бирибизди түшүнүү – биздин мамилебиздин негизги түркүгү деп ойлойм.

 – Демек, үй-бүлөдөгү бактылуулуктун негизи түшүнүшүп жашоодо?

 – Бактылуу үй-бүлөнүн пайдубалы – биринчи орунда жубайлардын бири-бирине болгон ишеними. Жубайлар бири-бирин сыйлап, түшүнүп, ар дайым колдоп турушу маанилүү. Үй-бүлөдө ар ким өз жоопкерчилигин так билип, маселелерди акылдашып чечсе, көп нерсе жеңил болот. Менин оюмча, үй-бүлөдө аялзатынын бактылуу болушу да абдан маанилүү. Анткени аялдын маанайы, үйдөгү жылуулук көп жагынан үй-бүлөнүн жалпы абалына таасир берет. Албетте, ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн шарты, өзүнүн ички мыйзамдары бар. Эң негизгиси – бири-бирин түшүнүп, сыйлап жашоо. Ар бир үй-бүлөгө бакыт, ынтымак жана береке каалайм.

 – Жубайыңызга айтайын деп, бирок айта албай жүргөн сөздөрүңүз барбы?

 – Оюмдагыны ачык айтууга аракет кылам. Бирок адам болгон соң, айрым учурларда эмоцияга алдырып же намыстанып, айтайын деген сөзүңдү ичке катып айта албай калган учурлар да болот экен. Кээде кечирим сурай турган, бирок сурабай калган учурлар болгон. Азыр ойлосом, айта албай жүргөн сөздөрүм деле жок экен. Бирок кечирим сурай турган жөнүм бар. Ооба, жогоруда айткандай, айрым учурда адамдын ичинде намыс, өзүнүн жеке эмоциясы туруп алып, айтыш керек болгон сөздү айтууга тоскоол болот.

 – Чыгармачылыкты сүйлөшсөк... Ырчы катары азыркы деңгээлиңиз сизди канааттандырабы?

 – Азыркы тапта үй-бүлөмдү материалдык жактан камсыз кылайын деп аракет кылып жүрөм. Буюрса, жакшы деңгээлде концерт уюштуруп, көрүүчүлөргө сапаттуу эмгектерди тартуулагым келет. Албетте, жаңы клиптер жана башка долбоорлор планда бар. Акыркы 3 жылдан ашык убакыт үй-бүлөлүк маселелер, финансылык иштер менен алек болуп калдым. Ошондуктан чыгармачылыкка толук көңүл бурууга убакыт тартыш болуп жатты. Жакшы жаңылыктар болот, буюрса. Чыгармачылыктан алыстап кетүү оңой эмес экен. Көптөгөн ага, эжелерибизди көрүп жүрөбүз, “сахнадан кеттим” деп атайын концерт берип коштошот, бирок бир-эки жылдан кийин кайра сахнага чыгышат. Анткени элди, сахнаны, көрүүчүлөрдүн колдоосун сагынышат. Менде да ошондой сезим бар.

 – Ырчыда музыкалык табит маал-маалы менен өзгөрүп турабы? Сизде кандай, мисалы?

 – Ар бир чыгармачыл адамдын өз тагдыры, өзүнүн жолу болот. Кээ бир ырлар убакыттын өтүшү менен унутулса, айрымдары элдин эсинде түбөлүк калып, муундан-муунга өтүп жашай берет. Менимче, чыгарманын баалуулугу анын адамдын жан дүйнөсүнө таасир берип, руханий жактан байыта алышында. Мекен, ата-эне, бир тууган жаатында ыр чыгарсам деген оюм бар. Азыр Батыш музыкасынын таасири күчтүү болгондуктан, музыкалык табит да өзгөрүп жатат. Кыргыздын унутулуп бараткан жакшы обондорун, кайрыктарын жана мурастарын кайрадан жаңыртып, элге жеткирүү маанилүү. Айылда чоңоюп, элдик музыканы, эски обондорду угуп өскөнүм да чыгармачылык табитиме таасир берген. Мага диапазону кең, драматургиясы терең, күчтүү жана мелодиялуу чыгармалар жакын. Ушундай музыка менин табиятыма жана чыгармачылык дүйнөмө көбүрөөк туура келет. Кыскасы, музыкага болгон табитим өзгөргөн жок.

 – Жаш ортолоп, турмуштук тажрыйба көбөйгөндөн кийин эмнени так түшүндүңүз?

 – Өткөн өмүрүмдү таразалап көрсөм, эң негизги түшүнгөнүм – адам баласына берилген убакыт абдан кыска экен. Жылдар өткөн сайын жашоонун чыныгы маанисин түшүнө баштайт экенсиң. Мурда болбогон нерселер үчүн тынчсызданып, айрым майда маселелерди абдан чоңдой кабыл алып, кээде адамдарга ойлонбой сөз айтып же керексиз нерселерге убакыт короткон учурлар болот. Турмуштук тажрыйба адамды сабырдуулукка, түшүнүшүүгө жана жашоого жеңилирээк көз караш менен кароого үйрөтөт экен. Жашоону ашыкча оорлотпой, бири-бирибизди колдоп жашасак, дүйнө да жеңилирээк болот.

 – Кайсы ырыңыз өзүңүзгө өзгөчө таасир калтырат?

 – Өзүмдүн бардык чыгармаларым өзгөчө (күлүп). Албетте, жан дүйнөдөн өзгөчө орун алган ырлар бар. “Ак булуттар”, “Нестан Дарежан”, “Зарыкканда”... Бул чыгармалар менин жан дүйнөмө өзгөчө сиңип, угармандарымдын арасында да жакшы кабыл алынган ырлар. Бүгүнкү күнгө чейин ушул чыгармаларды сурап, жакшы пикирлерин айтып жүргөндөр көп. Ошондуктан кайсы жерге барбайын, бул ырларды сөзсүз суранышат. Албетте, репертуарымда башка да көптөгөн чыгармалар бар. Бирок ушул ырлар менин чыгармачылык жолумда өзгөчө орун ээлеп, ырчы катары калыптанышыма чоң таасир берген эмгектердин катарына кирет.

 – “Зарыкканда” деген ырыңыздын автору Аскат Жетиген мырза сыноого кабылып, жакында эркиндикке чыкты. Кандай колдоо көрсөттүңүз?

 – Ооба, Аскат Жетиген эркиндикке чыкты. Алтын башын куттуктайм. Жакында концерт берет экен, жакшы өткөрүп алсын. Сөздүн ачыгы, мен Аскатка жолуга элекмин. Абакта отурганда сырдашып, 3-4 саат отургам. Азырынча менде анын телефон номери жок. Байланыша элекпиз. Концертинин алдында жолугуп, ийгилик каалайын деп турам.

 – Сизге үй-бүлөлүк бакыт жана чыгармачылык эргүү каалайбыз.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1241, 2-8-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан